Эгер адам баласынын узак бир өмүрү болсо жана мунун баарын Аллаху таалага ибадат
менен өткөрсө, төрт нерсени билмейинче анын эч кандай баасы болбойт. Бул төрт
нерсе сөзсүз билинүүгө тийиш. Булардын биринчиси жана эң башкысы – марифатуллах, Раббин таанууга тийиш,
Анын барлыгына жана бирдигине ишенүүгө тийиш. Эгер жаратуучу болбосо жаратылган
да боло албайт. Бул ойду көңүлүнө туюп алууга тийиш. Бүткүл ааламды эң мыкты
көрүнүштө жараткан болуп, мындан да мыктыраагы болушу мүмкүн эмес. Алгач
өзүбүздү карап көрөлү! Эч кандай кемчилигибиз жок, эч кандай ашыкчалыгыбыз да
жок. Эгер кандайдыр бир дене мүчөбүздө ашыкча болгондо же кем болгондо
жакшыраак болмок деп айта албайбыз. Мисалы, эки кол ашыкча, бир эле кол жетмек
эле же эки кол аз, үчөө болгондо ыңгайлуу болмок деп айтуу мүмкүн эмес.
Манжаларыбыз да ушундай. Он манжабыз бар. Эгер он бир, он эки же андан да көп
болгондо жакшыраак болмок же булар ашыкча, азыраак болгондо жакшыраак болмок
деп айта албайбыз. Бул манжалардын тизилиши, жайгашкан орду да өтө мыкты. Эң
мыкты түрдө тизилген. Эгер булардын орду алмаша турган болсо, мынчалык рахат
жашай албайбыз. Раббибиз бизге ушунча нематтарды ихсан кылды. Бул нематтарды
жей алуу үчүн бизге табит да берген жана чайнай алуубуз үчүн да тиштерди
берген. Бул тиштерди бөбөктөргө берген эмес. Анткени, бөбөк эне сүтүнөн башка
нерсени иче алышпайт, жей алышпайт. Эне сүтүн иче алуу үчүн болсо тиштердин
кереги жок. Эгер бөбөктөрдө тиш болгондо энесинин көкүрөгүн оорутмак жана аны
кыйнамак. Ошондуктан, бөбөктөрдө тиш жок, бирок, бизде тиш бар. Себеби, биз
жеп-ичүүгө муктажбыз. Бул тиштерди отуз эки кылып жараткан. Эгер муну бир бүтүн
сөөк көрүнүшүндө жаратканда абдан кыйналмакпыз. Эгер бир жери ооруганда,
тишибизди толук жулдуртуу керек болмок. Бир жагынан жулуу кыйын болмок, экинчи
жагынан курт жеген бир эле жеринен улам толук тишсиз калмакпыз. Бул отуз эки
тиштин бирөө же экөөсү бузулса же жулунса да калгандары менен эптештирмекпиз.
Булардын тизилиши да өтө мыкты. Эгер булардын орду алмашса, арттагылар алдыга
жылса, анда да кыйналмакпыз жана пайдалана алмак эмеспиз. Булардын бардыгы
кантип кокусунан пайда болуп калышы мүмкүн? Эгер бир маймыл клавиатуранын
башында отурса, клавиатураны туш келди басса, түшүнүктүү бир текстти жазуусу
мүмкүн эмес. Мисалы, "жүрү” деген сөздү жаза алуусу өтө кыйын.
Миңдеген түшүнүксүз сөздөрдүн арасында балким бир "жүрү” деген сөз да жазылып
калышы ыктымал. Бирок, "жүрү кетели” деген сөздү болсо бир маймылдын кокусунан жазуусу
мүмкүн эмес. Өзгөчө "жүрү кетели, базарга соода кылууга” сыяктуу түшүнүктүү
узун сүйлөмдүн жазылып калуусуна бир да акыл ыктымал бере албайт. Мындай нерсе
болуусу мүмкүн эмес. Кокусунан болуп калуусу мүмкүн эмес. Раббибиздин нематтары
эсепсиз көп. Эгер Анын нематтарын саноого аракет кылсак бүтүрө албайбыз. Биз
бул нематтар тууралуу ойлойбуз, Раббибизге хамд айтабыз жана Аны катуу жакшы
көрөбүз. Ал бизди жаратпоосу да мүмкүн эле, бирок, жаратты. Эгер бизди
жаратпаганда эч ким Аны суракка алмак эмес. Ал бизди адам кылып жаратты.
Кандайдыр бир коңуз же айбан кылып да жарата алмак. Бизди жашатууда, биздин
жашоо үчүн эмне керек болсо баарын жараткан болуп, бизге ихсан кылган.
Абабызды, суубузду, азыгыбызды Ал ихсан кылууда. Аба менен ар бир көз ирмемде
биздин жашообузду сактоодо. Жол кырсыгына учураган бир адамды ойлоп көргүлө.
Кан жоготууда. Жанынан бир адам өтүп баратканда аны унаасына алып, бир
ооруканага жеткирип, кан жоготуудан аман калууда. Ал адам аны куткарган адамды
качан көрсө чоң ыраазычылык сезими менен ага сый-урмат көрсөтөт жана: "Сен
менин өмүрүмдү сактап калдың. Эгер сен келбегенде, мени ооруканага
жеткирбегенде, балким мен кан жоготуудан кайтыш болмокмун”, - деп айтат.
Раббибиз бизди ар бир көз ирмемде өмүрүбүздү сактоодо. Эгер аба болбогондо биз
кантип жашай алмак элек? Бүткүл ааламды да бизге кызмат кылдыртууда. Күндү,
Айды, жылдыздарды, булуттарды, айбандарды, бак-дарактарды ж.б,. Эми оюбузга бир
суроо келет. Макул, буларды эмне үчүн кылууда? Буга эч ким, эч кандай философия
жана илим жооп бере албайт. Бир гана дин жооп бере алат. Мунун бир гана жообу
бар. Ал болсо - Раббибизди таануубуз, Ага баш ийүүбүз үчүн. Биз Раббибизди
тааныйбызбы? Ушунча көп нематтарга ээбиз, жашообуз уланууда. Аны тааныйбызбы?
Бул суроого да тилекке каршы көбүнчө "жок” деген жоопту бергенге аргасызбыз.
Тааныгандар бар, бирок, аз. Мунун ичинде акырет бар, эсеп бар.
Билүүбүз керек болгон экинчи нерсе – шайтан. Шайтандын бизге азуулуу душман
экенин эч качан унутпашыбыз керек. Раббибиз да бизге аны душман деп билүүбүздү
буйрууда. Анткени, атабыз Адам алейхиссаламдан тарта ага жана анын урпактарына,
бизге душман. Анткени, анын себеби менен Бейиштен кууп чыгарылды, каргышка
учурады, жазаланды. Ага сажда кылбагандыктан Аллаху таала аны Бейишинен кууп
чыгарды жана түбөлүк тозоктук кылды. Эми анын Адам алейхиссаламды жана урпактарын
жакшы көрүүсү мүмкүнбү? Ал кантип бизге дос боло алат? Ал ушундай чоң душман
болгондуктан эч уктабайт. Биз уктаган кезде да ал уктабайт. Биз аны көрө
албайбыз. Бирок, ал бизди көрөт. Жүрөгүбүзгө да таасир бере алат. Сехли Тустери
хазреттерине бир адам келип: "Кечээ түнү биздин үйгө ууру кириптир. Эч
нерсебизди калтырбаптыр. Баалуу болгон бардык нерсебизди уурдап кетиптир”, -
дейт. Ал мындай дейт: "Сен шүгүр кыл, ууру үйүңө кирди, оокаттарыңды уурдап
кетти. Эгер шайтан жүрөгүңө киргенде, жүрөгүңдү бузганда, жагдайың эмне
болмок?” Шайтандан Аллахыбызга, Раббибизге сыйынабыз. Себеби, ага биздин
күчүбүз жетпейт. Эгер Раббибиздин жардамы болбосо, биз аны жеңе албайбыз.
Шайтан итке окшош. Бир үйүрдүн жанынан өтүп баратканда үйүрдүн иттери бизге кол
салса, аларга каршы канчалык күрөшпөйлү, ал иттерди канчалык алыстатканга
аракет кылбайлы, баары бир бизге кол сала беришет. Ал эми үйүрдүн ээсине кабар
берсек, ал иттерин чакырса, иттерине бизден баш тартууну айтса, иттер бизден
баш тартат. Болбосо иттерди жеңүүбүз өтө кыйын.
Билүүбүз керек болгон үчүнчү нерсе – напсибизди таанышыбыз керек. Ал да
шайтандын досу. Ал тургай эки себептен улам шайтандан да коркунучтуу.
Биринчиси, ал сүйкүмдүү душман. Ар бир адам өз напсин жакшы көрөт. Экинчиси, ал
дайыма адамдын ичинде. Шайтан сыяктуу кээде кирип, кээде чыкпайт. Көптөгөн
адамдарды балээ-кырсыктарга түрткөн, маскара жана шерменде кылган. Кыяматта
адамдардын тозокко ташталуусуна себеп болгондордун жакасына жабышылат. "Сен
эмне үчүн жамандыктарды, күнөө иштерди кылдырып, бүгүн бул азаптарды тартуума
себепкер болдуң?” – деп адамдар бири-биринин жакасына жабышышат. Ошондуктан, эң
чоң душманыбыз шайтандын жакасына жабышабыз. "Сен мени ушул жаман акыбетке
дуушар кылдың”, - дейбиз. Шайтан болсо: "Мени жамандабагыла, мени урушпагыла.
Силер өзүңөрдүн напсиңерди урушкула. Себеби, мен силерге болгону сунуштадым,
напсиңер болсо буга макул болду. Бул жамандыктарды өзүңөр кылдыңар. Ошондуктан,
жамандала турган, урушула турган бирөө жарым бар болсо анда ал - силердин
напсиңер”, - деп эң чоң душманыбыз өз напсибиз экендигин бизге билдирет.
Билишибиз керек болгон төртүнчү нерсе – кыла турган иштерибизди билишибиз
керек. Эмне кылганыбызды, кантип амал кылганыбызды билишибиз керек. Билбей
туруп кандайдыр бир ишти кылсак, каш алам деп көз чыгарган болобуз. Аллаху
тааланын бизге көптөгөн буйруктары бар, кээ бир тыюулары да бар. Буйруктары
"таат” деп аталат, тыюулары болсо "масиет, күнөө” деп аталат. Буйруктарын
аткарабыз, тыюуларынан болсо сактанабыз. Буларды кылып жатканда бул амалыбыз
төрт мазхабдын бирине шайкеш болуусу керек. Эгер бул төрт мазхабдын сыртында
амал кылып жаткан болсок биздин амалыбыз эч нерсеге жарабайт. Бул төрт мазхаб
миң жылдан ашуун бүткүл ислам ааламы тарабынан тастыкталган жана төртөөнүн тең
туура экендиги такталган. Ар мазхабда миллиондогон улуу аалымдар чыккан жана ар
биринде, мисалы, ханафи мазхабында бир миллиондон ашуун мужтахид аалым келген.
Алар: "Биздин мазхабыбыз хак, калган үч мазхаб да хак”, - дешкен. Малики
мазхабында дагы миллиондогон аалым келген. Алар да дал ошондой өз мазхабын жана
калган үч мазхабды тастыкташкан. Шафии мазхабында да ушундай, Ханбали
мазхабында да ушундай. Башкача айтканда, бул төрт мазхабдын хак экендигине
жалпылай алганда төрт миллиондон ашуун аалымдардын тастыгы бар. Ошондуктан,
амалдарыбыз сөзсүз ушул төрт мазхабдын бирине шайкеш болушу керек. Эгер бул
төрт мазхабдын сыртында амал кылып жаткан болсок, миң жыл өмүрүбүз болсо жана
ушул миң жылды тең ибадат, таат менен өткөрсөк, бир да күнөө кылбасак, бардык
буйруктарды аткарсак ката кылган болобуз жана эч нерсеге жарабайт. Акыркы
убактарда мазхабдарды четке каккан кээ бир жамааттар бар. "Мазхабдар эмне болуп
калыптыр? Биз мазхабдарга баш ийбейбиз. Биз түздөн түз Курани каримден жана
хадиси шарифтерден өкүм чыгарабыз, ушуларга ылайык амал кылабыз”, - деп
айткандар бар. Бирок, булар абдан жаңылыш. Мындай нерсе болуусу мүмкүн эмес.
Амалдар сөзсүз туура кылынууга тийиш. Туураны кантип аныктоого болот? Ушунча
жылдар, ушунча кылымдар өтүп, туура экендигине ушунча тастык бар болгон бир сөз
– бул төрт хак мазхаб. Алардын бирин карманып, амалдарыбызды ага ылайык кылууга
тийишпиз. Антпесе, эч нерсеге жарабай калат.