Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Элестин идеалы болбойт




Элестин идеалы болбойт


* Күзгүгө караган кезиңизде өзүңүздү көрөсүз. Сиз ошол күзгүнүн кайсы жериндесиз? Ичиндесизби, сыртындасызбы? Эгер күзгүнүн ичинде десеңиз калп болот, ичинде эмессиз. Эгер жок десеңиз болбойт, караганда көрүп турасыз. Көрүнгөн нерсе өзүңүзсүзбү, ал көрүнүп турган нерсе эмне? Жипке ташты байлаңыз, ылдам айландырыңыз, таш айланганда бир айлананы көрөсүз. Бул "нокта-и жаввала” делген айлана барбы же жокпу? Эгер бар десеңиз, анда таш айланбаганда айлана жок болууда. Эгер жок десеңиз таш айландырылганда айлана көрүнөт. Бирок, чындыгында айлана жок. Бул көрүнгөн айлана эмне, кайда? Имам Раббани Хазрети мындай дейт: "Бул экөө тең негизи жок болуп, биздин элесибизде пайда болгон иллюзия, образдар. Мына, дүнүйө да чындыкта жок жана жок боло турган бир көрүнүш. Дүнүйө жашоосу – элес. Чындык – акырет жашоосу. Бул дүнүйө жашоосу акыреттин чыныгы жашоосунун күзгүсү сыяктуу. Күзгүдөгү сүрөттөлүш биразга токтоп, маңдайындагы чындык алынганда, ал эми тегеректин элеси таш бурулбай калганда жок болгон сыяктуу, дүйнө да бир күнү жок боло турган элес. Чындык болсо – акырет жашоосу. Дүнүйө жашоосу чындык болгон акырет жашоосунун күзгүдөгү элеси, көрүнүшү сыяктуу. Күзгүдөгү көрүнүш бираз убактан кийин каршысындагы чындык кеткенде көрүнүш жок болгондой эле, таш айландырылбаганда айлана көрүнүшү жок болгондой эле, дүнүйө дагы бир күнү жок боло турган көрүнүш. Кыялдын артынан жүгүргөн адам кыялкеч болот. Элестин идеалы болбойт. Адамдын идеалы иллюзия болгон бул дүнүйө болбоого тийиш.

* Эне-атанын акысы абдан маанилүү. Себеби, Аллаху таала ушундай деп билдирүүдө. Андан кийин устаздын акысы келет (убакыт жагынан). Анткени, адамды оттон куткарган, динин үйрөткан - ал. Башчынын акысы да абдан маанилүү. Себеби, Аллаху таала анын колу аркылуу ырыскысын берүүдө. Бардык бул акылар Аллаху таала билдиргендиктен бар. Болбосо Аллахтын акысынын жанында нөл болот. Себеби, сени сен кылган, жараткан, ар бир көз ирмемде бар кылып турган, бүт нерсеңди берген – Ал. Аллахтын акысы эмне? Биринчиси, Аны таануу, башкача айтканда, ишенүү. Кантип таанып ишенесиң? Өзүнөн-өзү таанып ишенүү болбойт. Ал билдиргендей таанып ишенесиң. Бул кандай болот? Бул Анын Расулу, Хабиби Мухаммед алейхиссалам билдиргендерге ишенүү, бардыгын жактыруу жана шарттарын орундоо аркылуу болот.

* Бир адам түшүндө Мухйиддин Араби хазреттерин көргөн экен. Даражасы абдан бийик болуп, улуу инсандарга вааз (насаат) кылып жаткан экен. Ошондо: "Мырзам, биз сиздин даражаңыздын мынчалык бийик экенин билчү эмес элек”, дегенде, "Андай эмес, андай эмес. Адамдар мага ушунчалык жалаа жаап жатышат, алар жалаа жапкан сайын көтөрүлүүдөмүн. Бул даражага ошентип жеттим”, - деген экен.

* Бул дин адамдын өзүнө баш ийүүсүн жокко чыгарган, суроону, сураганына моюн сунууну буйрук кылган дин.

* Кимде-ким өз акылы менен чечим чыгарып, иш кылса өкүнүп калат.

* Адамдын напси: "Меники туура, мен билем, эч кимге муктаж эмесмин” – дейт. Бирок, Аллаху таала Расулуна: "Сен бир нерсеге чечим чыгарардан мурун сахабаларың менен кеңеш”, - деп буюрууда.

* Исламияттын негизи – адамдын напсине каршы чыгуусу жана текеберлигин сындыруусу. Адамдын напсин сындырган эң негизги нерсе – бирөөнөн бир нерсе суроо. Эмне үчүн? Себеби, напси сураганды жактырбайт жана каалабайт. "Ал дагы мага окшош адам”, - дейт.

* Бир нерсеге ээлик кылган адам ээсиз калат. Ээлик кылбаганга баары арка болот.

* Жүрөктүн дабаасы – диний илим.

* Эгер бирөө сизге жакшылык кылса, сиз болсо ага жамандык кылсаңыз, анда күфран-и немат кылган болосуз. Муну кылган адам "нанкөр” (жакшылык, кадыр билбес) деп аталат.

* Ихлассыз иш жасалма акчага, ичи бош данекке окшош.

* Ар ким өзүнүн бийиктигинен көрөт. Тоонун чокусундагы болсо башкаларга караганда көбүрөөк көрөт.

* Бул мага керек деген адам эч качан бактылуу боло албайт. Бул мага керек эмес деген адам бактылуу болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш