Ислам дини » Халал-Харам » Арам затты дары катары колдонуу




Арам затты дары катары колдонуу


Суроо: Ооруга каршы арам болгон кандайдыр бир затты жеш же колдонуу жаиз болобу?

Жооп: Ибни Абидин хазреттери айтат:

"Арам болгон нерселердин дары катары колдонулуусу жана анын ооруга пайдасы тийе тургандыгы билинсе жана адал болгон башка дары табылбаса, ошондо гана жаиз болот. Шыпаалуу экендиги тажрыйба кылынган заттар дары үчүн адал болот. Арам болгон бир нерсенин оорулууга пайдалуу боло тургандыгын билинүүсү адис мусулман бир доктордун айтуусу аркылуу түшүнүлөт. Хадиси шарифтерде айтылат:

"Аллаху таала арам болгон нерселерде силер үчүн шыпаа жараткан эмес.” (Бухари)

Тасирлүү экендиги тажрыйба аркылуу билинген арам заттарды зарылдык учурунда дары катары колдонуу арам болбойт. (Радд-ул Мухтар)

"Зарылдык арамдарды мубах кылат”  деген эреже боюнча бир ооруну дарылоо үчүн арам бир нерсени колдонуу, жегизүү, ичкизүү керек болгондо бул арам нерсе мубах болууда. Оорулуу арам нерсени эмес мубах нерсени колдонгон болууда. Башкача айтканда, арам мубахка айланууда, шыпаа мубах нерсе менен камсыз кылынууда.

Муну бир мисал аркылуу түшүндүрөлү:

Бөйрөктөрдөгү ташты эрите турган бир да дары табылбай турган болсо, мусулман бир доктор арам бир зат менен дарыланууну сунуштаган болсо, дары табылбагандыгы үчүн арам затты колдонуу зарылдыгы пайда болгон. Зарылдыктар арамдарды мубах кылгандыгы үчүн арам затты колдонуу мубах болот. Оорулуу айыгып кетсе, мубах нерсенин жардамы менен айыккан болот. Арам болгон заттын жардамы менен шыпаа тапкан болбойт.

Бул маселе жакшы түшүнүлгөндө арам заттын мубахка айлангандан кийин колдонулуусу "Арамда шыпаа жок” хадиси шарифине кайчы болбойт.”

Дарылануу үчүн

Суроо: Доктор теримдеги илдет үчүн башка тасирдүү дарынын жок экендигин, ошондуктан жыландын майын сүртүү керек экендигин айтты. Бул жаизби?

Жооп: Салих доктор зарыл деп тапкан болсо жаиз. Намаз окуудан мурда жууш керек.

Чочко инсулини

Суроо: Чочко инсулининен жасагандай, уй инсулининен да дары жасаган фирмалар бар. Бирок, уй инсулининин таасири төмөн экен. Диабет менен ооруган балам үчүн чочко инсулининен жасалган дарыны колдонуу ылайыктуу болобу?

Жооп: Таасирдүү башка дары табылбаса жаиз болот.

Дарыланууда арам зат

Суроо: Алкоголь, кан сыяктуу арам болгон бир затты дарыланууда колдонуу жаизби?

Жооп: Намаз окуган жана ошол темада тажрыйбалуу салих бир доктор "Тажрыйбаларымдын негизинде билемин, бул илдеттин бул арам заттардан башка таасирлүү мубах дарысы жок” деп айтса, ошол учурда гана арам болгон бул заттарды дарылануу максатында колдонуу жаиз болот.

Ачка калганда

Суроо: Бир атеист: "Жапондор жылан, чаян, кирпи, момолой, чигиртке сыяктуу эмне тапса жешет жана ачка калышпайт. Мусулмандыкта көп нерсе арам болгондуктан бир мусулман тоодо, чөлдө, деңизде калып кетсе бир нерсе жей албагандыгы үчүн ачка калып өлөт”, - деп, мусулмандыкты жамандоодо. Ачка калганда буларды жеш динибизде жаиз эмеспи?

Жооп: Динибизде "Зарылдыктар арамдарды мубах кылат” деген өкүм бар. Адал бир нерсе таба албаган бир адамдын ачка калып өлүү коркунучу бар болсо, арам болгон жаныбарлардын этин жеши мубах болот. Деңизде калган бир киши балык таба албаса, деңиз жаныбарларынын бардыгы башка үч мазхабда адал. Деңизде эмне таба алса ошону жей алат. Муктаждык пайда болгондо башка мазхабдардын өкүмү менен амал кылынат.

Чегиртке ансыз деле Ханафи мазхабында да адал. Кирпи болсо Малики жана Шафии мазхабында адал. Муктаждык болгондо бул эки мазхабдын бирин таклит кылып желет. Жылан жана момолой Малики мазхабында мууздалып союлса адал болот. Муктаждык болгондо Малики мазхабынын өкүмүнө моюн сунуп желет. (Мизан)

Тарп – төрт мазхабда тең арам. Бирок, ачка калган адам өлүп калбай тургандай жей алат. Башкача айтканда, "Мусулмандыкта чарасы жок” деп айтуу жаңылыш. Атеисттин айткандары динибизге зыян тийгизе албайт.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш