Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адамдардын көңүлүн алууга аракет кылгыла




Адамдардын көңүлүн алууга аракет кылгыла


* Даанышман заттар мындай дешкен: 

Бир күнү өз доорунун султаны Мавлана Халиди Багдади хазреттеринен дуба сурайт. Ал мындай дейт: 

"Албетте, султандарга, валилерге, акимдерге дуба кылып жатабыз. Бирок, жарандарыңыздын арасында зулумдукка кабылган бирөө жарым бар болсо менин дубам кабыл болбойт. Анткени, капыр болобу, момун болобу зулумдук көргөн адамдын дубасы жана каргышы кабыл болот жана биздин дубабыздын алдына өтөт. Ошондуктан, сиз адамдардын көңүлүн алууга аракет кылыңыз.” 

* Кул акысы абдан маанилүү. Эгер адам шейит болсо Бейиштин эшигине чейин барат. Кул акысы берилмейинче Бейишке кире албайт. Аллахтын ихсаны, Аллаху таала шейиттердин кул акыларын кечиртирет. 

* Мухйиддин Араби хазреттерин түштө көрүшкөн экен. Айланасы калың элге толо, даражасы өтө бийик жана чоң нематтарга бөлөнгөн абалда экен. Алар: "Мырзам, сиз мынчалык чоң нематтарга кантип жеттиңиз?” – деп сурашыптыр. Ал мындай деп жооп бериптир: 

"Дүнүйөдө мени гыйбат кылгандар, мага жалаа жапкан душмандар өтө көп. Алардын бул кылган иштеринин аркасында бул жерде даражам тынымсыз көтөрүлүүдө.” 

* Аз ачкөздүк көп зыян алып келет. 

* Исламдын жайылышына тоскоол болбогон адам сүйүлөт. 

* Башталышы чирик болгондун аягы да чирик болот. 

* Илим - аманат, мүлк эмес! 

* Көздөн кан чыгып ыйласа да ушул эки нерсе кайра келбейт: Жаштык жана салихтердин сукбаты (салихтер менен бирге болуу). 

* Эң кабыл болгон амал – эң жашыруун болгону. 

* Жүрөгүбүздүн (көңүлүбүздүн) дарысы – "Ла илаха иллаллах Мухаммадун расулуллах” деп айтуу, денебиздин дарысы – истигфар. 

* Жалганчы менен дос болбоо керек. Досторубузду алыстатып, душмандарыбызды достой кылып көрсөтөт. 

*Эки рекет намаз, бир дуба, бираз садака каза-тагдырды өзгөртүп, балээ-кырсыктын алдын алат. 

*Аллаху таала эмне кылганыңарды көрүп турам, билип турам деп буюрууда. Анын көрүп турганы билинип турганына карабастан эки жүздүү болуунун кереги жок. Ихлас – ичин да, сыртын да тазалоо дегенди билдирет. 

* Олуялардын рухтарынан пайдалануу үчүн ишенүү шарт, көрүү шарт эмес. Аларды көрүү кээде коркунучтуу болот. Кудай сактасын, өзүн бир нерсе деп ойлоп калат, куруйт. 

* Качан адамдар ар бир күнөөнү тартынбай кылып, Аллах кечирет деп айтышса, бул ошол доордун жана ошол адамдардын өтө бузуку болгондугунун белгиси. 

*Өлбөй туруп өлөлү. Бул кантип болот? Биз өзүбүздү өлдүк деп, бирок, боор ооруп бизге бир нече мүнөт уруксат берилди деп ишенели. Ушундайча ойлонуп, ошого жараша жашайбыз. 

* Акыр заманда фитна-күнөө көп болот. Тилди тыйып, эч нерсеге аралашпоо керек. Баарынын арасында болосуңар, бирок, бар менен жоктун ортосунда. Барбы-жокпу белгисиз. Ушундай болуш керек...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш