Биз бул дүнүйөгө
түбөлүк калуу үчүн келген жокпуз. Калууну кааласак да бизди өз эркибизге
коюшпайт, бул жерден күчкө салып болсо да чыгарышат. Ар 60-70 жылдар бир бир
муун көрүстөнгө көчүп кетишет. Жылдар күн сыяктуу өтүүдө. Бир күн келет, биз
дагы ал күндүн түнүн көрө албайбыз же бир түн келет күндүзү көрө албайбыз. Адам
баласы бул дүнүйөдө конок, колунда ээ болгон нерселери болсо аманат. Конок бир
күнү өз мекенине кайтат, аманттар болсо бир күнү ээсине тапшырылып берилет. Бир
күнү соңку демибизди тапшырабыз. Соңку дем өтө маанилүү. Себеби, аны менен
тирилтилебиз. «Адам баласы кандай жашаса ошондой өлөт, кандай абалда өлгөн
болсо ошондой абалда тирилет», - дешкен. Ошондуктан, дин улуктарыбыз дайыма
«хусни хатимага», - б.а., соңку демди ыйман менен тапшыруу үчүн дуба кылышкан.
Хатим дубаларында да бул дубалар дайыма кайталашат. «Йа, Рабби! Соңку демибизди
калима-и шахадат айтып тапшыруубузду насип кыл» деп дуба кылышат. Эмнелерди
жесек дагы оозубузда акыркы жеген тамактын даамы калат. Канчалык ачуу нерсе
жесек жейли, эгер акыркы жегенибиз таттуу нерсе болсо оозубузда таттуулук
калат. Канчалык таттуу жесек жейли, эгер акыркы жеген тамагыбыз ачуу болсо
оозубуда ачуу калат. Жакшы өлө алуу үчүн жакшы жашоо керек. Жакшы жашаган адам
жакшы өлөт. Миллиондо бир адам жакшы жашайт, бирок, жанын жаман абалда
тапшырат. Же жаман жашайт, бирок, жакшы абалда өлөт. Булар бөтөнчө абалдар
болуусу мүмкүн. Бирок, жалпысынан адам баласы кандай жашаса ошондой өлөт,
кандай өлсө ошондой абалда тирилет. Секерат-и мевт абалын түшкө окшотушкан.
Адам баласы дүнүйөдө эң көп эмне менен алек болсо түшүндө аны көрөт. Мисалы бир
студен бизден да көп түшүндө университетти көрөт. Дептер көрөт, китеп көрөт,
сынактарды көрөт. Бир доктур бизден да көп түшүндө оорукананы көрөт, дарыларды
көрөт, оорулууларды көрөт. Бир соодагер бизден да көп түшүндө акча көрөт,
соода-сатыктарды көрөт, бир дыйкан бизден да көп эгин талааны жана башканы
көрөт. Себеби, адам баласы өмүрүн эмне менен өткөрсө түшүндө ошону көрөт.
Секерат-и мевт абалы дагы дал ушуга ойшойт. Адам баласы жашоосунда эмнеге көп
маани берген болсо секерат-и мевт абалында көз алдына ошол нерсе келип көрүнөт
жана ошону менен соңку демин тапшырат.
Хазрети Осман
радыяллаху анх бир сукбатында мындай деген:
«Алты нерседен
коркуу керек;
1-Ыймансыз
кетүүдөн. Бир адам соңку деминде ыйманын коргой албаган болсо, ыймансыз абалда
бул дүнүйөдөн кеткен болсо бүткүл өмүрү ибадаттар менен өткөн болсо да анын эч
бир мааниси жок.
Адамдар төрт
түрдүү:
а- Мусулман
эне-атадан туулат, мусулманча жашап, ыйман менен акыркы демин тапшырат. Бул
жакшы.
б- Мусулман эмес
эне-атадан туулат, момун болуп жашайт, ыйман келтирет, хидаятка татыктуу болот,
акыркы демин момун катары берет жана ыйман менен көз жумат. Бул да жакшы.
в- Мусулман эмес
эне-атадан туулат, ыймансыз болуп жашайт, ыймансыз болуп өлөт. ыйманын коргой
албайт, муртад болуп ыймансыз өлөт.
г- Мусулман эмес
эне-атадан туулат. Бирок, ыйманын коргой албайт, муртад болот, динден чыгат
жана ыймансыз болуп кетет. Бул акыркы экөөсү чоң оопат.
2-Күнөө кылуудан
коркушубуз керек. Бул дүнүйөдө кылган күнөөлөрүбүз жашыруун калса да, эч ким
биздин кылган күнөөбүздү көрбөсө да Раббибиз бизди көрүүдө, эки ийинибиздеги
периштелер буларды жазышууда, калган периштелер болсо буга күбө болушууда. Бир
күнөө кылган кезибизде аны бирөө көрсө өтө уялабыз, капаланабыз, уят болдум,
аттиң көрбөгөндө кана дейбиз. Бирок, Раббибиз жана периштелер бизди көрүшүүдө.
Бул дүнүйөдө бизди көргөн жок деп ойлосок дагы акыретте булардын баары ачыкка
чыгат. Уят шерменде болобуз. Ошону менен бирге ачуу азапка, Тозокко өзүбүздү
өзүбүз таштаган болобуз. Күнөөлөр секерат-и мевт абалында өтө жийиркеничтүү
көрүнүштө болот. Кылып аткан кезде ширин, таттуу болуп көрүнгөн жана кылынган
күнөөлөр ушундай бир жийиркеничтүү абалда көрүнөт. Өтө сулуу жемиштерди жеп,
1-2 саттан кийин жүрөк айланып сыртка чыкканда кандай жаман түстө, жытта сыртка
чыгат. Адам өз ичинен чыккан кусундусунан жийиркенет, карагысы да келбейт.
Күнөөлөр дагы ошоной жийиркеничтүү абалда келет.
Мухаммед бин
Мункадир хазреттери бир күнү Курани карим окуп отуруп демин тыя албай энтигип
ыйлайт. Балдары атабызга эмне болду деп тынчсызданышып, сооротолу дешти,
соорото алышкан жок. Ошентип кошуналары болгон улуу аалым Абу Хазим
хазреттерине кабар беришти. «Келип атабызды сооротсоңуз, ыйынан тыйыла албай
өтө кыйын абалда турат, Курани карим окуп жатып ушундай болду», - дешти. Ал
улуу зат келип, салам берип: «Эй, боорум, бала-чакаңдын тынчсыздантып неге
мынча ыйлоодосуң?» - деп сурады. Ал айтат: «Мен бир аяти кариманы окудум, ошого
ыйлоодомун», - деди. «Ал кандай аяти карима?» «Кыямат күнү адамдардын өздөрү да
эсебин ойлобогон, унутушкан күнөөлөрү дагы ачыкка чыгат» деген маанидеги бул
аятты окуган соң ыйлай баштадым», - деди. Абу Хазым дагы буга ыйлап, экөө тең
демин баса албай ыйлашты. Балдары айтышат: «Сизди атабызды сооротосуз деп
чакырсак, сиз келип атабызды ого бетер ыйлаттыңыз.»
Ал күнү биздин
күнөөлөрүбүз дагы ачыкка чыгат. Уят шерменде болобуз. Андан кийин Тозоктун боюн
бойлойбуз. Андай болсо күнөөлөрдөн сактануубуз керек.
3-Шайтандын
биздин амалдарыбызды өчүрүп салуусунан коркуубуз керек. Шайтандандын бүткүл
максаты – бизди Раббибизге карата аси кылуу, каршы чыгаруу, ошентип Токко
кетирүү. Адам атабыздан бери бизге душман, бизге кек сактоодо. Биздин айыбыздан
Бейиштен куулду, каргышталды, куугунтукталды. Балдарына айтат: «Биз ушул
адамдардын айынан Бейиштен куулдук. Эгер Адам жаратылбаганда мен дагы, силер
дагы баарыбыз Жанната болмокпуз. Колуңардан эмне келсе ошону менен буларды
туура жолдон адаштыргыла, аларды Тозокко жибергиле. Колубузда 2 чоң курал бар.
