Кутулууга ээ болгон момундардын сыпаттары Муминун сүрөсүнүн башында ачык
баяндалат. Ыйман келтирүү шарт, ыймансыз болбойт. Ыймансыз бир да амалдын
пайдасы жок. Бирок, ыйман менен бирге кээ бир амалдар да керек.
Бул кутулууга ээ болгон момундардын биринчисыпаты – намаздарын хушу менен окушат.
Намазга турган кездеринде кимдин алдында экендиктерин, ким менен сүйлөшүп
жатышкандыктарын, кимге кайрылып жатышкандыктарын билишет. Биз намазда
Раббибизге кайрылуудабыз. Аны менен түздөн түз сүйлөшүүдөбүз. Ошондуктан, мына
ушундай ой-сезим менен намаз окусак намазыбыз башкача болот. Жалгыз жашаган бир
кишиден: "Сен минтип жалгыз жашоодон тажабайсыңбы? Жаныңда эч кимиң жок”, - деп
сурашыптыр. "Мен жалгыз эмесмин”, - дептир. "Жаңыңда ким бар?” – дешсе: "Мен
Раббим менен биргемин. Мен намаз окуганымда Аны менен сүйлөшөм, Ага кайрылам.
Курани карим окуган кезимде Ал мага кайрылат, мени менен сүйлөшөт. Ошондуктан
мен жалгыз эмесмин”, - деп жооп берген экен. Хушу менен, билип, сезип намаз
окуу - намаздын руху. Денебиздин руху болгондой жана ансыз денебиз эч нерсеге
жарабагандай эле ибадаттарда да хушу, ихлас жок болсо эч кандай баасы жок.
Хадиси шарифте айтылат: "Эгер бир момун намазга турганда башка нерсени ойлобой
толук берилип, кимдин алдында экенин жана эмне кылып жатканын билүү менен намаз
окуса Аллаху таала ага таважжух кылат. Эгер башка нерселерди ойлосо, намазда
башка нерселерди эстесе, анда Аллаху таала андан ираз кылат (андан жүзүн бурат),
ага таважжух кылбайт. Эгер бир адам биз менен сүйлөшүп жатканына карабастан
башка жакты карап жатса канчалык жинденебиз. Сени менен сүйлөшүүдөмүн, мени
кара дейбиз. Ушул сыяктуу эле Раббибиз менен сүйлөшкөндө, анын алдында турган
кезибизде башка нерселер менен алектенбешибиз керек. Эгер намаз ушундай окулса
андан чоң лаззат алынат. Дүнүйөнүн эч бир зоок жана ырахатында мындай лаззат
жок, эч нерсе менен алмаштырууга болбойт. Табииндин улууларынан Раби бин Хусейм
хазреттери бир саякаттан кайтып келе
жатканда намаздын убактысы кирип калат. Анын жыйырма миң дирхам баалуу асыл
тукум аты бар эле. Аны бир даракка байлап коюп намазга турат. Намаз окуп
жатканда бир киши келип атын чечип, минип кетип калат. Албетте, ал да намаздан
кийин атын таба албагандан кийин жөө басып, үйүнө келет. Атынын кайда экенин
сурашат. Ал болуп өткөн окуяны айтып берет. "Намаз окуп жатканымда бирөө келип
атты чечип алып кетти”, - дейт. "Макул, сен ал атты чечип жатканын көргөн
жоксуңбу?” – дешет. Көргөнүн айтат. Эмне үчүн ага тоскоол болбогонун сурашат. "Мен
намазда болчумун. Намаз окуп жатканымда келди. Бирок, эсептеп көрдүм. Намазымды
бузсамбы кантсем, намаз баалуубу же асыл тукум атпы? Карасам, намаз андан баалуу.
Ошондуктан, мейли атым кетсе кетсин дедим да, намазымды бузган жокмун.” Алар
намаздан ушунча көп лаззат алышчу. Абу Сулейман Дарани хазреттери да: "Эгер
намаздардагы лазаттар болбогондо мен өзүмдү бул дүнүйөдөн ырахат алдым деп
эсептемек эмесмин”, - деген. Айрыкча түнкү намаздагы лаззат башкача. Эгер
Раббибиз бизге: "Сен мага намаз окудуң, мен болсо сага ушунча лаззат мнен
ырахаттык бердим”, - деп муну анын сыйлыгы деп эсептесе биз карыздар болуп калабыз, эч кандай
сообубуз болбойт. Анткени, биз кылган ибадаттын эселеген сыйлыгын лаззат жана ырахаттык
менен алдык. Намаз ыймандан кийинки эң маанилүү ибадат. Тозокко ташталгандардан
сурашат. Силердин күнөөңөр эмне эле? Эмне үчүн силерди бул жакка жиберишти?
Эмне үчүн бул азапка татыктуу болдуңар? Түрмөдө киргендерден да эмне үчүн бул
жерге келдиң, күнөөң эмне эле деп сурашат эмеспи? Алар да күнөөсүн айтышат эмеспи? Алардын
биринчи айткан күнөөлөрү: "Биз намаз окугандардан эмес элек, биз намаз окучу
эмес элек”, - дешет. Биринчи жана эң маанилүү күнөө ушул. Анткени, алар
билишчү. Биринчи суроо да ушул эле. Хадиси шарифте айтылат: "Кыямат күнү
адамдардан эң биринчи сурала турган нерсе намаз маселеси болот.” Эгер намазда
кемчилиги жок болсо калган эсеби жеңил болот. Эгер намазда кемчилиги бар болсо
калган эсеби да оор болот. Муну билишкендиктен жана биринчи суралган суроо да
намаз тууралуу болгондуктан, алар биз намаз окугандардан эмес элек дешет. "Биз
кедейлерге, муктаждарга боор ооручу эмес элек, аларга жардам берчү эмес элек.
Бир гана капчыгыбызды жана ашказаныбызды ойлочу элек жана күнөөгө баткандар
менен бирге күнөөгө батчу элек. Кээ бир жерлерде күнөө кылынса биз да аларга
кошулуп, алар менен бирге болчу элек”, - деп кылган күнөөлөрүн санашат.
Кыскасы, айтмакчы болгон нерсе – биринчи күнөө намаз окубастык дешет.
Кутулууга ээ болгон момундардын экинчи сыпаты – бош, дүнүйө жана акыретине пайдасы
жок нерселерден алыс болушат. Эгер бир адам бир сөздү айтып жатканда же бир
ишти кылып жатканда өзүнүн дүнүйөлүк жана акыреттик кызыкчылыгы болушу керек же
өзүн же башка бирөөнү зыяндан коргоосу керек, ушинтип бул ишти кылуу керек жана
сөздү айтуу керек. Эгер дүнүйөлүк жана акыреттик эч бир кызыкчылыгыбыз жок
болсо, эч бир зыяндан бизди коргобой жаткан болсо, башка бирөөгө эч бир
пайдабыз тийбей жаткан болсо анда ал ишти кылуудан алыс болушубуз керек.
Себеби, убактыбыз өтө баалуу, жолубуз узак, кыла турган иштерибиз көп.
Ошондуктан, бош нерселерден алыс болгон момундар - кутулууга ээ болгон
момундардан.
Үчүнчүсү – зекеттерин бергендер. Зекат нисаб өлчөмүндө мал-мүлкү бар бай
адамдардын жыл сайын зекет берүүлөрү милдеттүү жана бул Исламдын шарттарынын
бири. Эгер Раббибиз бардык мал-мүлкүбүздү берүүнү буюрганда аны баары бир
беришибиз керек эле. Анткени, биз да, мал-мүлкүбүз да, бардык нерсебиз да -
Аллаху тааланын мүлкү, макулугу. Биз бул дүнүйөгө келип жатканда эмнебиз бар
эле? Биз жылаңач төрөлбөдүк беле? Бардык нерсени Аллаху таала бизге ихсан
кылды. Мүлк Аныкы, бардык нерсе Аныкы. Бирок, баарын эмес, кырктан бирин
берүүбүздү буюрду. Башкача айтканда, отуз тогузу силерге калсын, бирөөсүн
кедей, муктаж мусулман боордошуңарга бергиле деп буюрууда. Бул канчалык аз,
ошону менен бирге канчалык жакшы! Мал-мүлкүнүн зекетин бербегендерге Аллаху
таала чоң коркунучтарды убада кылууда. Алтын жана күмүштү жыйнап, алардын
зекетин бербеген, алардын кедей-муктаждардын акысы болгон бөлүгүн бербеген,
акыларын сактабаган адамга ачуу азапты кабарла деп Пайгамбарабыз алейхиссаламга
буйрууда. Башкача айтканда, аларга ачуу Тозок азабы бар.
Кутулууга жеткен момундардын төртүнчү сыпаты – уяттуулук жана ар-намыстуулук
чөйрөсүндө жашашат. Башкалардын уят жана ар-намысына көз артышпайт. Өздөрүнүн
жубайларынан башкаларга жаман көз менен карашпайт.
Бешинчи сыпаты – аманатты сакташат. Аларга бир нерсе аманат кылып тапшырылганда ал
аманатка кыянат кылышпайт. Аманатка кыянат кылуу мунафыктыктын белгилеринен.
Хадиси шарифте айтылат: "Мунафыктын белгиси үчөө: сүйлөгөндө жалган айтат,
убада, сөз берген кезде сөзүнө турбайт, ага ишеним билдирилген кезде аманатка
кыянат кылат. Демек, ушул үч нерсе өтө маанилүү жана ушул үч нерседен сөзсүз
сактануу керек. Сүйлөгөн кезибизде жалган айтпоого, сөз берген кезибизде
сөзүбүзгө турууга жана бизге ишеним билдирилген кезде аманатка кыянат кылбоого
дыкат болушубуз керек. Анткени, булар мунафыктыктын белгилери. Аманаттын түрү
көп. Бул бир сыр болушу мүмкүн. Бир адам бизге бир сырын айтышы, жашыруун бир
маселесин бизге ачып, биз менен кеңешиши мүмкүн. Эгер биз муну барып башкаларга
айтсак, бул аманатка кыянат кылган болобуз. Ал бизге ишенди, аны бизге ачты,
биз болсо барып аны башка бирөөгө айтпашыбыз керек. Же бизге кандайдыр бир
мал-мүлкүн берди, бизге ишенип мал-мүлкүн аманат кылып тапшырды. Же бир баласын
аманат кылып тапшырды. Буларга кыянат кылбашыбыз керек. Өзүбүздүн мал-мүлкүбүз
же перзентибиз сыяктуу карашыбыз керек. Имам Газали хазреттери (рахимахуллах)
менен бир тууганы Ахмет жаш кезинде алардын энеси кайтыш болгон эле. Аларга
атасы карачу. Атасы да картайып, ал да ооруп калды. Өлөөрүнө аз калганда бул
эки баласын бир досуна аманат кылып тапшырды. Булар сага аманат болсун, буларга
өз балдарыңдай кара, буларды окут, мен өлөөр алдындамын. Буларга карай турган
эч ким жок деп ошол досуна тапшырат. Ал кедей болсо да бул балдарды чоңойтот, медресеге жиберет.
Натыйжада экөө тең чоң аалым болуп чоңоюшту жана Исламга чоң кызмат кылышты.
Алар бүгүнкү күндө да чоң кызмат кылышууда, бүткүл ислам ааламына илим
үйрөтүшүүдө жана кызмат кылышууда. Аманатты сактоо ушундай болот. Өз баласындай
карады, чоңойтту, окутту жана чоң кызматтарга себепкер болду. Албетте, ал да
алар кылган кызматтарга орток болот. Бизге да бирөө бир баласын, бир тууганын
аманат кылса ал аманатты сакташыбыз керек, өзүбүздүн балабыздан артык карашыбыз
керек. Бул аманат адамдар тарабынан болгондой, аманат Аллаху таала тарабынан да
болушу мүмкүн. Биздин бардык дене мүчөлөрүбүз аманат. Раббибиз тарабынан
жаратылган жана бизге берилген. Белгилүү бир убакыт үчүн берилген. Аманат
дегенибиз мурда биздики болбогон, кийин да биздики болбой турган жана белгилүү
бир убакытка чейин бизде кала турган нерселер дегенди билдирет. Мал-мүлкүбүз,
дене-мүчөлөрбүз, денебиз сыяктуу нерселер, булардын баары бизге аманат.
Анткени, ал мурда биздики эмес эле, жок эле. Андан кийин да чирип, топуракка
айланат, белгилүү бир убакытка чейин биздин колубузда калат. Буларды биз
жараткан жокпуз, сатып алган да жокпуз. Булар Раббибиздин ихсаны. Маселен, бул
дүнүйөдө ыңгайлуу жашообуз үчүн сизге кол-бут берди. Бирок, буларды бизге берип
жатып: "Кара, бул колу-бутту сага аманатка берүүдөмүн. Булар сеники эмес болчу. Буларды мен жасадым, жараттым, мына
эми сага аманат кылып берүүдөмүн. Бирок, сен аларды баланча-баланча жерлерде
колдонбойсуң, күнөө иштерге колдонбойсуң, мен буга ыраазы эмесмин”, - деди.
Эгер колу-бутубузду күнөөгө колдонсок, күнөө кылуу менен катар аманатка
кыянаттык кылган да болобуз. Башкача айтканда, аманаттардын ээси каалабаган
түрдө аларды колдонгон болуудабыз. Бул болсо биз үчүн чоң жамандык жана
чыккынчылык болот. Бул арам болгон нерселер ансыз да аз. Адал чөйрөсү болсо кеңири.
Биздин ырахаттык алуубузга жетиштүү, арамга жанашуунун эч кереги жок. Көз жана
кулак да ушундай. Буларды бизге берген, бирок, баланча-баланча жерлерде
колдоносуң, ошол кенен чөйрөдө колдонууга мүмкүнчүлүк жана уруксат бар. Бирок,
бул жерде да кээ бир арам нерселерде колдонбойсуң. Алар сен үчүн коркунучтуу.
Арамдар да биз үчүн коркунучтуу болгондуктан тыюу салынган. Биз үчүн чоң жамандыктарга
жол ача тургандыктан тыюу салынган. Мисалы, светофордун кызыл чырагы жол
кыймылында биз үчүн күйүп турат, мында коркунуч бар. Өтпө, өтө турган болсоң
бирөө менен кагылышасың, өмүрүң коркунучка кирет деп муну өзүбүз үчүн
токтотууда. Ошон үчүн ага баш ийип токто дегенде токтоо керек. Арамдан сактануу
керек.
Алтынчысы – намаздарына ээ болгондор, намаздарын сактагандар. Намаздарын
сактоо – бул өз убагында окуу, казага калтырбоо дегенди билдирет. Намазды
казага калтыруу өтө чоң күнөө. Бир асыр намазын атайылап казага калтырган адам
бүткүл дүйнөнүн падышалыгы аныкы болсо, алардын баарын заматта жоготуп алса,
андан да көп зыянга учураган болот. Башкача айтканда, бир убак намаз бүткүл
дүйнөнүн падышалыгынан да баалуу. Дүнүйөнүн падышалыгы убактылуу, өткүнчү.
Ансыз да таштап кетебиз. Бирок, намаз абдан маанилүү, туруктуу, азабы да өтө
чоң. Эгер окубаган болсок, казага калтырган болсок азабы да өтө оор. Ушуну
менен катар намазды сактап калуу руку жана саждаларды өз ордунда аткаруу,
намазды шашып окубоо менен болот. Эң чоң уурулук намаздан уурдоо деп айтылат.
Намазда уурулук кылган болбойт. Бардык намазда руку, сажда, баарын тадили
эрканы менен орундоого милдеттүүбүз. Бул жерде Раббибиз момундардын сыпаттарын
санап жатып, намаз менен баштап, намаз менен бүтүрдү. Бул да бизге намаздын
маанилүүлүгүн билдирет. Андан кийин бул сыпаттарга ээ болгондор үчүн чоң
сүйүнчү да бар. Аяти кариманын аягында Раббибиз булар мурасчылар деп айтууда.
"Улааика хумул варисун” – булар мурасчылар. Бир бай адам өлсө анын мурасчылары
болот. Мурасчылары анын мүлкүн өз-ара бөлүштүрүп алышат. Ал эми булар эмненин
мурасчылары? Булар Бейиштин мурасчылары, Бейиш аларга мурас болуп калган. Алар
Бейиште түбөлүк калуу шарты менен, эч кандай кыйынчылык, кайгы көрбөө шарты
менен бүткүл бир түбөлүк жашоону ошол саадат жана хузурда өткөрө турган Бейишке
мурасчы болушат. Аллаху таала муну баарыбызга насип кылсын!