Ислам дини » Халал-Харам » Чийки эт жана чийки жашылча колдонуу




Чийки эт жана чийки жашылча колдонуу


Суроо: Мубах болгон нерсе үчүн далил изделбейт, арам болгон нерсе үчүн далил изделет деп жатасыз. Ошондой эле, «Саадат-и Абадиййа» китебинде диний темаларда ар маселенин жообу бар дегенсиз. Чийки эт жана чийки жашылча жеш арам деп жазылган эмес. Буларды жеш адалбы?

ЖООП

«Саадат-и Абадиййа» китебинде жеп-ичүү арам болгон нерселерге байланыштуу сегиз пункт бар. Бул пункттардын биринде зыяндуу нерселерди жеш, башкасында болсо уулуу нерселерди жеш деп түшүндүрүлүүдө. Китепте өлчөм түшүндүрүлгөн. Денеге зыян берген бардык нерсе арам. Бир канча уулуу чөптөр бар. Уулуу болгонун жесе, мисалы, уулуу козу карын жесе арам. Жашылча жана мөмө жемиштердин дагы зыяндуу болгондору бар. Аллергияга себеп болгондору бар. Аллергия пайда кылган, өзүнө зыян берген кишилерге бул жашылча жана мөмө жемиштерди жеген арам болот. Бирок, зыянын тийгизбегендерге арам болбойт. Кээ бир кишилерде кулпунай аллергия пайда кылат. Бул кишилердин аны жегени жаиз болбойт.

Баклажан, картошка сыяктуу чийки жашылча жеш кээ бир кишилерге зыяндуу. Зыяндуу болгондор үчүн зыян берген өлчөмү күнөө болот. Мисалы, он даана кулпунай бир кишиге зыянын тийгизе турган болсо, үчөөнү жесе эч нерсе болбосо үч кулпунай ал киши үчүн күнөө болбойт. Вегетариян делген кишилер чийки жашылчаларга көңүп алышкандыктан аларга зыян тийгизбейт. Ал эми зыянын тийгизбегендиги үчүн чийки жашылча жеш аларга күнөө эмес.

Чийки эт дагы чийки жашылча сыяктуу мубах болгон азык. Желсе зыяны жок, бирок, зыянын тийгизбей турганчалык жегенге болот. Чийки эт дагы көп желсе денеге зыянын тийгизиши мүмкүн. Мисалы, жарым кашык чийки фарш жесе болот. Арам болуусунун өлчөмү бар. Денеге зыян бере тургандай өлчөмү жаиз болбойт. Бул жердеги зыян дагы кишилерге жараша өзгөрөт.

Дарыканаларда дабаа, шыпаа үчүн сатылган дарылар дагы мына ушундай. Бир кишиге 1-2 таблетка зыян бербей турган болсо иче алат. Эгер 10 таблетка ууланта турган болсо арам болот. Адал тамак дагы ушундай. Зыянын тийгизгендиги үчүн чегинен артык чоң тоё тамактануу арам болот. Жада калса, тамеки дагы ушундай. Астма менен ооруган кишини бир тамеки комага чейин түшүрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда кимдир бирөөгө 10 тамеки дагы зыян бербеши мүмкүн. Ар кимге зыян тийгизген өлчөмү арам болуп саналат. Бир киши тамекини тартпастан ичинде никотин уусу болгон тамекини жесе эмне болот? Зыян бербесе күнөө эмес. Зыян берсе күнөө болот. Калган бардык чөптөр дагы ушундай.

Суроо: Чийки жумуртка ичүү, чучук сыяктуу чийки эт жесе күнөөбү?

ЖООП

Чийки жумуртка ичүү, чучук, ышталган, сүрсүтүлгөн эт жана чийки котлет жесе күнөө эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш