Адал
тамак табуу үчүн эмгектенүү керек. Эмгектенбесе болбойт. Хазрети Омар мындай
деп буюрууда: «Эч ким үйүндө отуруп алып, иштебестен: «Йа, Рабби, мага ырыскы
бер» деп дуба кылбасын. Себеби, билебиз, асмандан алтын да, күмүш да жаабайт. Эмгектенүү
керек.» Аяти каримада дагы «Адамга эмгектенгенинин гана каршылыгы бар» деп
буюрулууда. Эмгектенүүгө шыктандырган бир канча хадиси шарифтер дагы бар.
«Күнөөлөрдөн
ушундай бир күнөө бар, алар бир гана эмгектенүү үчүн, адал ырыскы табуу үчүн
берилген аракет жана мындан буюрган кыйынчылыктар кечиртет.»
Бир
күнү Хазрети Омар бир адамды мечитте көрүп, ага назар салат. Андан: «Сени
дайыма ушул жерде көрөм, сен эмне иш менен шугулданасың?» - деп сурайт. «Мен эч
кандай иш кылбайм, дайыма ибадат менен алекмин.» «Макул сен тиричиликти каерден
камсыздап жатасың?» «Менин бир тууганым бар, ал иштеп табат, ошону экөөбүз
жейбиз.» Ошондо Хазрети Омар айтат: «Сенин бир тууганың сенден да көп сооп
табууда. Анын кылган иши андан да баалуу.»
Дагы
бир хадиси шарифте мындай деп буюрулду:
«Чынчыл
соодагер Кыямат күнү сыддыктар менен, шейиттер менен бирге тирилет.»
Бир
күнү Пайгамбарыбыз (алейхиссалату вассалам) асхабы менен бирге отурушканда
күчтүү, кубаттуу жаш бир жигит тез кадам таштап базарга карай бара жаткан эле.
Муну көргөн Асхаб-ы кирамдан бирөөсү: «Кандай убал, бул жаш жигит жаштыгын,
күч-кубатын Аллах үчүн сарптаганда кандай жакшы болмок эле», - деди. Ошол жерде
болгон Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам”: "Андай
дебегиле! Эгер эч кимге муктаж болбоо үчүн, тиленбөө үчүн, өз ырыскысын адалдан
табуу үчүн бара жаткан болсо бул да Аллах үчүн. Эгер эне-атасын же
бала-бакырасынын ырыскысын табуу үчүн бара жаткан болсо, аларды эч кимге муктаж
кылдырбоо, аларды ырахат жашат алуу үчүн чыгып бараткан болсо бул да Аллах
үчүн. Бул да сооп таптарат. Бирок, эгер атак-даңк үчүн, бай болуу, аброй табуу
ниети менен барат жаткан болсо анда бул шайтандын иши.”
Имам
Газали хазреттери мындай деп буюрууда:
«Ырыскы
табуу, тиричилик өткөрүүдө эки өнөр бар, бул экөө өтө пас, өтө жаман, экөө тең
зарыл жагдайда гана жаиз (уруксат). Экөөнү тең көзү башка бирөөнүн
мал-мүлкүндө. Башка бири иштесин, мен жейин дешет: Булардын биринчиси –
тиленчилик, экинчиси – уурулук. Экөө тең харам, экөө тең күнөө. Экөө тең зарыл
абал болгондо жаиз. Башкача айтканда, тиленүү менен уурулукту бир орунга
койгон. Ошондуктан, кекиртегибизге кире турчу ар жутум тамагыбызга, кассабызга
же чөнтөгүбүзгө кире турчу ар бир сомго дыкат болуубуз керек, адалдан болуусу
үчүн өтө дыкат мамиле кылуубуз керек. Бир күнү бир киши Суфйани Севри
хазреттерине келип айтат: «Жамааттын кайсы сабында туруу абзалыраак, көбүрөөк
сооп таптырат. Ошондо олуя зат айтты: «Сен жеген тамагыңа көңүл бөл. Адалдан
болуусун камсызда, жамааттын кайсы сабында турсаң тур, айырмасы жок», - деген эле.
Эмеви
халифаларынан Сулайман бин Абдулмалик өз доорунун улуу аалымдарынан Абу Хазым
хазреттеринен мындай деп сурады: «Биз эмне үчүн өлүмдөн мынчалык коркпойбуз,
өлүмдү эч эстегибиз келбейт? Мунун себеби эмне?» Айтты: «Мунун эки себеби бар.
Биринчиси – сиз дүнүйөңүздү кооздоп тургуздуңуз, акыретиңизди жыгып,
кулаттыңыз. Сулуу жерден талкаланып уранды болгон жерге ким баргысы келсин?
Албетте, баргысы келбейт. Экинчиси – сиз мал-мүлкүңүздү дүнүйөдө калтырдыңыз.
Адам мал-мүлкүнөн ажырагысы келбейт. Эгер садака катары мал-мүлкүңүздү
бергениңизде, акыретке жибергениңизде ошол жакта жыйналган мал-мүлкүңүзгө жетүү
үчүн өлүмдү сүймөксүз. Бул эки себептен улам өлүмдөн коркуудасыз», - дейт.
Ошондо Сулайман бин Абдулмалик аз заттан насаат сурайт. Насаатында султанга мындай
деди: «Казынага кирген ар бир дирхамга, ар бир тыйынына көңүл бөлөсүң, адалдан
болуусу керек. Сарптаган ар бир тыйынга да көңүл бөлүүң керек, ал адалга
сарпталуусу керек.» Султан айтат: «Бул өтө кыйын машакаттуу иш. Муну кантип
кылам? Казынага миңдеген, миллиондогон дирхам кирип-чыгат.» «Ии, андай болсо
Бейиш да арзан эмес, эгер буларды кыла албай турган болсоң Бейишке жете
албайсың», - деди.
Ибрахим
бин Эдхем хазреттеринен мындай деп сурашты: «Эки кишиден кайсынысы үстөм? Бири
– соода кылып, акча табууда. Экинчиси мечитте ибадат кылууда». Айтты: «Тууралык
менен соода кылганы дагы да үстөм. Себеби, ал дайыма шайтан жана напси менен
күрөш ичинде. Өлчөөсүндө, таразага тартуусунда шайтан жана напси аны бирөөнү
алдоого азгырууда. Ал болсо алар менен күрөшүп, эч кимди алдабай адал ырыскы
табууга аракет кылат. Ошондуктан, ал дагы да кадырлуу.»
Имам
Газали хазреттери дагы Асхабы кирам менен Табииндин доорун бизге баяндап, ал
доорду өзү жашаган доор менен салыштырууда. Айтат: «Ал кезде бардык соодагерлер
чынчыл эле, ар ким өз ишин тууралык менен кылышчу эле. Эч ким эч кимди алдачу
эмес эле. Атүгүл, базарга кирген каалаган бир адам «кимден сатып алайын?» деп
сураса ага айтышчу: «Кимден сатып алсаң окшош, баары ишенимдүү, баары туура.
Арадан заман өттү, андан кийин базарга барган ошол эле адамдын сураган
суроосуна «Бир канча кишиден башка, баланча баланча кишиден башка калгандары
менен соода кылсаң болот. Булар ишенимдүү эмес дешчү. Бираз заман өткөндөн
кийин минтип суроо сураган адамга азыр минтип айтылууда дейт Имам Газали:
«Баланча жана баланча кишиден башка эч ким менен соода кылба, себеби, алар
ишенимдүү эмес.» Ушунча кылым, заман өзгөрүүдө. Илгерки адамдар чындыгында улуу
адамдар эле. Соодагери да өтө жакшы эле, аалымы да, ишчиси да, баары тең адал
ырыскы табышчу эле. Өзүлөрү үчүн каалаганды башкалар үчүн да каалашчу эле.
Булардан бири – Мухаммед бин Мункадир хазреттери эле. Ал дагы соода менен
шугулданчу эле. Ал дүкөнүндө он дирхамга сатылган кийимдерди беш дирхамга
сатылган кийимдерди өзүнчө өзүнчө койгон эле. Намазга кетип кайра келгенге
чейин беш дирхамга сатылган кийимди жанында иштеген киши он дирхамга сатып
жиберет. Келип муну байкап калат. Бештен эмес, ондон деп
сатышыптыр. Абдан капаланат. "Ал кандай адам эле?” – деп кебете-кешпирин сурап,
кечке чейин аны издеп баштайт. Натыйжада аны таап, ошол кишинин колундагы
кийимин да тааныйт. "Ал: "Муну биздин дүкөндөн алган экенсиң”, - дейт. "Ооба”,
- дейт. "Канчага алдың?” "Он дирхамга.” "Муну сага жаңылыштык менен сатышыптыр.
Бул беш дирхамдык эле”, - дейт. "Азыр сенин алдыңда үч жол бар. Же беш дирхамды
сага кайтарып берем, беш дирхамың бизде калат, кийимиңди болсо алыптырсың. Же
муну кайтарып бересиң, он дирхамдык кийимден аласың. Же кайтарып бересиң, биз
сага он дирхамыңды кайтарып беребиз”, - дейт. Ал киши: "Бул биз жакта өтө
баалуу, 15-20 дирхам турат. Аны алдым, мен ыраазымын”, - дейт. "Жок, сен ыраазы
болсоң дагы биз ыраазы боло албайбыз. Анткени, хадиси шариф бар. "Бир момун
үчүн өз напсиң үчүн каалаган нерсеңди кааламайынча ыйманың толук болбойт.” Мен
өз напсим үчүн 5 дирхамдыкты он дирхамга алууга ыраазы эмесмин. Сен үчүн да
каалабайм”, - дейт. Ал киши: "Андай болсо 5 дирхамымды бер”, - деп, беш
дирхамын алып, жолун улантыптыр. Моюнга алалы, кадырлуу окурмандар, адалдан
табуу доорубузда өтө азайды. Ансыз да хадиси шарифтерде буга ишаараттар бар
эле. Силердин үстүңөргө ушундай бир заман келет, 3 нерсе өтө баалуу болот.
Буларды табуу өтө кыйын болот. Булардын бири – адал акча. Экинчиси – жандай
жакын бир дос. Дартыңа шерик боло турган, кыйынчылыктарыңа чыдай турган,
кубанычыңа кубана турган, сага дайыма туура жолду көрсөтө турган бир дос, салих
бир дос. Же болбосо ээрчиле турган бир жол. Азыркы нерселер, жолдор көбүнесе
бидаттарга толо. Адам эмне кыла турганын, кантип кыймылдай турганын биле
албоодо. Ушул үч нерсе доорубузда чындап эле өтө азайган.
Арам
тамак дубаларыбыздын кабыл болбоосуна себеп болот. Үстүбүздөгү кийимдердин да
адалынан табылган болуусуна маани берүүгө тийишпиз. Антпесе, дагы дубаларыбыз
кабыл болбойт. Ал тургай, мындай дешет: "Эгер бир адамдын үстүндөгү кийиминин
ондон тогузу адалдан болсо, ондон бири арам болсо, окуган намаздарынан сооп ала
албайт. Биз намаздарыбызды окуп жатабыз, биздин парз карызыбыз. Аны окуп
жатабыз, ушуну менен катар сооп да таап жатабыз. Эгер кийген кийимибиз арамдан
болсо же арам тамак жеген болсок, ошол намаздарыбыздын сообун ала албайбыз. Бир
гана парзыбызды, парз карызыбызды өтөгөн болобуз. Адал тамак жеген адамдын
дубасы сөзсүз кабыл болот. Алардын бири Абу Исхак мырза эле. Улуу аалым эле. Ал
бир саякаттан кайтып кел жатканда эки адам шашылып келип, колун өбүшөт. Алар:
"Биз катуу кыйналып турабыз”, - дешет. "Ал эмне кыйынчылык экен?” – деп сурайт.
Алар: "Биздин эмирибиздин аттары качып кетти. Тоолордо жүрөбүз. Такыр жакын
жолой албай жатабыз. Эгер аларды кармабасак, эмирибиз экөөбүздү тең өлтүрөт.
Өмүрүбүз коркунучта. Эмне кылаарыбызды билбей жатабыз”, - деп жалбарышат. Ал
атынан түшүп, эки рекет намаз окуйт, колдорун жайып дуба кылат. Ал дуба кылып
жатканда, эки ат өзү келип, мойнуларын созгондо, адамдар аларды кармап, алып
кетишет. Жанында кызмат кылган шакирти: "Мырзам, кандай дуба окудуңуз да,
мынчалык таасирдүү дуба эле? Бизге да үйрөтсөңүз. Биз да ошол дубаны окуйлу”, -
дегенде, Абу Исхак мырза: "Бул дуба азыр кылынган дуба эмес эле. Бул отуз
жылдан бери тамагыман арам тамактын өтпөөсүнө көңүл бурганымдын натыйжасы эле.
Ошондуктан, Раббим кабыл алды.”
Соода
да болобу, кызматта болобу же каалаган бир жерде иитеп жаткан болобузбу, көңүл
бурушубуз керек болгон кээ бир нерселер бар. Аларга да токтолбостон
сукбатыбызды аяктабайлы. Биринчиси – жумушубузду Бисмиллах айтып башташыбыз
керек. Аллахтын аты менен баштайлы, ошондо берекелүү болсун, жакшылыктарга
себеп болсун. Аягында болсо, жумушубуз бүткөндө, жумуштан чыкканыбызда Аллаху
таалага хамд (мактоо) айтабыз. Анткени, периштелер күндө биз үчүн бир барак даярдашат.
Ал барактын башы Бисмиллах менен башталган болсо, аягы хамд менен бүткөн болсо,
башталышы жакшы, аягы жакшы болсо, бир барактын ортолору балким ошолордун
урматына кечирилиши мүмкүн. Экинчиси – жакшы бир ниет менен эмгектенүүгө
тийишпиз. "Мен бул жерде эмгектенип жатам, соодада же баланча кызматта, эч
кимге муктаж болбоо, өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн ырыскысын адалдан таап, оокат
кыла алуу үчүн, ибадаттарымды кыла алуу үчүн эмгектенип жатам”, - деп ниет
кылса, ошол эмгеги ибадатка айланат. Дүнүйөдөгү соода анын акыреттик соодасына
кедерги болбойт. Башкача айтканда, акчаны гана, айлыкты гана ойлобосун.
Акыретин да ойлосун. Аяти карима ушундай кылгандарды мактаган. Кутман сахабалар
(радыяллаху таала анхум ажмаин) жөнүндө баяндайт. "Алар ушундай адамдар эле,
алардын соодалары алардын Аллаху тааланы зикир кылууларына кедерги болчу эмес.”
Башкача айтканда, зикир кылууну унутушчу эмес. Жана зикир кылууну бир гана
мечитте болот деп да ойлоп калбоо керек. Жалгыз мечитте гана болбойт, бардык
жерде Аллаху тааланы зикир кылууга болот. Ал тургай гафилдердин арасында зикир
кылуу жакшыраак. Бир нерсе аз болгондо аны кылуунун даражасы ого бетер жогору
болот. Ошондуктан, Абдуллах бин Омар, баласы Саъди Мухаммед бин Васи сыяктуу
улуу заттар соода үчүн базарга барышчу. Баары алыш-бериште, эч кимдин өзүнөн
кабары жок, баары акчаны ойлойт. Алардын арасында Аллаху тааланы зикир кылышчу
жана ошол жердеги зикирдин пазилетине ээ боло алуу үчүн базарга чыгышчу.
Күмөндүү, шектүү нерселерден сактануу керек. Арамдардан гана эмес, шектүү
нерселерден да сактануу керек. Себеби, алар да биз үчүн чоң балээлерге себеп
болушу мүмкүн. Дайыма муракаба, көзөмөл астында экенибизди, периштелердин ар
бир ишибизди бышыктап турганын ойлошубуз керек. Өзүбүздү өзүбүз кээде эсепке
тартып турушубуз керек. "Бүгүн эмне кылдым? Эмне таптым? Эмне жоготтум? Эмне
күнөөлөр кылдым? Эмне сооптор таптым?” деп өзүбүз менен өзүбүз эсептешүүгө
тийишпиз. Эсепке тартылбастан мурун өз напсиңерди эсепке тарткыла. Бир күнү чоң
эсеп күнү келет. Кылган иштерибиздин ар бири эсепке тартылат. Мына, ошол күн
келе электе өзүнөрдү өзүңөр эсепке тарткыла деп буюрулган. Раббибиз баарыбызды
эсеби жакшы болгондордон кылсын.