Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ар бир күндү акыркы күнүң деп бил




Ар бир күндү акыркы күнүң деп бил


* Ар бир күндү акыркы күнүң деп бил.

* Ар бир намазды акыркы убак деп бил.

* Текебердик бардык жакшылыктарга тоскоол. 

* Кеңешүү напсини сындырат.

* Өкүм натыйжага жараша берилет.

* Жамандык селдей тез жайылат. 

* Эң кыйын иш – диний китеп жазуу.

* Эң жакшы иш – динибизге кызмат кылуу.

* Ачууланба, жумшак бол, көп эмгектен. 

* Шейит болуп өлүү үчүн дуба кылуу керек.

* Адептүүлүк бул – өзүн кемчиликтүү деп билүү.

* Көп ибадат кылсаң да тообо кыл! 

*Аллахтан корккон адам кутулат.

* Жакшылык кылсаң дайыма жакшылык көрөсүң.

* Мусулмандын жүрөгү сынык болушу керек. 

* Ырайым кылган адам ырайым көрөт.

* Жылуу жүз, таттуу тил – кылымдын куралы.

* Момундун жүзүн кароо ибадат. 

* Жылуу жүз болуу ыймандын белгиси.

* Акыретте ар бир иштен суракка тартылат.

* Максат – бир адамды оттон сактап калуу. 

* Кичипейилдик көрсөткөн адамды Аллаху таала көтөрмөлөйт.

* Өзүңөрдү эч кимден жогору санабагыла!

* Кызмат берүү менен болот, алуу менен эмес. 

* Менин айтканым чын деп айтуу текебердик.

* Ар бир кыйынчылыктын себеби – күнөө кылуу.

* Арам менен азыктанган денени от күйгүзөт. 

* Достордун эң жакшысы – Аллахты эскерткендер.

* Кабагы бүркөө каштары чатылган болуу – шакаваттын (бактысыздыктын) белгиси.

* Жумушуна маани бербеген адам ууру. 

* Момунга катуу кароо да кул акысына жатат.

* Ыймансыз өлүүдөн коркпогон адам ыймансыз өлөт.

* Азыр боор ооруй турган мезгил. Эч ачууланбоо керек. 

* Аллахка болгон сүйүүсү арткан сайын адам өз абалынан уяла баштайт.

* Ар бир адамдан дуба алууга аракет кылгыла. Адам дуба алуу аркылуу Аллахка жакын болот. 

* Аллахтын сүйүүсүнөн башка жакшы нерселердин баары жанга уу, ал шекер болсо дагы! 

* Аллаху таала керим, кичине бир себеп менен керимдин кереми артат. Эң чоң себеп – Ага жалбаруу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш