Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Даттанбагыла, сабыр кылгыла




Даттанбагыла, сабыр кылгыла


* Даанышман заттар айтышат:

Улуулардын жолу түйшүктүү. Жокчулук болот, оору болот, кордук болот. Адамдардын кемсинтүүсү, ал тургай зулумдук болот. Бул – бир сүннөт, улуулардын жолу. Алар бул жолду басып өтүшкөн. Күндөрдүн биринде кутман сахабалардын кээ бирлери кайгыларын айтуу үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссаламга келишти. Алар капырлардын кыйноолору көбөйгөндүгүн айтышты. Пайгамбарыбыз болсо: "Даттанбагыла. Силерден мурункулар дагы кыйноого кабылып жатышкан эле. Бирок, алар даттанышкан жок. Силер дагы даттанбагыла, сабыр кылгыла”, - деди. 

* Мурунку пайгамбарлардын үммөттөрүндө күнөө кылгандары аз эле. Анткени, күнөө кылгандар куручу. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын урматы үчүн бул үммөт курубоодо, күнөөкөрлөрү көп. Бул үммөткө күнөөлөрдөн кутулуу үчүн эки немат берилди: 

1) Калимаи таухид нематы. Калимаи таухид 99 рахматтын ачкычы. Эгер бүткүл дүнүйө таразанын бир жагына коюлса, экинчи жагына калимаи таухид коюлса, калимаи таухид оор басат. Калимаи таухиддин жанында дүнүйөнүн салмагы океандагы бир тамчыдай болот. Аллаху тааланын каарын өчүрүүчү бул - калимаи таухид. 

2) Экинчи жакшылык – Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын шапааты. 

* Төрт нерсени кичине болсо дагы кичине көрбөө керек:

1- Оору,

2- От,

3- Душман,

4- Зыян. 

* Биз дүнүйөгө мал-мүлк чогултуу, ээлик кылуу үчүн келген жокпуз. Биз жолоочубуз. Дүнүйө болсо бир унаа, акыретке алып баруучу унаанын аты. Өзү турган мейманкананын бөлмөсүнө, минген унаасынын отургучуна ээлик кылган адамга күлүшөт. Дүнүйөгө ээлик кылган адам да ушундай абалда. 

* Эгер адам өзү үчүн башка бирөөгө ачууланса, бул напсиден болот. Анын пайдасы эмес, зыяны болот. Эгер башка бирөө үчүн ачууланса, бул диний кайраттан улам болот. Бул сөздөрдүн пайдасы болот. Эгер бир адам мээсинен айтып жатса балээ болот. Эгер чын жүрөктөн айтып жатса, сүйсө да жагымдуу, урса да жагымдуу. Эгер напси үчүн болсо ачуулануу, алдындагы адамга жардам берүү үчүн болсо бул кайрат деп аталат. Кайраттан коркпоо керек.                                                                                          

* Бир коомдо ар бир адам өз милдетин аткарышы керек. Организмдин иштеши органдардын жакшы иштешинен көз каранды. Эгер сааттын тиштеринин биринде сынык болсо, саат иштебейт, туура көрсөтпөйт. 

* Башчы болуу – акыретте өкүнүч. Башкарууда отургандар, башында тургандар акыретте эл алдында колу байланган абалда эсепке тартылышат. 

* Акылга баш ийүү эч туура эмес, адамды адаштырат. Ар дайым кеңешүү зарыл. Улуулар иштин маанилүүлүгүн түшүндүрө алуу максатында кеңешүү үчүн бирөө жарымды таппай калганда, даракка селде ороп, аны менен кеңешип, жүрөгүңө келген ишти кыл дешкен. 

* Каза жана тагдыр өзгөрбөйт. Бирок, кабыл болгон дуба келип жаткан балээ-кыйынчылыктын алдын алат. Ошондуктан, дуба алууга умтулуу керек. 

* Кубангыла, сүйдүргүлө, кубанткыла. Силерди сүйгөндөр болсо сүйдүрүшөт, кубантышат. 

* Жомарттын тамагы шыпаага, сараңдын тамагы ооруга айланат. 

* Акыл туура жолго жеткенге чейин керек. Жеткенден кийин акыл бул акыл эмес, акылсыздык. Мевлана хазреттери: "Устазымды таптым, акылымды таштадым жана кутулдум”, - деп айткан эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш