Суроо: Сабырдын
мааниси кандай? Эмнеге сабыр кылуу сооптуураак?
ЖООП
Сабыр үч
түрдүү болот. Алардын эң маанилүүсү күнөө кылбоого сабыр кылуу. Хадиси шарифте
мындай деп айтылган:
"Сабыр
үч түрдүү болот: 1. Кайгы дартка сабыр. 2. Динин үйрөнүүдө жана ибадат кылууда
сабыр. 3. Күнөө кылбоо үчүн сабыр кылуу. Кайгы дартка сабыр кылган адамга 300,
ибадат кылууга сабырга 600, күнөө кылбоого сабыр кылууга 900 даража жакшылык
берилет.” [Эбушшейх]
Курани каримде
сабыр кылуунун мааниси көптөгөн аяттарда айтылган. Үч аятта мына булар айтылат:
"Сабыр
кылгандарга эсепсиз жакшылыктар берилет.” [Зумер 10]
"Эй,
ыйман кылгандар, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Аллаху таала,
албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот.” [Бакара 153]
"Эй,
Расулум, капырлардын кыйынчылыктарына улулазм пайгамбарлар сыяктуу сабыр
кыл.” [Ахкаф 35]
Сабыр тууралуу
хадиси шарифтер:
"Хак
таала сүйгөн кулуна кайгы дарт берсе, ал адам да ага сабыр кыла турган болсо
андан ыраазы болот.” [Дайлами]
"Жаман
кошунанын кыйынчылыктарына өлгөнгө чейин сабыр кылган адамды Аллаху таала
сүйөт.” [Хаким]
"Аллаху
таала айтты: "Кимдин денесине, бала-чакасына, мал-мүлкүнө балээ келсе, ал
адам да эң жакшы сабыр кыла турган болсо Кыяматта ал адамдан эсеп суроодон
тартынам.” [Хаким]
"Хак
таала өзүн өзү сабыр кылууга кыйнаган адамды бул иште ийгиликке
жеткирет.” [Бухари]
"Сүйбөгөндөрүңөргө
сабыр кылмайынча сүйгөндөрүңөргө жете албайсыңар.” [Маверди]
"Кыйынчылыкка
сабыр кылып, башка түшкөн дартты башкалардан жашыра билүү жана эч кимге
даттанбоо – бул адамдын Аллаху тааланы жакшы тааныгандыгынан.” [И.Газали]
"Эң
жогору ибадат – кыйынчылыктарга сабыр кылуу” [Тирмизи]
"Жашоо
кыйынчылыгына сабыр кылган адамды Аллаху таала Фирдаус Бейишине
киргизет.” [Эбушшейх]
"Эки
көзүнөн айрылган адам ага сабыр кыла турган болсо Бейишке кирет.” [Хатиб]
"Момундун
куралы – сабыр жана дуа.” [Дайлами]
"Аллаху
таала айтты: "Менин өкүмүмө ыраазы болбогон жана Мен берген кыйынчылыкка
сабыр кылбаган адам Менден башка Рабби издесин.” [Таберани]
Сабыр -
казына
Сабыр кылуу
кутулууга жана ийгиликке себеп боло турган жакшы мүнөз. Сабыр пайгамбарлардын
өзгөчөлүктөрүнөн болгон. Ошондуктан, аталарыбыз: "Сабыр ачуу болсо да
жемиши таттуу.”, "Сабыр – саламат”, "Сабырдын түбү сары алтын”, -
ж.б., даанышман акылдарын айтышкан.
Сабырсыз бир
фарзды аткаруу же бир күнөөдөн качууга болбойт. Себеби: "Ыйман деген
эмне?” -деп сурашканда, Пайгамбарыбыз: "Сабыр”, - деп жооп
берген. [Дайлами]
Сабырдын
улуктугу жана фазилатынан улам Курани каримде жетимиштен ашык жерде сабыр жана
сабыр кылгандарга бериле турчу сооптор билдирилген. Аяттарда айтылат:
"Сабыр
кылгандардын сыйлыгын, кылып жаткандарынын дагы да жакшысын беребиз”. [Нахл
96]
"Аллах
сабыр кылгандарды жакшы көрөт.” [Ал-и Имран 146]
"Эййубдун [малына
жана жанына келген кыйынчылыктарга карата] сабыр кылгандыгын көрдүк. Ал
кандай жакшы кул эле, дайым Аллахка умтулуп, ага сыйынчу эле.” [Сад 44]
"Эй,
ыйман келтиргендер, сабыр кылгыла, сабыр кылууда бири-бириңер менен жарышкыла!”
[Ал-и Имран 200]
Сабырдын
фазилаты өтө бийик болгондуктан Аллаху таала сабырды өтө баалуу кылды. Ар ким
сабыр ниматына жете албайт. Хадис-и шарифте буюрулду: "Сабыр -
Жаннат казыналарынан бир казына”. [Имам Газали]
"Эгер
сабыр адам болгондо өтө керим жана жоомарт болмок.” [Таберани]
"Жактырылбаган
нерсеге сабыр кылууда өтө чоң жакшылык бар.” [Тирмизи]
"Ибадаттын
башы - сабыр”. [Хаким]
"Сабырдын
ыймандагы орду баштын денедеги орду сыяктуу”. [Дайлами]
"Хак
таала сабырдуу жана ихластуу болгон адамды суракка тартпастан Жаннатка
киргизет.” [Таберани]
"Эң
жакшы курал - сабыр”. [Хаким-и Тирмизи]
"Аллаху
тааланын сабыр кулдун сабыры менен бирге болот.” [Эбу Нуайм]
"Бузук
бир ишти оңдой албасаңар сабыр кылгыла! Аллаху таала аны оңдойт.” [Байхаки]
"Орозо
сабырдын, сабыр болсо ыймандын жартысы.” [Эбу Нуайм]
"Ашыктыгын
жашырып, намысын коргоп сабыр кылган адам Бейишке кирет.” [Ибни
Асакир]
"Ыймандын
жартысы сабыр, калган жартысы болсо шүгүр.” [Байхаки]