Буларды жакшы колдоно турган болсоңор жакшы натыйжа аласыңар. 1-Адамдар ичинде
алып жүргөн напсилик каалоолорун козгойсуңар. 2 – Аларды ачуулантасыңар. Бул
алардын эң алсыз тарабы. Аларды ачуулантсаңар акылынан ажырашат, эмне кылгандыктарын,
эмне сүйлөгөндүктөрүн билбей турган аабалга келишет. Аларга ар түрдүү сөздөрдү
сүйлөтүп, ар түрдүү жаман ишти кылдыра аласыңар.»
Бир күнү Жунайди
Багдади хазреттери түшүндө шайтанды көрөт. Караса жыпжылаңач абалда адамдардын
арасында жүрөт. Таанып, ага мындай дейт: «Сен адамдардын арасында минтип тыр
жылаңач жүргөндөн уялбайсыңбы?» Ал айтат: «Сен буларды адам деп ойлоп жатасыңбы?
Мен алардан уялгыдай адам эмес го. Булар биздин бутубуздун астындагы чаң
сыяктуу. Каалаган жерге шыпырып салабыз. Булардан эмнеге уялышым керек», - деп
жооп берет.
Шайтандар бир
тараптан бизге күнөө кылдырууга аракет кылышууда. Экинчи тараптан
ибадаттарыбызды жок кылууга аракет кылышууда. Бир ибадат кылсак дагы анын
акырында текебердик, ужуб (кылган ибадатыбызджан улам өзүбүздү жактыруу) менен
ал соопторубуздун баарын жок кылуудабыз. Шайтан 20 жыл бою бир адамды аңдып
жүрөт. Эмне кылса да ал адамга күнөө кылдыра албайт. 20 жылдан кийин анын
жанына адам келбетинде келет. Айтат: «Мен шайтанмын», - дейт. «Менден эмне
сурамакчы болдуң, эмнеге келдиң?» - десе шайтан айтат: «Мен сени куттуктоо үчүн
келдим. 20 жыл бою сенин артыңан жүрөм. Колдонбогон айла амалым калган жок.
Бирок, сага бир да күнөө кылдыра алган жокмун. Сени куттуктайм», - дейт. Тиги
адам да анын бул сөзүн жактырып, текеберленип: «Сен мени ким деп ойлодуң эле»,
- дейт. «Оо, мына эми болду, мен сага ушуну айттыруу үчүн бул жолду тандадым»,
- дейт. Ошентип, ал соопторунун баары кетти. «Акыры тообо менен бүткөн бир
күнөө акыры ужуб, текебердик менен бүткөн бир ибадаттан да кайырлуу», - дешкен.
Ар нерсенин акыры маанилүү. Бир ибадат кылсак, акырында өзүбүздү жактырсак,
текеберленсек ал ибадаттардын бардыгы жок болот.
Вехеб бин
Мунеббих хазреттери бир күнү мындай дейт: "Эй, адамдар! Силер Аллахтан
уялбайсыңарбы? Адамдардын арасындагы шайтанга наалат айтасыңар. Бирок, жалгыз
калганда шайтан менен дос болосуңар. Аны менен бирге болуудасыңар. Анын
буйругунда болуудасыңар. Бул боло турган нерсеби? Ооба, шайтанды душман деп
билишибиз керек. Анын бизге дос болушу мүмкүн эмес. Бизге жакшылык кылат деп,
бизди жакшы жолго салат деп ойлоого болбойт. Биз аны душман деп билебиз жана
андан сактанабыз. Анын жамандыгынан Раббибизге сыйынабыз.
Төртүнчүсү, биз
каалаган убакта өлүп калышыбыз мүмкүн деп коркобуз. Мүмкүн, Азраил алейхиссалам
биз күтпөгөн убакта жана жерде пайда болуп, жаныбызды алышы мүмкүн. Ошондуктан,
этият болушубуз, даяр болушубуз керек. Улуу заттардын бири досунан сурайт: "Сен
эртең өлгүң келеби?” Ал болсо: "Жок, мен өлгөндү каалабайм”, - деп жооп берет.
"Макул, эмне үчүн өлгүң келбейт?” – деп кайра сурайт. Ал: "Өлүмгө даяр эмесмин
да, ошондуктан. Азырынча даярдык көргөн жокмун”, - деп жооп берет. Ошондо:
"Макул, өлбөй турганыңа да кепилдик барбы?” – дейт. "Жок, кепилдик жок. Өлүп
калышым мүмкүн”, - дейт. "Сенин ушул кылган ишиң акылдуу адамдын кыла турган
иши эмес”, - дейт. "Же кепилдик болушу керек, же даяр болушуң керек”, - дейт.
Эгер кепилдик болушу мүмкүн эмес болсо, анда эч кимдин колунда эртеңки күндү
көрүүгө кепилдик жок жана болушу да мүмкүн эмес. Андай болсо эмне кылабыз?
Дайыма өлүмгө даяр болобуз. Анткени, сөзсүз өлөбүз. Эгер дүнүйөнүн ээлик
кагазын бирөөгө беришсе, "Дүнүйө сеники, ээлик кагазын сага алып келдик. Бирок,
24 саттан кийин өлөсүң”, - дешсе, ошол адам кубанбайт да. "Эмне кылам дүнүйөнүн
ээлик кагазын? Бир күндөн кийин топурактын алдына кирем. Балким, биздин
өмүрүбүздөн 24 сатта калбаган болушу мүмкүн. Эртеңки күндү көрө турганыбыз же
таңдан кечки маалга чейин жете турганыбыз белгилүү эмес. Ошондуктан, конок
экенибизди, бир күнү бүл дүнүйөнү таштап, кайра келбей тургандай болуп кете
турганыбызды ойлоп, ошого жараша даярдык көрүп, өзүбүздү жыйнап алышыбыз керек.
Бешинчиси,
дүнүйөнүн бизди алдоосунан коркобуз. Аны максат кылып алуудан, ага ашыкча
берилүүдөн, мунун да бизди акыретти унутуп калууга тарта турганынан сактанууга
тийишпиз. Катуу сүйүү адамды чоң балээлерге кабылтат. Андан ажырап калуу да оор
болот. Адам өзү сүйгөн нерседен ажырап калууну каалабайт. Дайыма аны менен
бирге болууну каалайт.
Эмеви
халифаларынан Сулайман бин Абдулмалик бир күнү Абу Хазм хазреттеринен сурайт.
"Биз эмне үчүн өлүмдөн ушунчалык коркобуз?” Ал мындай дейт: "Анын эки себеби
бар. 1-Сиз дүнүйөңүздү гүлдөттүңүз, жайнаттыңыз. Акыретиңизди болсо
талкаладыңыз. Эч ким гүлдөгөн, жакшы жерден талкаланган, уранды жерге баргысы
келеби? Жок, ошондуктан сиз өлгүңүз келбейт. 2-Мал-мүлкүңүздү дүнүйөгө
калтырдыңыз. Эгер Аллахтын жолунда сарыптаганыңызда, кедейлерге, муктаждарга
садака катары бергениңизде жана мал-мүлкүңүздү акыретке жибергениңизде, өлүмдөн
коркмок эмессиз. Мал-мүлкүңүзгө жетүү үчүн өлүмдү жакшы көрмөксүз.” Ооба,
дүнүйөнү сүйүү адамдын ыймансыз кетүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Имам Газали
хазреттери бир коркунуч тууралуу ишаарат кылат жана мындай дейт: "Адам
мал-мүлкүнөн, байлыгына айрылууну каалабайт. Эгер дүнүйөнү катуу сүйсө, өмүр
бою жыйнаган болсо, жаны тынбаган болсо, чарчаган болсо, жыйнап эми отуруп
жыргайм, жейм деп турганда, аны ажыратышат анын сүйгөндөрүнөн, мал-мүлкүнөн,
бардык нерсесинен. Эми адам ойлоп калат, "Макул, мага бул жамандыкты ким
кылууда? Эмне үчүн мени сүйгөндөрүмөн ажыратууда? Мен алардан ажырагым келбейт,
жашагым келет. Алар менен бирге болгум келет. Ушунча иштедим, жыйнадым, эми
жыргайм деп турганымда мени ажыратып жатышат. Ал ким мени ажыратып жаткан?
Албетте, бардык нерсе Аллаху тааланын тагдыры менен болууда. Эгер Ал каалабаса,
эч нерсе болбойт. Ал кылууда деп ойлойт, андан кийин оюна ушундай бир нерсе
келсе, "Эй, Раббим! Бул жамандыкты мага эмне үчүн кылуудасың?” деген бир
сезимге кабылса, ал адамдын ыйман менен кетүүсү өтө кыйын. Ал адам бул
дүнүйөдөн ыймансыз кетет, түбөлүктүү тозоктук болот. Ооба, дүнүйө бизди бир
күнү сөзсүз кууп салат, таштап кетет. Ал бизди таштап кете электе биз аны
таштоого тийишпиз. Бирок, эмгекти эмес, аны сүйүүнү таштайбыз. Жүрөгүбүздөн ага
болгон сүйүүнү чыгарабыз. Кеме суусуз сүзбөйт. Астында суу болууга тийиш.
Бирок, ичине суу кирсе чөгүп кетет. Акылдуу адам ушундай кылат. Кабырына кире
электе кабырын гүлдөтөт. Кабыр бүл дүнүйөгө караганда көбүрөөк кала турган
жерибиз. Өзгөртүүгө да мүмкүнчүлүгүбүз жок. Дүнүйөдөгү үйүбүздү гүлдөтүп
жатканыбыздай эле, баарын мыкты жасап жатканыбызда эле, ыңгайлуу кылып жасап,
андан кийин кирип жатканыбыздай эле, кабырыбызды ага караганда көбүрөөк маани
берип гүлдөтүшүбүз керек. Анткени, дүнүйөдөгү үйүбүз ыңгайлуу болбосо, алмаштыруу
мүмкүнчүлүгүнө ээбиз. Бирок, кабырыбыз ыңгайлуу болбосо, аны алмаштырууга
мүмкүнчүлүгүбүз жок. Кабырыбыздын сыртынын сонун болушунун да бизге эч кандай
пайдасы тийбейт.
Коркушубуз керек
болгон алтынчы нерсе – баарыбыздын бала-чакабыз бар. Балдарыбызды катуу жакшы
көрөбүз. Аларга эң сонун жашоону, эң жакшы оокат кылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз
кылып берүү үчүн көп акча табууга берилип кетебиз. Бул да көбүнесе биздин
адал-арамга маани бербөөбүзгө себеп болот. Табалы да, аларга ичирип-жедирели,
кийгизели, аларды кубанталы деген ойдо болобуз. Бирок, "бул акча кайдан
келүүдө, адалбы, арамбы” деп көбүнесе маани бербей кетебиз. Натыйжада алардын
айынан арам иш кылган болобуз. Аларга арам жегизген болобуз. Эгер аларга да
арам жегизсек, алар да бизге доочу болот. "Сиз Аллахтан корккон жоксузбу? Бизге
арам тамак бердиңиз”, - дешет. Раббиз да бизге ачууланат жана бизди Жаханнамга
ыргытат. Арам тамак денеде изин калтырат. Эт болот, кан болот жана башка дене
мүчөлөрү пайда болот. Эгер булар арамдан пайда болгон болсо, эми адамдын дубасы
да кабыл болбойт. Абу Исхак хазреттери акыркы деминде балдарына мындай деп
насаат кылат: "Перзенттерим, силерге эки нерсени насаат, керээз кылуудамын.
Буларга катуу маани бергиле. Биринчиси, жеген тамагыңарга маани бергиле.
Адалынан болсун. Экинчиси, кедейлерге жардамчы болгула.”