Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Үч нерсе көңүлдү өлтүрөт




Үч нерсе көңүлдү өлтүрөт


* Дененин рахаты үчүн аз жеп-ичүү керек, рухтун рахаты үчүн болсо күнөө кылбаш керек.

* Дүнүйө зоокторуна берилгендик – бул напсини азыктандыруу. Ал эми напсиге душмандык кылууга буйрулдук. Анткени, напси - Аллаху тааланын душманы. Бизге напсиңерди баккыла деген эч кандай буйрук жок, жүрөгүңөрдү (көңүлүңөрдү) чыңдагыла деген буйрук бар. Напсиге душмандык риязат жана мужахада аркылуу болот. Риязат – напсинин каалоолорун жасабоо. Мужахада – напси каалабаган нерселерди кылуу.

* Электр тогу катаны кабыл албайт. Аллаху таала электр тогун жаратты. Пайдасы ар түрдүү, бирок, колун тийгизгенди күйгүзөт. Тутанып кетсе үйлөр өрттөнөт. Бул колдонууга жараша өзгөрөт. Суунун пайдасы көп, бирок, сел үйлөрдү бузат. Башкача айтканда, пайдалары да, кемчиликтери да бар. Напси да ушундай. Напсисиз болбойт. Эгерде напси Исламды карманып, багындырылса жылыш болот. Башкача айтканда, ичибиздеги бул макулукту жакшы таанып, аны Ислам менен багындыруу керек. Напси сенин ыйман келтирип, арамдардан сактанып, парздарды кылууңа тоскоолдук кылбасын.

* Ар бир дене мүчөсүнүн, жүрөктүн жана напсинин ырахат ала турган нерселери ар башка. Напси арам кылуудан ырахат алат. Анткени, анын азыгы - арам.

* Бир нерсеге болгон умтулуу жана аракет - бул ага болгон сүйүүнүн натыйжасы.

* Момундун мүрзөсүндө жүзүнүн кыбыладан бурулуп көрүнгөнүнүн себеби - анын дүнүйөгө болгон сүйүүдөн улам өлгөндүгү.

* Атактуу болууну эңсеп күйгөн адамга чынчылдык насип болбойт.

* Үч нерсе жүрөктү (көңүлдү) өлтүрөт: Көп сүйлөө, көп уктоо жана көп жеш.

* Көздү арамды кароодон жана башкалардын кемчилигин көрүүдөн сактоо керек!

* Мурда жакшылык кылышчу, айтышчу эмес. Андан кийин кылып да, айтып да башташты. Эми болсо кылышкан жок, бирок, айтып жатышат.

* Салихтер менен бирге бол! Эгер илимдүү болсоң илимиң аларга пайдалуу болот. Эгер илимдүү болбосоң, алардан бир нерселерди үйрөнөсүң. Аллахты эстебегендер менен бирге болбо! Эгер илимдүү болсоң да, илимдин аларга пайдасы болбойт. Эгер илимдүү болбосоң, көбүрөөк зыянга учурайсың. Эгер Аллах аларга каардана турган болсо сен дагы куруйсуң. Эгер жакшылар менен бирге болгонуңда Аллах аларга ырайым кыла турган болсо, татыксыз болсоң дагы, сен да ошол ырайымдан пайда аласың.

* Эгерде бир адам салихтер сыяктуу амал кылса; бирок, күнөөкөрлөр менен бирге болсо, анын кылган жакшылыктары текке кетет жана кыяматта жамандар менен тирилет. Эгер бир адам жамандар сыяктуу амал кылса, бирок, салихтерди сүйсө, алар менен бирге болсо, анын күнөөлөрү жакшылыкка айланат, жакшылар менен тирилет.

* Аллаху тааланы тааныган адам аны сүйөт. Ал эми аны сүйгөн адам диндин буйруктарын аткарат. Арамдардан сактанат. Буларды, тагыраагы, буйрук жана тыюуларын аткарбай туруп, мен Аллахты тааныйм жана аны сүйөм деп айтуу туура эмес болот. Сүйүүнүн бир аныктамасы – бул баш ийүү. Сүйүүнүн даражасы баш ийүү менен өлчөнөт.

* Эң маанилүү нерсе Ахли сүннөт ишениминде болуу, андан да маанилүүсү өзү ишенген Ахли сүннөт ишенимине эч кандай кошумча-үзүндүлөрдү жасабастан, кандай болсо, ошондой жайылтуу.

* Ар ким акыреттин жолоочусу. Кандайдыр бир унаа каражат менен барылууда. Бирок, туура эмес унаага отурган адам өзү каалаган жакка эмес унаа кайда барса ошол жакка барат. Каабага барууну ниет кылып Парижге барчу учакка отурган адам ниети таза болсо да Каабага бара албайт. Аллаху таала туураны издегенге чыныгы Исламды берээрин убада кылган. [Анкабут 69, Шуура 13], Аллах убадасынан кайтпайт. [Али Имран 9]

Демек, жаңылыш жолдогулар кааламак турсун кызыгып да коюшпайт. Акыйданы оңдоодон мурун ибадат кылуу пайдасыз. Туура итикад бул –  ахли сүннөт итикады. Туура итикад санына окшош. Ихлас менен кылынган ибадаттар анын оң жагына коюлган нөл санына окшош. Бир нөл коюлганда 10, эки нөл коюлганда 100 болот. Оң жагына канчалык көп нөл коюлса анын баасы ошончолук арта берет. Эгерде 1 алып салынса, баары 0 болот. Ихлассыз [рия менен] кылынган амалдар сол жактагы нөл сыяктуу, тагыраагы, санынын сол жагына коюлган нөл сыяктуу эч нерсеге жарабайт. Эгер Ахли сүннөт итикады жок болсо, ибадаттарынын эч кандай пайдасы болбойт, сол жактагы нөл сыяктуу кадырсыз. Мына, бул ушунчалык маанилүү болгондуктан, Убайдуллах Ахрар хазреттери: "Эгер бардык кереметтерди бизге беришсе, бирок, итикадыбыз туура эмес болсо, анда жагдайыбыз начар. Эгер бардык жамандыктарды беришсе, бирок, итикадыбыз туура болсо, анда эч кайгырбайбыз”, - деген эле.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш