Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Илимсиз дин болбойт




Илимсиз дин болбойт


Даанышман заттар айтышат: 

Эч кимди таарынтпоо керек, эч кимдин көңүлүн оорутпоо керек. Көңүл оорутуу Каабаны жетимиш жолу бузуудан да чоң күнөө. Бир көңүл оорутуунун күнөөсү Каабаны 70 жолу бузуудан да чоң күнөө болуп турганда, момун кантип бирөөгө колун көтөрүп, бирөөнү урат же өлтүрөт? Бул акылга сыярлык нерсе эмес. Бул ушундай бир дин болгондуктан, бир гүлдү да үзүүдөн коркосуң, анткени, мында бир жан  бар деп... 

Уфтада хазреттери шакирттеринин арасында Азиз Махмуд Худайи хазреттерин абдан жакшы көргөндүктөн башка шакирттери аны кызганышчуОшондо Уфтада хазреттери күндөрдүн биринде шакирттери менен саякатка чыкканда: "Мага бир нече десте гүл алып келгиле”, - дейт. Баары тарап кетишет. Бираздан кийин Азиз Махмуд Худайи хазреттери куурап калган гүлдү алып келет. Калгандары албетте устазыбызга тартуулайбыз деген ой менен кооз гүлдөрдү алып келишет. Уфтада хазреттери Худайи хазреттерине"Карасаң, досторуң кандай кооз гүлдөрдү алып келишиптир. Сен эмне үчүн куурап солуп калган гүлдү алып келдиң? Бизге ушуну ыраа көрдүң беле?  деп сурайт. Худайи хазреттери: "Устазым, албетте сиз эң кооз гүлдөргө татыктуусуз. Бирок, кайсы гүлгө барбайын, баарынын Аллахты зикир кылып жатканын көрдүм. Мен кандай болсо да үзүп ала албадым. Бул байкуш өлүптүр, эми Кудайды зикир кылбай жатат, ушуну гана сизге алып келүүгө аргасыз болдум”, - деп жооп берет. Уфтада хазреттери калган шакирттерине: "Силердин араңардагы айырма мына ушул!” – деди. Ойлоп көрсөңүздөр, бир гүлдү да үзө албай жатат. Башкача айтканда, кантип бир адамды ура алат же кантип бейкүнөө адамдарды өзгөчө диндин атын жамынып өлтүрө алат? Бул мүмкүн эмес! Эгер ушундай болуп жатса анда жахилдик бар. Анткени, Пайгамбарыбыз: "Илим кайда болсо дин ошол жерде. Дин кайда болсо илим ошол жерде”, - деген.

Башкача айтканда, илимсиз дин болбойт. Эгер дин болбосо илим да болбойт. Бул экөө бири-биринен ажырагыс. Ооба, ыйман келтирүү шарт. Бирок, ыймандан кийинки биринчи нерсе илим үйрөнүү. Анткени, намаз окуйбузбу, орозо кармайбызбы, соода менен алектенебизби, аны кантип кылууну билүү шарт. Эмне жумуш кылба, анын илимин билүү керек. 

Бир момун эртең менен уйкудан турганда же аалым болуп туруу керек, башкача айтканда, ошол күнү бир нерсе үйрөтүшү керек же шакирт болуп, башкача айтканда, барып бир нерсе үйрөнүшү керек же угуучу болуп туруу керек, башкача айтканда, барып бир жерден угат, мисалы, мечитке же устатка барат, андан пайдаланат. Эгер ушул да болбосо жакшы көрүү менен турат. Башкача айтканда, ушуларды кыла албаганына капаланып, ушул үч абалдын биринде жүргөндөрдү жакшы көрүп, Аллахым, мага да насип кыла көр дейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш