Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жакшы көрбөсөң же, жок болсун




Жакшы көрбөсөң же, жок болсун


* Кыйынчылыктарга чыдоо, ачууланбоо, жылуу жүздүү жана таттуу сөздүү болуу көркөм ахлактан.

* Эгер мал-мүлктү жакшы көрсөң аны орундуу сарпта, сага түбөлүктүү дос болсун! Эгер жакшы көрбөсөң же, жок болсун.

* Сабырдуу адамдар – кыйынчылыктарга чыдоону мүнөзгө айлантып алгандар.

* Илими арткан сайын күнөөсү арткан адам анык куруйт.

* Аллаху тааланы сүйгөндөр дүнүйө жана акырет сый-урматына жетип кетишти. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Адам сүйгөнү менен бирге”, - деп буюрду.

* Өлгөндөн кийин сага пайда алып келбеген бардык жумушту ташта! Эгер ушундай кылсаң, качан өлсөң да зыянда болбойсуң.

* Илим үйрөнүүнүн 4 шарты: 1- Унчукпоо жана адептүү болуу. 2- Кунт коюп угуу жана жаттоо. 3-Үйрөнгөн нерсесине амал кылуу. 4- Башкаларга үйрөтүү, баарына жайылтуу.

* Эң көп сүйүнгөн нерсем – Аллаху тааланын мага ихсан жана икрам кылган ыйман нематы. Эң көп корккон нерсем - анын менден кетүүсү.

* Аллаху таалага моюн сунуу бир казынага окшош. Бул казынанын ачкычы дуба, ачкычынын тиштери болсо адал тамак.

* Аллахтан коркуу сени Ага жеткирет жана өзүңдү өзүң жактыруудан алыс кылат.

* Конок тосууда да ысырапкорчулук адал эмес.

* Адамдардан келчү кыйынчылыктарга сабыр кылбаган, аларга жооп кайтарууну токтотпогон адам сабырдуу саналбайт.

* Жакшы мүнөз – башкаларды кыйнабоо жана алардан келчү кыйынчылыктарга чыдоо.

* Адам өлүмдү эстеген сайын көрө албастык менен ичи тардыкты таштайт.

* Текеберлер өзүлөрүнүн бир тамчыдан пайда болгонун, акыры чириген жана сасып кеткен өлүккө айланаарын билишсе дагы текебердик кылышат. Алар эмнесине ишенишет?

* Мартабалардын эң жогорусу - жаман бир мүнөздү жакшы мүнөзгө айлантуу.

*Адам Аллаху таалага ибадат кылмайынча халим, жумшак боло албайт.

* Өлүмдү чындап таанып-билген бир адамга дүнүйөнүн балээ-кыйынчылыктары, дарт жана көйгөйлөрү абдан жеңил көрүнөт.

* Бир адамдын акмак экендигинин белгиси – өзүнүн кемчилигин таштап, башка бирөөңүн кемчилиги менен алек болушу.

* Эне-атага адал жана мубах болгон нерселерде моюн сунулат. Арам жана шектүү нерселерде эмес.

* Жалкоо адамдын үч белгиси бар: 1-Кайдыгер. 2- Көңүлкош. 3-Убакытын текке кетирет. Атүгүл, күнөө да кылат.

* Ашказаныңарга түшкөн тамактын арам же адал экенине көңүл бурмайынча эмне кылсаңар да кутула албайсыңар.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш