Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Мираж - акылдын бүткөн, ыймандын башталган жери




Мираж - акылдын бүткөн, ыймандын башталган жери


Даанышман заттар айтышат:

Бир иш канчалык көп кыйынчылыктуу болсо ал ошончолук узак өмүрлүү болот.  Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Эң көп кыйынчылыкты мен тарттым", - деген.  Андай болсо, акыйкат болгон дини да Пайгамбарыбыз алейхиссалам буюргандай, кыяматка чейин уланат.  Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мурасчылары да көп кыйынчылык тартышкан.  Ошондуктан, ыйман, ишенүү абдан кыйын, ал эми ишендирүү андан да кыйын.  Ыйман – Аллаху таала пенделерине ихсан кылган эң чоң нематтардын бири.  Ыйманы барлар кубанып ойносо орундуу болот.

Пайгамбарыбыз алейхиссалаи Уммиханиге Мираж жөнүндө айтканда: "Эч кимге айта көрбө, эч ким ишенбейт, ишенгендер да баш тартат", - деди.  Пайгамбарыбыз алейхиссалам болсо: "Айтышым керек, ишенбей турган адам кийин да баш тартат, чириген пайдубалга имарат тургузууга болбойт, кете тургандар азыр кетсин, бекемдер калсын", - деди.

Акыл токтоду, убакыт токтоду, баары токтоду, ыйман башталды.  Мираж бул - ыйман.  Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын эч качан жалган айтпаганын мушриктер да билишчү.  "Бейиш менен тозокту барып көргөндөр барбы?" - дегендер бар.  Ооба бар.  Өмүрүндө эч качан жалган сүйлөбөгөн Мухаммед алейхиссалам бар.

Мубарек, ыйык түндөр баалуу, бирок, Мираж түнүнүн өзүнчө бир өзгөчөлүгү бар.  Бул түн азап менен кубаныч бирге баштан өткөрүлгөн түн.  Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир ай Таифте Ислам динин түшүндүрдү, бирок, эч ким ишенген жок, мазакташты, балдар таш ыргытышты.

Түнү агасынын кызынын үйүнө келди, Уммихани: "Эгер мага кабар берип койгонуңузда жей тургудай бир нерсе даярдап коймокмун, сунганга эч нерсем жок", - деди.  Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Эч нерсе жеп-ичким келип жаткан жок, Раббиме ибадат кыла турган жер мага жетиштүү", -деди. 

Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: "Менин Хабибим абдан капа болду, мен аны сооротом, барып Хабибимди мага алып кел!"-деди.  Алгач Масжид-и Аксага келди, андан соң асманга көтөрүлдү.  Ал Аллаху тааланы билүүгө жана түшүнүүгө мүмкүн болбогон, убакытсыз жана мейкиндиксиз бир абалда көрдү, "Йа, Раббим, мен үммөтүм үчүн дагы муну каалайм", - деди.  Мына, беш убак намаз бизге Мираж катары берилди.

Миражда кандай гана хикметтер  бар!  Намаз окубаган Мираждан куру калат.  1400 жылдан бери уланып келген башка бир окуя жок.  Мираж мына ушундай. Мираж - акылдын бүткөн, ыймандын башталган жери.  Мираж бул - намаз.  Аллаху таала намаз сыяктуу нематты адамдарга ихсан кылды.  Намаз Аллахтын сүйүүсүн арттырып, дубанын кабыл болуусуна себеп болот.  Намаз бар болсо жашоо бар.  Намаз жок болсо адам эч нерсеге жарабайт.  Намаздан куру калган бардык нерседен куру калат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш