Рухтун азыгы эмне?


* Өзүңөргө эмес, улууларга баш ийип, иш жана ахлагыңарды оңдогула. Масива менен алектенген адам суу чарыгын айланткан аттай тегеренип тура берет.

* Башчы болуу сүйүүсүнө чалдыккан адам мындан ары ибадаттан жана ихластан ажырайт.

* Тынчсыздыктын башаты экөө: Биринчиси – билбөө, башкача айтканда, илмихал окубоо, үйрөнбөө. Экинчиси – билгенин колдонбоо.

* Эки киши чогулса, ушак айтпагыла, гыйбат кылбагыла, Аллах дегиле. Жалаң дүнүйөнү ойлогон адамдар менен жолукпагыла, дүнүйө сүйүүсү силерге да таасир этет. Зарыл учурларда ажатканага баргандай жолугууга болот.

* Бир момун боордошуң тууралуу жагымсыз бир ишти укканыңда, жетимишке чейин үзүр (кечирим) эшиги бар. [Тактап айтканда, муну баланча жүйөөлүү себеп менен кылган чыгаар деп жетимиш шылтоо табуу керек.]

* Пайдасыз сүйлөгөндөр менен достошпогула. Бидатчыдан, арам иш кылган адамдан качкыла. Адамдардын кемчилигин көрбөгүлө, адамдардын кемчилигин көргөн адамдардын бутасына айланат.

* Эң чоң коркунуч – бул өзүңүздү тааныбоо. Аллаху тааланын нематтарын унутуу, өзүңдү бир нерсе деп эсептөө.

* Кандай жашасаңар ошондой өлө турганыңарды билип койгула.

* Капыр болобу, фасык болобу эч кимдин баддубасын (каргышын) албагыла.

* Чындык менен жалганды ажыратуу бул дүнүйөдөгү эң кыйын нерсе. Кээ бирөөлөр акыретте чындык деп эсептеген нерселери жалган экенин көрүшөт жана курудук дешет! Кээ бирөөлөр чындыкка жалган деп кол салышат, чабуул жасашат жана өкүнүп калышат. Кээ бирөөлөр болсо жалганга чындык деп жармашышат жана айласы кетип, азабын тартышат.  Ошондуктан, ар бир мусулманга үйрөтүү үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деген:

"Йа, Раббим! Мага туураны туура катары билдире көр жана туурага баш ийүүнү насип кыла көр. Аллахым, жаңылышты болсо жаңылыш катары билдире көр жана андан сактанууну насип кыла көр. Мен жалганга чындык деп жармашып калбайын.”

* Поезддеги, кемедеги, учактагы эмне болсо биз ошолбуз! Анткени, дүнүйө айланууда деп айтуу – бул кыймыл дегенди билдирет. Кыймылдоо – бир жерге баруу дегендик. Анткени, ал токтобогондуктан, өмүр тынымсыз бир жерге барууда. Бул поездде убактысы келгендер түшүүдө, кеткендер отурууда. Болбосо күнүгө өлгөндөр бар, күнүгө төрөлгөндөр бар. Бул поезддегилер шаң-шөөкөт менен жашайбы же кайгы менен жашайбы, эмне айырмасы бар? Жүргүнчүгө бүткүл падышачылыкты берсеңиз, жүргүнчүнүн бир нерсеси өзгөрөбү? Бирок, падышачылык калганга гана татыктуу. Калуучуга (түбөлүктүүгө, туруктууга) татыктуу. Калуу да керек. Бул дүнүйөдө эч нерсе калбоодо. Көптөгөн шаарлар курулду, мамлекеттер ыдырады, сүйүктүүлөрдүн кебетеси кетти, эмнеге жарады? Туруктуу нерсеге талапкер болуу керек. Эненин курсагындагы бала төрөлүү үчүн. Эненин курсагында жашоо үчүн эмес! Төрөлгөн бала, адам болсо өлүү үчүн жаратылган. Бул туруктуу эмес!

* Баары ниет менен болот. Баары ниетке жараша болот. Ниетсиз эч нерсе болбойт. Эгер бирөө жол белгилерин карабай автобандарга туура эмес кирсе, өмүр бою жүрсө, эч жерге бара албайт, каалаган жеринин жанынан өтө албайт. Ошондуктан, ниет жол белгиси сыяктуу. Жол белгиси сизди өзүңүз каалаган жакка алып барат. Болбосо, жол белгиси сизди бир жерге алып барууга милдеттүү эмес. Сиз карайсыз. Тандооңузду жасап, андан кийин барасыз. Мына, ниет да ушундай. Жакшы ниет менен кылган ар бир ишибиз биз үчүн сооп. Жаман ниет менен кылган ар бир ишибиз күнөө. Ниетсиз жасалган иштер же бар же жок. Андай нерсе болбойт ансыз деле. Ниетиңиз оозуңузда болбосо да, сөзсүз жүрөгүңүздө бир багытыңыз бар. Анткени, башкача болбойт.

* Мүдөөңөр, максатыңар жол белгиси болуу болсун. Ахли сүннөттү көрсөтүү үчүн, Аллаху таала ыраазы болгон багытты көрсөтүү үчүн, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын сүйүүсүнө жана ыраазылыгына жеткирүү үчүн жол белгиси болгула.

* Рухун  өлтүргөн адам акыретте балээге дуушар болот, азапта болот жана отко күйөт. Анда рухту өлтүрбөш үчүн эмне кылуу керек? Азыктандыруу керек. Эртең менен жана кечинде тамактангандай эле, рухун да тамактандыруу керек. Рухтун азыгы эмне? Рухтун биринчи азыгы – ыйман, экинчиси – намаз, үчүнчүсү – орозо, сукбат, илмихал. Башкача айтканда, руханий азыкка муктаж.

* Нух алейхиссаламдын уулу кемеге отурган жок. Тоого чыгам, аман калам деди. Ал акыры чөгүп кетти. Аллаху таала анын үй-бүлөсүн жана урпактарын коргоону убада кылган эле. Ошондо аталык мээрими менен Аллаху тааладан анын сырын сурады. Аллаху таала айтты:

"Сенин үй-бүлөң сенин тегиңен келгендер эмес, алар - сени ээрчигендер.”

* Бардык маселе биримдикте, ынтымакта. Биримдикде жана ынтымакта болсоңор силерге эч ким зыян келтире албайт. Өзүңөрдү сүйбөгүлө. Өзүн сүйгөн адам сүйүлбөйт. Өзүн сүйбөгөндү баары сүйөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш