Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Илим көтөрмөлөйт, жахилдик төмөн түшүрөт




Илим көтөрмөлөйт, жахилдик төмөн түшүрөт


* Илим көтөрмөлөйт, жахилдик (караңгылык) төмөн түшүрөт. 

* Ахлак жана адеп – акылдын сырткы көрүнүшү. Адамдын акылы адебине жараша болот. 

* Акылдагы жетиктиктин шарты – адеп жана ахлакта жетиктик. 

* Жакшы адам – үй-бүлөсүнө жана балдарына пайдалуу адам. Бардык пайда Ахли сүннөт ишениминде. 

* Ислам дини – бардык нематтардын чогултулуп, адамдарга тартууланган түрү. 

* Акылдуу адам акылын колдонот. Андан да акылдуу адам башкалардын да акылын колдонот. 

*Адамдын жүрөгүндө канчалык текебердик бар болсо анын акылында ошончолук кемчилик бар. 

* Текебер адам – отко ышкылуу адам дегендик. 

* Башкаларга жүк болгон адам төмөндөйт. 

* Тил жырткыч айбан сыяктуу. Эгер бош коё берилсе бырчалап салат. Бирок, алгач өз ээсин.

* Бардык жамандыктардан сактануунун жолу – тилди тыюу. 

* Сөз ташуу, башкача айтканда, чагымчылдык кылуу – аманатка кыянат кылуу. 

* Сөз дары сыяктуу. Азы пайдалуу, көбү зыяндуу. 

* Өзүнө боор оорубаган адам эч качан башкага боор оорубайт. Өзүнө боор ооруунун, башкача айтканда, жакшылык кылуунун жолу – беш убак намаз. 

* Жаман адам эч ким жөнүндө жакшы ойдо болбойт. Анткени, ал ар бир адамды өзүндөй көрөт. Бардык жамандыктын башаты – жаман дос. 

* Адам өз тилинин астында. Эгер сүйлөтсөңүз эмне экенин түшүнөсүз.

 * Бир парзды өз убагында аткаруу миң жылдык нафил ибадаттан жакшыраак.

 * Эгер жүрөк таза болсо тилден жакшы сөздөр чыгат. Тил – жүрөктүн күзгүсү.

 * Эмгектенип табыш табууда түйшүк тартпаган адамда жакшылык жок.

 * Зериккен кезиңерде эмгектенгиле.

 * Дүнүйөдө жана акыретте жакшылык ыйман, намаз жана сабырдуулук менен колго тийет.

 * Сабыр кылбаган жеңишке жете албайт.

 * Эгер өлгөндөн кийин жашагыңар келсе өлбөс бир мурас калтыргыла.

 * Адепти үйрөнбөй туруп илимди үйрөнүү мүмкүн эмес.

 * Жолуңду, акчаңды, итикадыңды эч кимге айтпа.

 * Чыныгы сүйүү – жакшылык жана жамандыкты көргөндө өзгөрбөгөн сүйүү.

 * Эмгектенбестен ар кимге муктаж болгондордун дини жана акылы кемчил болот.

 * Өз илими менен амал кылбаган аалымдын илимине ишенүүгө болбойт.

 * Ачкаларды тойгузуу кечиримдүүлүккө себеп болот.

 * Акылдуу адам – корккон нерсеси башына түшө электе анын алдын алган адам.

 * Шүгүр кылынган немат туруктуу болот.

 * Жеке көз карашын жактырган адам туураны таба албайт.

 * Башкалардын кемчилигин издөөнү таштаган адам өз кемчилигин көрүп, оңдойт.

 * Акмактык – катадан кайтпай туруп алуу.

 * Жаман мүнөздөн арамдан сактангандай сактангыла.

 * Үч нерсе жүрөктү өлтүрөт: көп сүйлөө, көп уктоо, көп жеш.

 * Дини жана ыйманы жөнүндө "Акырым эмне болот?” деп бактын жалбырагындай титиребеген адамдын акыры коркунучтуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш