Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Амалдарды күйгүзүп жок кылган нерселер




Амалдарды күйгүзүп жок кылган нерселер


Хадиси шарифте айтылат: "Алты нерсе амалдарды жок кылат, соопторду кетирет. Ансыз да соопторубуз аз, күнөөлөрүбүз көп. Аларды да сактап кала албасак, аларды да колубуздан чыгарсак бүтүндөй куруйбуз. Кандайдыр бир мал-мүлктү табуу оңой, бирок, аны сактап калуу маанилүү. Көп акча табасыңар. Бирок, аны сактап кала албасаңар эч кандай мааниси калбайт. Амалдар да ушул сыяктуу. Амалдарды сактап калууга жана акыретте бизге пайдалуу болуусун камсыз кылууга аракет кылуу керек.

"Алты нерсе амалдарды күйгүзүп жок кылат”, - деп айтылат хадиси шарифте. Алардын биринчиси - адамдардын кемчиликтери менен алек болуу. Башкалардын кемчиликтерин изилдөө, алар менен алек болуу адамгерчиликке да жарашпайт, чоң күнөө да болот. Акылдуу адам башкалардын кемчиликтери менен алек болбойт. Өзүнүн айыптарын, кемчиликтерин аныктайт жана аларды жоюуга аракет кылат. Алгач ошол кемчиликтер өзүбүздө бар же жоктугун аныкташыбыз керек. Башкаларда бар же жоктугу бизди кызыктырбайт. Кемчиликтерибизди аныктоо үчүн да досторубуздан: "Менде кандайдыр бир кемчилик көрсөң сураныч эскертип кой”, - деп суранабыз. Үстүбүздөгү чаянды бизге көрсөткөн адамга канчалык ыраазычылык билдирсек, кемчиликтерибизди бизге эскерткен адамга да андан көп ыраазычылык билдиришибиз керек. Анткени, чаян чагып алса, балким бир нече күн кыйнайт, оорутат. Бирок, ушундай кемчиликтер бар болуп, түбөлүк жашообуздабизди курута турган зыянга учурообузга себеп болот. Адамдардын арасында жүрөбүз, коом катары жашайбыз жана жашоого да аргасызбыз. Алардагы кемчиликтерди изилдебестен көргөн кезибизде өзүбүздү көзөмөлдөйлү. Эгер бизде бар болсо ал кемчиликтерден алыс болууга аракет кылалы. Бизде жок болсо да, ал кемчиликтердин өтө жаман, жийиркеничтүү экенин билели, аларды кылбоого аракет кылууга өзүбүздү көндүрүшүбүз керек.

Амалдарды жок кылган алты нерсенин экинчиси – жүрөктүн, көңүлдүн катуулугу. Катуу жүрөк болуу адамга дүнүйө жана акыретте чоң балээ алып келет. Дүнүйөдө ибадаттардын даамын сезе албайт. Ибадаттарда өтө чоң даам, лаззат бар. Дүнүйөнүн зоокторунда, кызыктарында ибадаттардагы, өзгөчө, намаздардагы лаззат жок. Эгер мунун даамын, зоокун сезе албай жаткан болсок анда биз оорулуубуз, жүрөгүбүз катып калган дегендик. Жүрөктүн катуулугун кетирген эң жакшы нерсе – өлүмдү эстөө. Бир күнү бир аял Хазрети Аиша (радыяллаху анха) энебизге келет. Ал: "Менин жүрөгүм абдан катуу. Эмне кылышым керек? Эмнеги сунуштайсыз?” – дейт. "Өлүмдү көп эсте. Өлүмдү эстөө үчүн кабырларды зыярат кыл. Андан кийин жүрөгүңдөгү катуулук кетет”, - деп жооп берет. Ал аял айтылгандай жасайт, өлүмдү көп эстейт. Натыйжада бир канча убактан кийин жүрөгүндөгү катуулук кетет. Ал кайра келип ыраазычылык билдирип, дуба кылат. Хадиси шарифте: "Кабырларды көп зыярат кылгыла”, - деп буюрулган. Анткени, алар силерге акыретти, өлүмдү эске салат. Өлүмдү эстөө өтө жакшы нерсе. Өлүмдү көп эстегиле. Өлүм баарыбыздын тагдырыбыз. Эч ким андан кутула албайт. Натыйжада, периштелер да өлүшөт. Азраил алейхиссалам да эң акырында өзүнүн жанын өзү алат жана Аллаху тааладан башка бир да жандуу калбайт. "Ва ябка важху Раббука зул жалалу вал икрам” деп айтылат аяти каримада. Аллаху тааладан башка, зати рубубиятынан башка бир да жандуу калбайт, баары өлөт. Эгер түбөлүк кала турган бирөө болгондо, алар пайгамбарлар болмок. Өзгөчө биздин Пайгамбарыбыз алейхиссалату вассалам болмок. Анткени, бардык ааламдар Анын урматына жаратылган эле. Бирок, Ага да түбөлүк калуу насип болгон жок. Аллаху тааладан башкасына болбойт да. Ал да кайтыш болду. Аллаху таала шапаатына жеткирсин.

Үчүнчүсү – дүнүйөгө болгон сүйүү. Дүнүйөнү сүйүү бардык каталардын башы. Дүнүйөнү катуу сүйгөн, жакшы көргөн адам мас адам сыяктуу. Эмне кылганын билбейт. Акча табуу жана өзүнүн кумарын кандыруу үчүн бир топ шектүү нерселерге, макрухтарга, ал тургай арамдарга да кирет. Анын көзү эч нерсени көрбөй турган болуп калат. Акча келсе болду, байлыгыма дагы кичине байлык кошсом болду дейт жана бул үчүн бардык нерсени мубах деп көрөт. Атүгүл, адамды күфүргө да кабылтат. Пайгамбарларга каршы чыккандар, аларды четке каккандар дүнүйөгө болгон сүйүүлөрүнөн улам ушундай кылышкан. Дүнүйөнү катуу жакшы көрүшчү, мансаптарын, кызматтарын жоготушмак, абройлору, урматтары жок болмок. Ошондуктан, пайгамбарларга каршы чыгышты. "Биз эмнеге пайгамбар болбодук да, алар болушту? Биз кантип аларга баш ийебиз? Ушунча байлыгыбыз, аброюбуз болуп туруп кантип аларга баш ийебиз? Кантип аларга барып, баш ийебиз, багынабыз?” – дешти жана ушул дүнүйөгө болгон сүйүүнүн айынан өзүлөрүн дүнүйө-акырет бакытынан куру калтырышты, балээлерге дуушар кылышты. Дүнүйөдө биз баарыбыз карыппыз. Бир күнү Пайгамбарыбыз (алейхиссалату вассалам) Хазрети Абдуллах бин Омарга (радыяллаху таала анх) айтат: "Сен дүнүйөдө өзүңдү бир карыптай бил же бир жолоочудай элестет. Келдиң, кетип жатасың.” Ансыз деле ушундай эмеспи? Бүл дүнүйөдө канча күндүк өмүрүбүз бар? Кечээ, бүгүн жана эртең. Кечээ өттү, кечээни табуубуз мүмкүн эмес. Эртеңдин да келип же келбей турганы белгилүү эмес. Балким, эртеңди биз көрбөйбүз. Колубузда бүгүнүбүз эле калууда. Дүнүйө жашоосу бир күн эле. Бир саат жашоого да кепилдигибиз жок. Мынчалык кыска жана убактылуу болгон жашоого мынчалык көп маани берүү эмнеге? Бир күнү сахабалардын бири Пайгамбарыбызга (алейхиссалату вассалам): "Мага ушундай бир амалды үйрөтсөңүз, аны кылган кезимде мени Раббим да жакшы көрсүн, адамдар да жакшы көрсүн”, - дейт. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Дүнүйөгө берилбе, дүнүйөгө болгон сүйүүнү жүрөгүңөн чыгар, ошондо Аллаху таала сени жакшы көрөт. Адамдардын колундагы нерсеге да көз артпа, алардан да бир нерсе сураба, ошондо адамдар да сени жакшы көрөт”, - деп жооп берет. Ушундай кылганда Аллаху тааланын да, адамдардын да сүйүүсүнө жетебиз. Дүнүйө жашоосу өткүнчү, кыска. Бизге чейин башка адамдар бар эле, ата-бабаларыбыз бар эле бул дүнүйөдө. Алардын баары кетишти. Бизге бул жерди калтырып кетишти. Биз да белгилүү бир убак алардан кийин бул жерде калабыз жана бизден кийинкилер үчүн бул жерди таштап кетебиз. Дүнүйөгө берилген адамдын төрт чоң балээге кабалаары анык. Биринчиси - дайыма кайгылуу, капалуу болот. Дайыма акчаны, мал-мүлктү ойлойт. Кандай кылсам, эмне кылсам? Кантип тапсам? Муну эмнеге мындай кылдым? Муну мындай кылбаганымда, муну мындай кылганымда дейт жана бүтүндөй күндү кайгы-капа менен өткөрөт. Экинчиси, тынымсыз эмгектенет. Ал ушунчалык ач көз, күнү-түнү чарчаганды билбейт, тынымсыз түрдө эмгектенет, акча табууну гана ойлойт. Түнү-күнү, кыш-жай дебестен жана өзүн чоң коркунучтарга түртүү менен акча табууга кызыгат. Үчүнчүсү, ал дайыма кедей. Себеби, көзү тойбойт. Бир адам бир күнү Ибрахим бин Эдхем хазреттерине келип: "Менин сизге өтүнүчүм бар эле. Менин бир чепкеним бар. Аны сизге белек кылгым келет. Сураныч, кабыл алсаңыз”, - дейт. Ал да: "Бир шарт менен алам”, - дейт. "Ал эмне шарт экен, мырзам?” – деп сурайт. "Эгер бай болсоң алам, кедей болсоң албайм.” "Мен баймын, шүгүр”, - дейт. "Канча байлыгың бар?” – деп сурайт Ибрахим бин Эдхем. Ал: "Эки миң динарым бар”, - дейт. "Макул анын төрт миң болушун каалайт белең?” – деп сурайт. Ал: "Албетте каалайт элем”, - деп жооп берет. "Андай болсо сен кедейсиң, кечирип кой, мен сенин чепкениңди ала албайм”, - дейт. Канаатчыл болбогон адам дайыма кедей. Анткени, көзү тойгон эмес. Каалаган нерсесине жетсе да, башка бир амалдын артына түшөт, башка нерселерди эңсей баштайт жана дайыма кедей болот. Төртүнчүсү, амалдары, каалоолору түгөнбөйт. Эмнени каалаган болуп, ошол нерсеге жеткен болсо да, дагы башка нерсени каалайт. Ага да жетсе, дагы башка нерселерди каалайт. Ошентип, ал амалдар, каалоолор түгөнбөйт жана бир күнү анын өзү дүнүйөдөн көчүп кетет.

Амалдарды жок кылган нерселердин төртүнчүсү – уятсыздык, адамда уялуу сезиминин жоктугу же азаюусу. Уялуу ыймандан. Уялуу керек. Адамдарга жарашканы да ушул. Уятсыздык айбандарга таандык. Фудайл бин Ийад хазреттери айтат: "Эгер бир адам күнөө кылып жатканда: "Мени Раббим көрүп жаткан жок”, - десе, ал капыр болот, ыйманы кетет. Эгер: "Раббим мени көрүп жатат”, - десе, ал чоң тарбиясыздык кылган болот. Раббибиз бизди көрүп турганына карабастан кантип Анын буйруктарына каршы чыгабыз, кантип Ал тыюу салган нерселерди кылабыз.”

Бешинчиси, тули амал, көп жашоону каалоо. Албетте, көп жошоо каалоосу эгер жыргоо, оюн-зоок үчүн болсо зыяндуу, амалдарды жок кылат. Антпесе, ибадат кылуу үчүн көп жашоо жакшы нерсе. Бир хадиси шарифте: "Адамдардын эң жакшысы өмүрү узун, амалы жакшы болгон адам”, - деп айтылган. Эгер амал жакшы болсо, өмүрдүн узун болуусу өтө балуу. Бирок, адамдардын эң жаманы да хадиси шарифте айтылгандай, өмүрү узун болуп, амалы жаман болгон адам. Ал жашаган сайын күнөөнүн артынан күнөө кылат, күнөөлөрү артат, сооптору калбайт. Эгер жакшы амал кылса, анын да сооптору артат. Көп ибадат кылуу үчүн көп жашоо жакшы. Асри саадатта эки дос бирге мусулман болгон эле. Бирөө шейит болду, экинчиси бир жылдан кийин оорудан кайтыш болду. Экөө тең кайтыш болгондон кийин сахабалардын бири аларды түшүндө көрөт. Көрсө, бир жылдан кийин кайтыш болгон адамдын даражасы Бейиште жогору эле. Таң калат. "Бул адам шейит болду эле. Эмнеге мунун даражасы төмөн? Экинчиси шейит эмес эле, эмнеге даражасы жогору?” – дейт. Бул жагдайга таң калып, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга келип сурайт. "Мырзам, мен мындай түш көрдүм. Экинчисинин даражасы жогору эле”, - дейт. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Албетте, анын даражасы жогору болот. Анткени, ал алты миң рекет парз намазды андан көбүрөөк окубады беле? Бир жыл көбүрөөк жашады го. Сүннөттөрдөн тышкары алты миң парз. Бир жыл көбүрөөк орозо кармабады беле? Ушунча көп ибадат кылбады беле? Албетте, анын даржасы жогорураак болот”, - деп жооп берет. Биз дагы дубаларыбызда дайыма: "Йа, Рабби! Мага пайдалуу болгон илим насип кыла көр. Сак саламат бир дене бере көр. Зикир кылган бир тил бере көр. Узун өмүр, салих амал насип кыла көр” деп дуба кылуудабыз. Узун өмүр менен салих амал. Бири-бирибизге кылган дубада дайыма ушинтип дуба кылуудабыз өмүрүң узун болсун деп. Өзгөчө балдарга, жаштарга көп жаша деп айтабыз. Көп жашоо жакшы. Бирок, жыргоо, ойноп-күлүү үчүн көп жашоону каалоо тули амал болот жана зыяндуу. Бул адамдын амалдарын күйгүзүп жок кылат.

Амалдарды жок кылган нерселердин алтынчысы – зулумдук. Зулумдук – кыямат күнү зулмат, адамга караңгылык болот. Хадиси шарифте: "Мазлумдун каргышынан сактангыла”, - деп айтылат. Себеби, анын каргышы менен Аллаху тааланын ортосунда парда жок, түптүз Аллаху таалага жетет. Ал адам мазлумдун каргышынын зыянына дароо учурайт. Эч кимге зулумдук кылбайбыз. Анткени, зулумдук кылуу кул акысына да себеп болот, бизден акысын алат. Аллаху таала бизди жек көрөт, "Эмне үчүн зулумдук кыласың? Мен зулумдукка тыюу салган элем”, - дейт. Ал адам да мага эмне үчүн зулумдук кылдың деп эртең кыямат күнү биздин жакабызга жабышат. Бирок, эң чоң зулумдукту биз өз напсибизге кылуудабыз. Башкаларга мынчалык зулумдук кыла албайбыз. Акырында, бирөөгө эң чоң зулумдук кылсак, аны өлтүрүшүбүз мүмкүн. Бир нече мүнөт балким азап тартышы мүмкүн, андан кийин өлөт кетет, кутулат. Бирок, эң чоң зулумдукту биз өз напсибизге кылуудабыз. Өзүбүзгө-өзүбүз кылуудабыз. Өзүбүздү отко ыргытуудабыз. Мындан да чоң зулумдук болобу? Нахл сүрөсүнүн 118-аяти каримасынын маанисинде Аллаху таала: "Биз аларга зулумдук кылбадык”, - дейт. Албетте, тозокко ыргытылгандар бар, капырлар жана тозокко убактылуу ыргытылган фасык момундар бар. Алар тозокко ыргытылганда Аллаху таала:  "Биз аларга зулумдук кылбадык. Алар өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты”,  - деп айтууда. Башкача айтканда, алар бул акыбетти өзүлөрү даярдашты, бул абалга өздөрүн өздөрү туш кылышты. Аббаси халифаларынан Харун Рашид бир күнү доорунун улуу аалымы болгон Мухаммед бин Васи хазреттерине: "Мага кичине насаат айтсаңыз”, - дейт. Ал: "Сен жер бетинде жашган адамдардан эң көп кимди жакшы көрөсүң?” – деп сурайт. "Өзүмдү жакшы көрөм”, - деп жооп берет. Албетте адам, ар ким эң көп өзүн жакшы көрөт. "Эгер сен өзүңдү ушунчалык көп жакшы көрсөң, анда өзүңдү отко ыргытпа. Өзүңө боор оору. Күнөө кылба, Аллаху тааланын буйруктарын аткар. Өзүңдү оттон корго”, - деп ага насаат айтат. Негизи Аллаху таала бизди күнөөсүз да тозокко ыргытса, баары бир зулумдук кылган болбойт. Анткени, биз Анын мүлкүбүз. Ал мүлкүн өзү каалагандай колдонот. Эч кимдин ага ээ болууга акысы жок. Ошентсе да Аллаху таала эч бир пендесине хаша зулумдук кылбайт. Пенде эмне кылса, ошонун жообун алат. "Кымындай жакшылык кылсаңар сыйлыгын, кымындай жамандык, күнөө кылсаңар анын да жазасын аласыңар” деген аяти карима муну ачык айкын баяндоодо.

Ооба, бир нече күндүк кыска дүнүйө жашоосу үчүн, бир нече секунддук уулуу балдай болгон күнөөлөрдү кылып, өзүбүздү түбөлүк бакыттан, Бейиштен, Аллаху тааланын ыраазылыгынан куру калтыруудабыз. Мындан да чоң зулумдук болобу? Биздин өзүбүзгө өзүбүз кылган нерсебизди башка эч ким кыла албайт. Бир аял бир күнү Абу Хазм хазреттерине: "Кыш келди. Жагдайыбыз начар. Тамак-аш, отун, кийим-кече керек. Булардын баары керек. Эмне кылабыз?” – дейт. Ал: "Туура, булар керек. Бирок, өлүм да керек. Тирилүү да керек. Кыямат күнү туруп эсеп берүү да керек. Андан кийин сырат көпүрөсүнөн өтүү да керек. Бейишке кирүү керек. Булар да керек”, - деп жооп берет. Башкача айтканда, бир гана кышты, тамак-ашты, кийим кечени ойлосок, бул жаңылыш. Түбөлүк жашообузга да кайдыгер болбошубуз керек. Эң көп ошол жерге даярданышыбыз керек. Аллаху таала баарыбызды ийгиликтүү кылсын.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш