Ислам дини » Адал жана арамдар » Адамга карата харам жана халал өзгөрүшү мүмкүнбү




Адамга карата харам жана халал өзгөрүшү мүмкүнбү


Суроо: Кээ бир азыктардын зыянын тийгизгендерге, аллергия кылгандарга харам, зыян бербегендерге мубах экендигин билдирүүдөсүз. Адамга катара харам-халал өзгөрөбү. Бирөөнө харам болгон нерсе дагы башка бирөөнө адам болушу мүмкүнбү?

ЖООП

Бөтөнчөлүктөр көп. Бирине халал болгон халал болгон нерсе экинчисине харам болушу мүмкүн. Мисалдары мына булар:

1-Бай кишиге зекет парз болсо, кедейге парз эмес. Ажылык дагы баарына парз эмес. Курмандык сойууда да кедей же бай айырмасы бар. Фытыр садакасы дагы ушундай. (Дурар)

Демек, бирине парз болгон ибадат башка бирөөнө болсо парз болгон жок.

2-Тике туруп намаз окуу [кыям] парз. Бирок, оорулууларга парз эмес. (Жавхара)

Демек, бирине парз болгон бир маселе башка бирине парз болбошу мүмкүн.

3-Убакыт кирмейинче намаз парз болбойт. Уюлдарга жакын жерлерде куптан жана багымдат намазы парз болгон жок. Бирок, окулса жакшы болот. (Тахтави)

Демек, ар буйрук ар ким үчүн болбошу мүмкүн.

4-Даараттын парзы төрт. Буттары жок кишиге болсо үч. (Халеби)

Демек, даараттын парзы дагы оорулууга, дени-сакка карай өзгөрүүдө.

5-Төрт рекеттүү парздарды төрт рекет кылып окуу парз. Бирок, сафари болгондорго парз эмес. Атүгүл, эки рекет окуусу важиб. (Ибни Абидин)

6-Башы эркин болгон аял үчүн колу менен жүзүнөн башка денесинин толугун жабуусу парз болуп, ачуусу харам болгон болсо, жария (күң) үчүн мындай эмес. Жария башын, колун, атүгүл, тизеден төмөн жагын ача алат. (Хиндиййа)

7-Өз бир тууганы менен үйлөнүү харам, бирок, башка бирөө менен үйлөнүү харам эмес. (Бахрур-раик)

8-Бай кишилердин тиленүүсү, атүгүл, зекет алуулары харам. Бирок, мунун бөтөнчөлөрү дагы бар. Мисалы, хадиси шарифте мындай деп буюрулган: «Илим үйрөнүп жаткандын 40 жылдык нафакасы болсо да мындай бай шакиртке зекет берүү жаиз.» (Раддуль мухтар)

Демек, бай бирөөнө харам болгон бир нерсе башка бирөөнө халал болушу мүмкүн.

9-Тарп жана шарап харам. Ачкалыктан жана суусуздуктан өлө турчу кишиге харам эмес. (Баззазиййа)

10-Кээ бир дарылар, мисалы, пенициллин кээ бирөөнү аллергия кылат, өлүмүнө себеп болушу мүмкүн. Өзүнө аллергия кыла турчу дарыларды колдонуу харам болот. Бирок, бул дарылар башкаларга харам болбойт. (Барика)

Дарыларда болгондой эле азыктарда, жашылчаларда жана жашыл чөптөрдө дагы аллергия кылгандар бар. Органдарында сыркоосу барларга зыян бергендер дени-сактарга зыян бербейт. Кээ бир кишилерге балык эти, сүт, жумуртка, калемпир, баклажан, кулпунай сыяктуу азыктар зыян берет. Булар бир гана кимге зыяндуу болсо ошолорго харам же макрух болот. Зыян бербегендерге болсо мубах. Апийим жана башка уулуу чөптөрдүн алынган көп өлчөмү харам, бирок, аз өлчөмүн дары катары колдонуу жаиз. (Хадика, Заважир)

(Чайдагы теин менен кофедеги кафеин бир эле зат. Чайда %2,5, кофеде болсо%1,3 өлчөмдө кафеин бар. Кафеин зээнди ачат, кан айланууну көбөйтөт, денеге ысыктык берет, чарчоону кетирет, тамак сиңирүүнү жеңилдетет. Артыгы болсо нерв системасына таасир берет. Жүрөк ооруларында, нервдери алсыз адамдарда жана жаш балдарда аз өлчөмдөгү кофе дагы жаман таасир тийгизиши мүмкүн.) [Азык-түлүк химиясы, 658-бет]

Медицина китептери дал Ислам аалымдары сыяктуу билдиришүүдө. Тактап айтканда, бир нерсе, мисалы, кафеин, теин, никотин сыяктуу нерселер бирөөлөргө зыян берет, бирөөлөргө зыян бербейт. Зыян бергендерге албетте харам. Бирок, зыян бербегендерге харам деп айтуу динди өзгөрткөндүк болот.

Түтүн (тамеки) дагы зыян бербегендерге мубах. (Аль-укудуддурриййа)

Шекер дагы зыяндуубу?

Суроо: Тамекинин зыяндарын билдирген окумуштуулар эми шекердин дагы зыянын санап бүтүрө албай жатышат. British Medical Journal жарыялаган илимий бир макалада шекердин жүзгө жакын зыяны тизмектелип, «Шекер тамекичелик кооптуу болуп, наркотика тобуна киргизилиши керек», - делүүдө. Ушунчалык зыян болгон шекерди дагы жесе харам болбойбу?

ЖООП

Шекер дагы калган зыяндуу заттар сыяктуу ар кимге бирдей өлчөмдө таасир кылбайт. Шекер диабети менен ооруган кишиге тийгизчү зыяны менен калган адамдарга тийгизчү зыяны бирдей болбойт. Ар нерсенин көбү зыяндуу болгондой эле шекердин дагы көбү зыяндуу болушу мүмкүн. Зыян бербеген өлчөмдө шекер жеген харам болбойт. Тамеки дагы ушундай. Зыян берсе харам болот.

Суроо: Ооруган бир кишинин алкогол сыяктуу харам болгон бир затты дары катары колдонуусунун дин жагынан зыяны барбы?

ЖООП

Буга байланыштуу Ибни Абидинде мындай делген: «Колдонулуусу харам болгон бир нерсени таза болсун, кир болсун, дары катары колдонуу харам. Бирок, белгилүү ооруга жакшы келе тургандыгы билинсе жана андан башка бир дары жок болсо колдонулуусуна уруксат берилген.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш