Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бул чакыруу баарына




Бул чакыруу баарына


* Аллаху таала пенделерин Жаннатка чакырууда. Ислам дини – Жаннатка чакыруу кагазынын аты. Бул чакыруу баары үчүн. Мусулман деп бул чакырууга жооп берген адамга, капыр деп бул чакырууну четке каккан адамга айтылат.

* Кылымдар бою эң башында Хазрети Пайгамбарыбыз алейхиссалам, бардык кутман сахабалар, бардык ахли сүннөт аалымдары, бардык олуялар дайыма ушул эле нерсени айтышкан. Өзүңөргө ишенбегиле, акылыңарга таянбагыла, жолдошуңарга, досуңарга, акчаңарга, мал-мүлкүңөргө таянбагыла. Аллахтан башка эч кимге таянбагыла. Алардын баары акыры кыйынчылыкка алып келет деп айтышты.

* Силсили-и алиййа улуулары бизге башкаларга эмес, өзүбүзгө душман болууну үйрөткөн. Душманды сырттан издебегиле, душман ичиңерде дешкен.

* Сезимтал, назик рухтуу бир адам заводдон жаңы чыккан, өзү таңгагынан ачкан балдар горшогуна тамак салып жей албайт. Анын окшошторуна нажасат салынганын эстеп, жийиркенет. Күфүрдүн белгиси болгон нерселерди колдонуу да ушундай. Ыйманы күчтүү, динине сезимтал болгон адам кандай макталса да аларды колдоно албайт.

* Дененин адистери болгон сыяктуу эле диндин адистери да бар. Доктордун кеңешин аткарууну акылмандык дейсиң да, бирок, эмне үчүн диндин адистеринин кеңешин аткарууну акылмандык деп эсептебейсиң? Мындай нерсе жок. Доктордун айтканын аткарган адам акылдуу. Кайсы доктордун? Кайсы доктордун болбосун. Эгер дененин доктору болсо дененин докторуна жарайт дейсиң. Эгер диндин доктору болсо диндин докторуна жарайт дейсиң. Дин адистери – мазхаб имамдарыбыз жана ахли сүннөт аалымдары.

* Отур, талап кылган нерселериңди текшерип көр, эсеп жүргүз. Эмнеге ылайык? Сени талап кылган нерселерге ылайык: Сени өлүм талап кылат, Жаннат талап кылат, Жаханнам талап кылат!

* Напси эч качан жакшы нерсени каалабай тургандай жаратылган. Эмне себептен? Анткени, анын азыгы арамдар. Башкача айтканда, ар бир нерсенин азыгы бар, ал эми напсинин азыгы – күнөөлөр жана арамдар.

*Аллаху таала өзүңөргө кандай мамиле кылуусун кааласаңар силер дагы Анын пенделерине ошондой мамиле кылгыла. Эгер силер Анын пенделерине жакшылык кылсаңар Аллаху тааладан жакшылык көрөсүңөр. Эгер силер Анын пенделеринин көңүлүн сындыра турган болсоңор Аллаху таала дагы силердин көңүлүңөрдү сындырат. Эгер кечирсеңер кечирим табасыңар.

* Шайтан жалгыз Раббибиздин буйрук жана тыюуларына баш ийгендерге гана кол сала албайт. Кол салган күндө да Аллаху таала аларды коргойт, анын коркунучуна кабылбайт.

*Мусулмандын 3 касиети бар: Ыкластуу болот. Акылдуу болот. Саясат илимин (адамдар менен мамиле, башкаруу илимин) билет.

* Бул дүнүйө акыреттин талаасы. Бул жерде үрөнүн сеппестен аны жеп алгандар, ушинтип бир үрөндөн көп эсе түшүм алуудан куру калгандар кандай гана бактысыз жана акылсыз. Бир туугандын бир тууганынан, эненин баласынан кача турган ошол күнгө даярданышпоодо. Андай адамдар бул дүнүйөдө да, акыретте да алданып, акыры өкүнүшөт. Акыл-эси бар адам бул дүнүйөнү мүмкүнчүлүк деп билет.

*Дүнүйөдө эң көп душманы болгон зат – Аллаху таала. Бардык капырлар, бардык атеисттер. Андан кийин? Куран. Алар Курани каримге кол салышууда. Кийин Пайгамбарыбыз алейхиссалам. Ага ишенишпейт. Андан кийинчи? Албетте, Анын мурасчылары.

* Эгер адамдын алдына дүнүйө кызыкчылыгы менен акыреттин кызыкчылыгы бир убакта келип калса, ал болсо акыреттин кызыкчылыгын биринчи тандаса, дүнүйөдөн баш тартса, ал адам дүнүйө адамы болуп эсептелбейт.

* Напсини эң көп кыйраткан нерсе – башка бирөөнүн туура сөзүнө ооба деп айтуу.

* Жүрөккө жана рухка эң көп лаззат берген нерселер напсини кыйнайт. Рухтун лаззаты менен напсинин лаззаты карама-каршы. Бири лаззат алган нерседен экинчиси кыйналат.

*Дүнүйөдө напсиге эң жагымдуу болгон нерсе – момун боордошун гыйбат кылуу. Напси андан ырахат алат. Адамды таң атканча эмес кырк жыл отургузат, уктатпай да коёт. Ал ушунчалык ырахат тартуулайт, аны жамандоо, ал жөнүндө айтуу, аны жеңүү – өтө жаман нерсе... Рух кыйрайт, азабын тартат. Ошондуктан, дин боордошуңар тууралуу жаман нерселерди айтпагыла, айткандарды укпагыла.

* Мусулмандын өлүмү – өмүр, болгондо да түбөлүктүү өмүр.

* Эгер бир нерсе анык болсо анын болду деп бил. Өлүм анык, ошого жараша даярдан.

* Дүнүйөсү өзүңөрдөн аз жана төмөн болгондорду карагыла. Эгер ошондой кылсаңар колуңарда бар нерселерге жана жагдайыңарга шүгүр кыласыңар. Акырет үчүн андай эмес, тескериси кылынат. Акырет үчүн эмгектенип, бергенине шүгүр кылуу менен катар, дагы көбүрөөгүн сурагыла. Акырети бизден жогору тургандарды, үстөм тургандарды карап, алардай болууга аракет кылгыла. Булар – ахли сүннөт аалымдары. Эгер ушундай кылсаңар, өзүңдү бир нерсе деп ойлоп текебердик кылбайсыңар жана кабыл болгондордун жолуна түшкөн болосуңар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш