Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Силердин айыңардар эч ким Тозокко кетпесин




Силердин айыңардар эч ким Тозокко кетпесин


Даанышман заттар айтышат:

Ушундай жашайлы жана ушундай сүйлөйлү; биздин айыбыздан эч ким Тозокко кетпесин.

* Диний суроолорго берилген жоопторго көңүл буруу керек. Анткени, жооп берүү оңой эмес. Жооп бергендер дагы акыретте эсепке тартылышат. Жооп берип жатып, мутабар (абройлуу) китептерден накылды негиз катары алуу шарт.

* Эгер Аллаху таала бир адамга бир улуу затты тааныткан болсо, эмнени таанытпады; бир улуу затты таанытпаган болсо, эмнени таанытты?

* Мевлана Халиди Багдади хазреттери: "Аллаху тааланын бир пендесин сүйбөгөнүнүн белгиси – бул жолдун улууларына каршы чыгуусу”, - деп айтууда.

* Эгер момун момунду Аллах үчүн сүйүү менен караса, Аллаху таала бардык күнөөлөрүн кечирет.

* Раббине ишенген пендеге Аллаху таала жардам берет. Акчага, мал-мүлккө, тиги-буга ишенгенди ишенгени менен жалгыз калтырат.

*Аллах үчүн болгон иште сүйүү бар. Дүнүйө үчүн болгон иште сүйүү жок. Дүнүйөнүн табиятында сүйүү жок. Аллаху таала дүнүйөнү жараткандан бери бир да жолу ырайым көзү менен караган эмес. Дүнүйө – напси менен жана шайтандын кутуруусуна жардамчы болууда. Адамдын дүнүйөсү көбөйгөн сайын напси кутурат, бой көтөрүүсү, текебердиги көбөйүп, көзөмөлдөн чыгат. Акыретти таштап, дүнүйөсүн гана көбөйтүш үчүн күнү-түнү эмгектенүү, азап-кайгыны, кыйынчылыкты, сүйүүсүздүктү арттыруу – акмактыктын белгиси.

* Бир жүрөктө эки сүйүү болушу мүмкүн эмес. Эгер бир жүрөктө дүнүйө сүйүүсү бар болсо, ал адамда Аллахка болгон сүйүү болбойт. Болбогондон кийин бардык жерде, үй-бүлөсүндө, жумушунда сүйүүсүз.

* Кээ бирлерди абдан жакшы көрүшөт, кээ бирлеринен качууга аракет кылышат. Эгер изилдене турган болсо, анын түбүндө сөзсүз башка бир сүйүү бар экени көрүлөт. Аллахтын сүйүүсү болгон жүрөктө ихлас бар. Ихлас бар болгон жүрөктө Аллахка болгон сүйүү бар. Ихлас менен дүнүйө карама-каршы. Дүнүйө – напси менен шайтандын тузагы.

* Байлыктагы сыноо тардыктагыга караганда кыйыныраак. Анткени, тардыкта дайыма Аллах деп айтылууда. Байлыкта болсо эске келгенде гана айтылууда. Бул абдан кооптуу.

* Бир муршиди камилдин шакиртине эмне кылынса, ал устазына барат. Устазынын шакиртин чындап сүйбөгөн адам устазын тааный албайт, устазынан эч пайдалана албайт.

* Ахли сүннөт ишениминде болуу, улууларды, башкача айтканда, олуя заттарды таануу чоң немат. Тааныгандан кийин айрылуу дагы чоң балээ. Айрылгандар менен бирге болуу да чоң балээ. Айрылгандар менен бир болуу гайдука жыланы менен болуудан да коркунучтуу.

* Ыйман – бул Аллаху тааланын өзгөчө ихсаны. Анткени, бирөөгө бир нерселер түшүндүрүлөт, бирок, ыйманды Аллахтан башка эч ким бере албайт. Эгер Аллаху таала бир кулуна ыйман берген болсо, демек, ихсандардын эң чоңун бериптир. Эми ошол кулдун бир тыйынды эсептөөсү, момун боордошун гыйбаттап, ушак айтуусу абдан жаман.

* Фасык болсо да, ахли сүннөт ишенимине ээ болгон бир момундун жүрөгүндөгү нурду дүнүйөгө чыгарышса, ыйманынын нуру күндүн нурун жабат. Момун ушунчалык кадырлуу.

*Бири-бирибизди сүйөлү. Өзүбүздү бир нерсе деп ойлобойлу. Эч бир мусулманды кемсинтпейли. Көптөгөн мас кишилер ыймандуу кетишкен. Көптөгөн аалымдар же өзүн шейх кылып көрсөткөндөр болсо ыймансыз кетишкен.

* Акыр заманда ыйман менен өлгөндөр аз болот. Катуу коркуу зарыл.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш