Суроо: Адамдагы кайсы өзгөчөлүктөр текебердиктин
белгиси болуп саналат.
ЖООП
Текебердиктен туулган иштер тууралуу бир нече
мисал берели:
Суроо сурабоо
текебердиктен туулат. Текебер адам суроо суроону билбестиктин белгиси деп
кабылдайт. Суроо сурасам билбегендигим билинип калат деп ойлойт.
1- Дайыма
өзүнөн суроо суралуусун, башка биринен суралбоосун каалайт. Билген же билбеген
ар суроого жооп берүүгө далалаттанып, "билбейм” деп айта албайт.
2- Жол суроодон тартынуу. Жол сурабоо жана
суроо сурай албоо уят болуп калбайын, айыпталып калбайын деген коркуудан улам
болот.
3- Башчылардан
уруксат суроодон тартынуу.
4- Конокто болсо, имамдыкка ылайык бир
канча адам болсо үй ээси уруксат бербестен эле имамдыкка өтүү, баарынан да өзүн
имамдыкка ылайык көрүүсү.
5- Бир жыйналышта жеке эле өзү сөз сүйлөөнү
каалоо, башкаларынын сөзгө кошулуусунан ыңгайсыздануу, алардын козудай болуп
угуп отурууларын каалоо.
6- Досторуна бир нерселерди билгендигин
көрсөтүү үчүн аларга кез келгенде бир нерсени айтууга тырышуу, ката деп ойлогон
нерселерин дароо оңдоого, аларды эскертүүгө аракет кылуу.
7- Мечитте бош жерлерди толтур деп
тиге-буга буйрук кылуу жана муну уккан адам да муну катуу кабыл алса.
8- Макталууну
жактыруу, сынды көтөрө албоо. Катасын айткан адамга рахмат айта албоо.
9- Чындыкты
кабыл кылбоо. Бир нерсе мындай деп айтылганда аны чечмелөөгө аракет кылуу.
Негизи чындыкты айткан адам кичине бала болсо да, сабатсыз адам болсо да муну
кубануу менен кабыл кылуу керек.
10- Васваса
кылуу да текебердиктен болот. Өзүн өтө этияттуумун деп эсептегендер башка
адамдарды ката кылып жатат деп ойлошот.
11- Башчы
болууну каалоо, буйрук берүүнү жактыруу. Өзүнүн кээ бир жактарын жогору деп
эсептөө.
12- Адамдардын
жанына баруудан, бир нерсе суроодон тартынып жаткан болсо бул дагы
текебердиктин белгиси болуп саналат.
13- Жөнөкөйлүк кылып жаткандай көрүнүү.
"Пендеңиз сизди угуп жатат” ж.б., деген сыяктуу сөздөр менен ашыкча жөнөкөйлүк
көрсөтүү. Пенде бул кул дегенди билдирет. Андай болсо ар айтылган нерсеге каршы чыкпоосу керек
эмеспи. Эгер мындай болбосо пендемин деп айтуусу текебердигин жашыруудан башка
нерсе эмес.
14- Жөнөкөйлүк
болсун деп калп эле "мендей алсыз кул”, "мендей күнөөкөр кул” дегени
менен бираз сындала турган болсо дароо ачууланат. Азыр эле айтып жаткан
алсыздыгын, күнөөкөрлүгүн дароо унутат. Мындай адам текебер адам.
15- Туш келген
адамга кыйынчылык тарттыруу, аларды таарынтуу. Бирин экинчисине даттануу.
Башкалардын кемчиликтерин айтып, ал эми өзүнүн андай адам эмес экендигин
билдирүүгө тырышуу.
16- Тообону
кечиктирүү, намаз окубоо дагы Аллаху таалага каршы текебердик болот.
17- Пикир
талашуунун акырында "акыңды адал кыл”, "кечир” десе аны кабылдабоо.
Бул дагы эле меники туура деген пикирде болуунун белгиси.
18- Адамдардын
арасында жеке эле өзү сүйлөп, башкалардын сүйлөөлөрүн жактырбоо.
Натыйжада: Өзүнүн чегин билүү жөнөкөйлүк, чегин билбөө
текебердиктин белгиси болуп саналат.
Мен текеберминби?
Суроо: Бир адам өзүнүн текебер экендигин же
эместигин кантип түшүнсө болот? Текеберлик чоң күнөөлөрдүн эң чоңдорунан
болгондуктан текебер адам салих боло алабы?
ЖООП
Эгер текебер экендиги ачыктан ачык билинип турган
болсо салих боло албайт. Текебер экендигин башкалар да түшүнүп жаткан болсо
фасык болот. Эгер өзүн калп эле алсыз кул, күнөөкөр кул деп коюп текебердигин
жашырып жүргөн болсо ал адамды фасык деп айтууга болбойт.
Текеберлик Аллаху тааланы унутуунун белгиси.
Текеберлик бардык жакшылыкка кедерги болот, ошол эле убакта бардык жамандыктын
ачкычы болуп саналат. Текеберлик шайтандын сыпаты жана анын Бейиштен куулуусуна
себеп болгон.
Күчтүү адам жөнөкөй, алсыз адам текебер болот.
Текеберлик менен күфүрдүн арасында өтө ичке аралык
бар. Текеберликтин бир кадам аркы жагы куфур болот.
Алсыз адам кемчилигин толуктоо үчүн текебер болот.
Жакшылыктуу адам текеберленүүгө муктаж эмес.
Бардык жамандыктардын башы текеберлик болуп
саналат. Текебер адам көп акмактык кылат. Пайдасын, зыянын ойлонбойт.
Алсыз адам текебер болот. Текеберлик Аллаху
таалага ширк кылуунун бир тууганы. Текебер алып жүргөн мээде акыл болбойт.
Напсибизди ортодон тартып, өзүбүздөн жийиркенүүбүз керек. Өзүнөн жийиркенбеген
адам кутула албайт.
Бардык адамдар жогорудагы белгилерди карап өзүнүн
текебердүү экендигин же эместигин түшүнө алат.
Окуя:
Илим алууга жаңы келген шакирт устазынын даргөйүнө кирейин деп жатканда короодогу ит ырылдап анын
кирүүсүнө тоскоол болот. Эмне кылса да майнап чыкпайт. Ит эч кимди ичке киргизбейт.
Шакирттин устазы бул абалды жашыруун байкайт. Алиги шакирт итке жакындап:
"Сен дагы, мен дагы бул жердин иттерибиз. Тур мындай, ичке кирейин”, -
дегенде ит куйругун шыйпаңдатып ары турат. Шакирт ичке кирет, буга устазы дароо
ижазатын (дипломун) берет. Жылдар бою даргөйгө кызмат кылган шакирттер бул
абалга таң калышат. Ошондо устазы айтат: "Ал текеберленген жок, өзүн иттен
да жогору көргөн жок. Бул жерде болуунун максатын түшүндү жана максатына
жетти.”