Улуулар «Дүнүйөдө
рахаттык жок» деп айтышкан. Кайгылар дүнүйөсү, кыйынчылыктар дүнүйөсү,
кыйынчылык тартуу дүнүйөсү. Баарыбыз тең жан тынчтыгына караганда
көбүрөөк кайгы тартуудабыз. Адамдар коркуу ичинде, оорудан коркуу, карылыктан
коркуу, кедейлик коркуусу, өлүм коркуусу, достордон, сүйгөндөрүбүздөн ажыроо
коркуусу. Кыскасы жашообуз бир калыпта уланып жаткан жок. Бул жашоо байды бай,
кедейди кедей бойдон калтырбоодо. Дени сак адам дайыма оорубай жүргөн жок,
ооруган адам дагы дайым эле оорулуу болуп жүргөн жок. Кээде шамал кемени биз
каалабаган тарапка буруп кетүүдө. Адам баласы өзү каалабаган окуяларга туш
болот. Өлүм коркуусу ар качан ичибизде, ар ким өлө турганын билүүдө. Эч ким
өлбөй турганынан ишенимдүү эмес. Абдуррахман бин Зейд бир күнү бир шакиртинен
сурайт: «Эртең өлүүнү каалайсыңбы?» Ал болсо «Жок, мен али өлүмгө даяр
эмесмин.» «Макул анда, өлбөй турганыңа ишенимдүүсүңбү?» «Жок, ишенимдүү
эмесмин, каалаган бир көз ирмемде өлүүм мүмкүн». «Андай болсо сенин бул кылган
ишиң акылдуу адамдардын кыла турчу иши эмес. Же ишенимдүү болууң керек, же ага
даяр болууң керек. Ишенимдүү болуу мүмкүн эмес, андай болсо дайыма өлүмгө даяр
болуу керек.»
Хасан Басри
хазреттери «Дүнүйөнүн бардыгы кайгы, кам, кыйынчылык. Эгер бир ырахаттык, жан
тынчтыгын, бактылуулук тапкан болсоң аны пайда деп эсептөөң керек. Болбосо
дүнүйө бул үчүн жаратылган.» Дагы мындай деп кеңеш берет: «Эртеңкинин
кыйынчылыгын бүгүнкү күнгө жүктөбө. Ансыз дагы ар бир күндүн өзүнө жете турчу
даражада кыйынчылыгы бар. Андай болсо эртеңки күндүн кыйынчылыгын неге бүгүнкү
күнгө жүктөөдөсүң?»
Эч бирибиз
өлүмдөн ишенимдүү эмеспиз. Адам баласы бир нерседен качкан сайын андан
алыстайт. Бирок, өлүмдөн качкан сайын өлүмгө карай жүгүрүүдөбүз. Өлүмдүн
белгилүү бир мезгили да жок. Бир гана кыш айларында, же жай айларында болгондо,
калган үч мезгилде жаныбыз тынч болмок. Ушул айларда, ушул мезгилдерде өлүм
болбойт деп, үч ай бою санаасыз ишнимдүү жашай берет элек. Бирок, өлүмдүн
мезгили жок. Эгер кечинде же күндүзү гана болгондо, дагы бир күн же бир түн
ишенимдүү болуп, кубанып жашамакпыз. Бирок, өлүмдүн күнү да, түнү да жок.
Бирок, өлүмдүн качан боло турган күнүн билбөөбүз дагы Раббибиздин бизге берген
жакшылыктарынан бирөө болуп саналат. Эгер билгенибизде колубуздан калем түшпөй,
момунча жыл, момунча күн, момунча саатыбыз калды деп, бардык ой санаабыз ошону
эсептөө менен өтмөк. Бул болсо бизге чоң кыйынчылык жаратмак. Кээ бир
нерселерди билбөө Аллаху тааланын нематы, жакшылыгы болуп саналат. Адамдардын
бири-бирине карата болгон ичиндеги ойлорун дагы билбөөлөрү жакшылык болуп
саналат. Кээ бир адамдар кызганат, көралбайт. Ичинде кээ бир жамандыктарды
ойлонот. Эгер аны билгенибизде ага карата душмандык кылып, андан өч алуунун
артынан жүгүрүп жүрмөкпүз. Кыяматтын күнүн билбөөбүз дагы жакшылык. Аны
билбейбиз, күтүүдөбүз. Билгенибизде анда да дайыма эсеп китеп менен күнүбүз
өтмөк. Эгер бул дүнүйөдө ырахаттык дайыма болгондо анда эң сүйүктүү кулдары
болгон Пайгамбарлар ага жетишмек, ага ошолор ылайык. Алар оорушмак эмес,
нечелеген азаптарды тартышмак эмес. Негизи эң көп кыйынчылыктарды ошолор
тартышкан.
Адам алейхиссалам
Жаннаттан чыгыралганда дүнүйөгө түшүрүлүштү. Бул дүнүйөгө көнүү кыйын болду.
Жылдар бою ыйлашты. Акыры дүнүйөгө көнүп, бала-чакалуу болушту. Бардык
иштерди өздөрү жасай башташты. Эгин эгүү, тегирмен тартуу, камыр жууруу, кийим
тигүү. Анткени, жалгыз ал менен Хава энебиз гана бар эле. Башка дүнүйөдө эч ким
жок эле. Кийин бала бакыралуу болушту, балдары менен сооронуч табышты, балдары
чоңоюшту, абдан кубанышты. Эми мындан ары кыйынчылык жок деп жай алып отурабыз,
алар бизге жардамчы болушат, алар биздин тамак ашыбызды бышырышат,бизге кызмат
кылышат, рахат отурабыз дешти. Бирок, ошол учурда балдарынын бири Кабил иниси
Хабилди өлтүрүп койду. Баласы адам өлтургүч болду, башка баласы киши колду
болду жана азап, кыйынчылык, санаа башталды. Рахаттыктары көпкө созулган жок.
Нух алейхиссалам
эмнелерди гана тартпады коомунан. Көптөгөн жалааларга кабылды. Кеме жасоосу
буйрулду. Бороон болмок. Момундардан башка калган баары сууга чөкмөк. Кеме жасап
жатканда аны шылдыңга алышты. «Эй Нух! Пайгамбардыкты таштап, устачылык менен
алектене баштадыңбы?» - дешти. Каткырып күлүшчү, шылдыңга алышчу. Нух
алейхиссалам аларга: «Мейли, силер бизди шылдыңга ала бергиле. Каалаганча
келеке кыла бергиле. Бир күнү келип, биз дагы силерди келеке кылабыз. Албетте,
ошол топоондо алар бирден сууга чөгүп өлө баштаганда, момундар аларды келеке
кыла баштады.
Ибрахим
алейхиссалам отко ыргытылды. Жалгыз баласын өз колу менен мууздап, курмандыкка
чал деп сыналды. Ал өтө чоң сыноо, кыйынчылык эле.
Якуб алейхиссалам
көпкө чейин ыйлоодон куттуу көздөрү көрбөй калды.
Юсуф алейхиссалам
кудукка ыргытылды, өлүмгө калтырылды, кул болуп сатылды. Зындандарда жашады.
Муса
алейхиссаламдын Фараондун олунан көргөн азаптары жөнүндө окуган кезибизде өтө
таң калуудабыз.
Аййуб
алейхиссаламдын оорусу, бул ооруда көрсөткөн сабырдуулугу баарына маалым.
Иса
алейхиссаламдын баш калкалоочу жери да жок эле. Өтө оор абалда, кедейликте
жашачу.
Пайгамбарыбыз
Мухаммед Мустафа (саллаллаху таала алейхи васаллам) кедейликке,
жалааларга, шылдыңдарга, акаараттарга дуушар болду. «Сен жиндисиң, сыйкырчысың,
калпычысың», - дешти. Жакындарын шейит кылышты. Мисалы, Хазрети Хамза шейит
болду. Калган көптөгөн жакындары шейит болду.
Эгер дүнүйө
ырахаттык жери болгондо, албетте буларга Пайгамбарлар баарынан мурда татыктуу
болушмак. Анткени, алар Аллаху тааланын элчилери эле, Анын расулдары эле.
Макулуктардын арасында эң тандалган макулук – адам. Адамдардын арасында болсо
эң тандалгандары алар эле. Аларды тандаган жана бизге элчи кылып жиберген.
Андай болсо дүнүйөдөгү кыйынчылык жана белээлерге артыкча көп ыйлап сыздабайлы,
кайгырбайлы. Себеби, улуулар буларды баштан өткөрүшкөн. Аларга окшошуу жакшы.
Сабыр кылууга тийишпиз. Эгер сабыр кылсак, кыйынчылык жана азаптарыбызды
жеңилдетет.
Эгер
күнөөлөрүбүздү гана ойлонсок башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын негизинде чоң
эмес экендигин түшүнөбүз. Улуу заттардан Абу Бакри Варрак хазреттери: «Башыма
бир балээ-кыйынчылык келгенде, алгач чоң кыйынчылык катары көрүүдөмүн. Бул өтө
чоң балээ-кыйынчылык деп айтуудамын. Андан кийин күнөөлөрүмдү ойлоп, натыйжада
башыма түшкөн нерселердин керек болсо аз экенин көрүүдөмүн. Андан да көбүнө
татыктуу элем. Аллаху таала азыны берген экен деп айтуудамын жана кыйынчылыгым
кичирейүүдө, жеңилдөөдө», - деп буюрду.
Азап-кыйынчылыктардын
кичирейүүсүнүн дагы бир себеби – Аллаху тааланын тагдырына ыраазы болуубуз.
Ыймандын алты шарттарынын бири – тагдырга ыйман эмеспи? Башыбызга түшкөн бардык
нерсе тагдырыбызга жазылган нерсе, Аллаху тааланын тагдыры. Раббибиз ошондой
каалаган. Демек, андай болсо биз да ага ыраазы болууга тийишпиз.
Сахабилерден
Имран бин Хусейин 30 жыл шал болуп төшөктө жатты. Шал эле, ордунан тура алчу
эмес, баса алчу эмес, өтө аянычтуу абалда эле. Бардык муктаждыктары төшөгүндө кетирилчү.
Бир киши аны зыярат кылды. Ыйлап баштайт. «Эмне үчүн ыйлайсың?» - деп сурайт.
«Сенин бул абалыңа ыйлайм. 30 жылдан бери шал болуп жатасың, кыйын абалдасың.
Ошондуктан, ыйлайм», - дейт. Ал болсо "Жок,
ыйлаба боордошум” дейт, "Эгер Раббибиз ушундай каалаган болсо, ушундай тагдыр
кылган болсо, биз да ага ыраазыбыз, ыраазы болууга тийишпиз. Биз үчүн эң жакшы
болгон нерсе – Раббибиздин бизге тагдыр кылган нерсеси. Андан кийин мындай
дейт: "Раббим мага бул ооруда ушунчалык чоң нематтар ихсан кылды, периштелер
мени зыярат кылып келишүүдө, периштелер менен сукбат кылуу сыймыгына ээ
болуудамын”, - дейт. Бир кунү Омар бин Абдулазиз хазреттеринин да бир эле күндө
аябай жакшы көргөн бир уулу жана аябай жакшы көргөн бир кызматчысы каза болду.
Мындай деди: "Булардын бирөөсүн же экөөсүн өлбөшүн эч качан теменни кылган
жокмун. Аттиң, көздөрү тирүү болгондо, каза болушпаганда кана” деп оюма да
келтирген жокмун. Анткени, Раббибиз экөөнү да өмүрүн ушунчалык тагдыр кылган
экен. Эгер Раббибиз ушундай тагдыр кылган болсо, биз да макулбуз.”
Кыйынчылыктарда сооронуч таба алуубуздун дагы бир себеби – андан да чоңу
болбогондугунан шүгүр кылууга тийишпиз. Мисалы, эки баласынын бири жол
кырсыгында каза болсо же оорудан каза болсо, экөөнүн тең каза болбогондугу үчүн
шүгүр кылууга тийиш. Экөө тең бир убакта кайтыш болушу мүмкүн эле. Же болбосо
анын уландысы да болушу мүмкүн эле. Бир ооруга чалдыккан кезибизде, бир
балээ-кыйынчылык башыбызга түшкөн кезде, анын дагы бир кошумчасы, башка
кыйынчылык да аны менен бирге түшүшү мүмкүн эле. Ал башыбызга түшпөгөнү үчүн
шүгүр кылууга, сабыр кылууга тийишпиз. Урва бин Зубайр хазреттеринин бутунун
кесилүүсү талап кылынды дарыгерлер тарабынан. Анткени, буту гангрена болуп
кеткен эле жана ал дагы макул болду. "Эгер кесилүүсү зарыл болсо, кескиле”, -
деди. "Сени уктаталы, бутуңдун кесилүүсү оор нерсе, чыдай албайсың, уктаталы
сени, анан кесели бутуңду”, - дешти. Ал: "Жок, эгер мени уктатсаңар сабырым
белгилүү болбойт. Раббим бул балээ-кыйынчылыкты мага берди. Себеби, менин
сабырымды көргүсү, өлчөгүсү келет. Эгер силер менин уктатсаңар, менин канчалык
сабыр кыла алышым белгилүү болбойт”, - деди. Алар ошол бойдон кесишти.
Анан бутун жуудурду, кепенге оротту, көмүлүүсүн буйруду. Анан бутуна мындай
деди: "Раббим күбө, мен сенин үстүңдө эч кандай күнөөгө барган жокмун. Мага
күбө бол, мен да сенден кийин келем”, - деди жана көмүлүүсүн буйруду. Андан
кийин мындай деди: "Эй, Раббим! Төрт тарабым бар эле, эки колум, эки бутум.
Булардын бирөөсүн алдың. Үчөөсүн мага калтырдың, сага мактоолор айтам”, - деп
Аллаху таалага шүгүр кылган экен. Дагы бир адам: "Биз андан да чоңуна
татыктуубуз. Бирок, андай болбогону үчүн шүгүр кылууга тийишпиз”, - дейт. Дагы
бир адамдын колунан билегинин кесилиши зарыл болсо, дарыгерлер колунун
билегинен кесилиши зарыл дешсе, андан кийин билегиңди эмес да, манжаңды
кесишибиз керек, манжаңды кессек жетиштүү дешкен кезде канчалык кубанабыз. Жок
дегенде билегибиз эмес, манжабыз кесилди, канчалык кубаныч тартуулайт бизге.
Эгер бир адам отуз жыл камак жазасын күтүп жаткан болсо, кылмышы ошончолук
болсо, ага беш жыл камак жазасы берсе, ал канчалык кубанат, ыраазы болот?
Анткени, ага өзү татыктуу болгон жазанын азы берилди. Эгер башкалардын жагдайын
көрсөк, өзүүздөн чоңураак кыйынчылыктарга, азаптарга дуушар болгон адамдарды
көрсөк, ошондо да кыйынчылыгыбызды азайткан, жеңилдеткен болобуз. Бизден да оор
кыйынчылык-азаптарга дуушар болгондор бар. Аларды көргөндө, биз жагдайыбызга
шүгүр кылабыз, сабыр кылабыз. Кайгыга батуунун, кыйкырып-өкүрүнүн жана
ыйлап-сыздоонун эч кандай пайдасы жок экенин билебиз. Адам дүнүйөдө да,
акыретте да зыянга учурайт. Дүнүйөдө зыянга учурайт. Анткени, оорусу, азабы,
кайгысы артат. Жаңы оорулар пайда болот. Анткени, кайгы-капа, мүң адамдын ар
түрдүү ооруларга чалдыгуусуна себеп болот. Акыретте да зыянга учурайт. Анткени,
мындай чоң сооп табуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон эле, мүмкүнчүлүктү колдон
чыгардык. Ошол соопту таба албадык, ээ боло албадык. Ошол соопто Аллаху
тааланын ыраазычылыгы бар эле. Эгер кыйынчылыкка сабыр кылынбаса, кыйынчылык
эки эсе артат. Бир - ошол кыйынчылыктын өзү, эки – чоң сооп тапмакмыз. Ошол
соопту жоготуп алуу кыйынчылыгы. Хазрети Али (радыяллаху таала анх) бир күнү
Ашэс бин Кайс хазреттерине: "Эгер сабыр кылсаң, калем жазган ошол нерсе болот.
Илахи тагдыр эмне болсо, ошол болот. Сооп табасың. Эгер сабыр кылбасаң, баары
бир калем жазган нерсе болот. Бирок, ал учурда күнөөкөр болосуң. Башкача
айтканда, сөзсүз калем жазган нерсе болот. Андай болсо, сабыр кылуубуз
орундуураак”, - дейт. Ушуну менен катар бул сабыр бизге чоң сооптор,
мүмкүнчүлүктөр табууга себеп болот.
Фатхул Мусели
аттуу бир зат бар эле. Анын аялы бир күнү жолдо бара жатканда бир ташка буту
илинип, тырмагы сынып кетти. Тырмактын сынуусу да катуу оорутат. Ошол айым
андан кийин күлө баштады. "Сен ооруну сезбей жатасыңбы? Тырмагың сынды, кан
агып жатат”, - дешти. Ал: "Бул кыйынчылыктан ала турган соопту ойлодум да,
Раббим мага көптөгөн сооптор берет, кыйынчылыкта чоң сооптор бар. Ошондуктан,
күлдүм, мага жакты”, - деп жооп берген экен. Адам ушундай ойдо болгондо
дүнүйөдө рахат жана хузурда жашайт.
Кыйынчылыктардан
кутулуунун дагы башка чарасы – намазга туруу, намаз окуу. Ансыз деле Раббибиз
аяти каримада да буюрат. "Сабыр жана намаз менен өзүңөргө сооронуч тапкыла. Ага
баш калкалагыла. Адам алсыз жаратылган. Башкача айтканда, башына бир кыйынчылык,
кайгы түшкөндө көп бакырып-өкүрөт. Жакшылык, нематтарга жеткенде болсо, аны
башкасынан кызганат. Бирок, намаз окугандар андай эмес. Намаз окугандар
кыйынчылыктарга антип бакырып-өкүрбөйт. Анткени, Аллаху тааланын беш убакыт
хузурунда турушат. Аны менен сүйлөшүшөт, Аны менен бирге. Алар Андан келген
нерсеге кантип нааразы болушсун?
Пайгамбарыбыз
(алейхиссалату вассалам) хазреттеринин да кээде кыйынчылыктары болчу,
капаланчу. Убакыт киргенде, "Эй, Балил! Азан окусаң, бизди рахаттандыр, намазга
туралы”, - деп буйручу. Демек, адам намазга турган кезде рахаттанат, жеңилдейт.
Кадырлуу окурмандар, мына бул нерсени билип коюуга тийишпиз. Адамдын
нематтары, кубанычы да туруктуу эмес, кыйынчылык, кайгылары да туруктуу эмес.
Баары өткүнчү. "Канчалык көп жашасаң жаша, бир күнү сөзсүз өлөсүң” деп хадиси
шарифте айтылат. "Кимди сүйсөң, эмнени сүйсөң сүй, сөзсүз андан ажырайсың. Эмне
кылсаң кыл, кааласаң жакшы, кааласаң жаман, сөзсүз натыйжасын аласың. Эгер
жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман.
Адам конок.
Колунда болгон нерселер, ээ болгон нерселери да аманат. Алар ага аманат катары
берилген. Конок бир кунү жолун улантып кете. Аманаттар да бир күнү ээсине
тапшырылат.
Сукбатыбызды бир
хадиси шариф менен аяктайлы, урматтуу окурмандар. Бир күнү Пайгамбарыбыз
(алейхиссалату вассалам) Абдуллах бин Омар (радыяллаху таала анхума)
хазреттеринин далына куттуу колун коюп, мындай дейт: "Сен дүнүйөдө өзүңдү бир
карып катары көр. Же бир жолоочу катары бил. Жана өзүңдү өлгөндөрдүн,
кабырдагылардын бири катары эсепте”, - деди. Аллаху таала (азза ва жалла) бизди
дүнүйөдөгү кыйынчылыктардан куткарсын. Кыйынчылыкка кабылган мусулман
боордошторубузга да сабры жамила ихсан кылсын.