Шашылуу


Суроо: Бир иште шашылуу туурабы? Кайсы иштерде шашылуу керек?

ЖООП

Адамдын фытратында (табиятында) шашылуу бар. Эки аяти кариманын мааниси:

"Адам шашкалаң [табиятта] жаратылды.” [Анбия 37]”

"Адам абдан шашкалаң”. [Исра 11]

Шашылууга шайтан аралашат. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Шашылуу шайтандан, шашылбоо Рахмандан”. [Тирмизи]

"Шашылбаган адам максатка жетет, шашылган адам ката кылат.” [Байхаки]

Ошондуктан иштерде шашылбоо керек жана дароо чечим чыгарбоо керек! Шашылыш берилген чечимге шайтан аралашат. Напси каалаган нерсе эске келгенде шайтан: "Мүмкүнчүлүктү коё бербе, дароо кыл!” - дейт. Ошондуктан, көңүлгө келген нерсени аткаруудан мурда бул иштен Аллаху таала ыраазыбы, сооппу, күнөөбү деп ойлонуу керек! Күнөө эмес болсо кылуу керек! Мына ушундайча шашылбаган болот.

Бирок, 5 жерде шашылуу керек болот:

1- Конок келгенде дароо тамак берүү.

2- Күнөө кылганда дароо тообо кылуу.

3- Намазды маалы киргенде дароо окуу.

4- Маркумду көмүүгө шашылуу.

5- Кыз же уул балдарга дин маалыматтарын жана намаз окууну үйрөткөндөн кийин балакатка жеткенде өз теңи чыга турган болсо дароо үйлөндүрүлүшү керек.

Эшиат-ул-лемеат китебиндеги хадиси шарифте: "Йа, Али, үч нерсени кечиктирбе! Намазды маалы киргенде дароо оку, жаназа намазын дароо оку! Жесирди же кызды теңи сураган кезде дароо үйлөндүр!” – деп буюрган. (Тирмизи) Ошондуктан, намазын окуган, күнөөлөрдөн сактанган жана нафакасын халалдан тапкан бири бар болсо дароо аны менен үйлөндүрүү керек! Эгер үйлөндүрүлбөй турган болсо фитнага себеп болот. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Силер динин, ахлагын жактырган бир адам кызыңарга талапкер болсо дароо үйлөндүргүлө! Эгер үйлөндүрбөсөңөр фитна жана фасадга себеп болосуңар.” [Тирмизи]

Ибаддатта жана кайырлуу иштерди аткарууда шашылуу керек. Бир нече хадиси шарифтин мааниси:

"Өлүүдөн мурда тообо кылгыла! Кайырлуу иштерди аткарууга тоскоолдук чыгуудан мурда шашылгыла! Аллаху тааланы көп эстегиле! Зекет жана садага берүүдө шашылгыла! Ушундайча Раббиңердин ырыскыларына жана жардамына ээ болгула!” [Ибни Маже]

"Садага берүүдө шашылгыла, себеби, балээ садаганы өтө албайт.” [Байхаки]

"Беш нерсе келүүдөн мурда беш нерсенин кадырын билгиле: Өлүмдөн мурда өмүрдүн кадырын, оорудан мурда ден-соолуктун кадырын, дүнүйөдө акыретти табуунун кадырын, карылыктан мурда жаштыктын кадырын, кедейликтен мурда байлыктын кадырын.” [Хаким]

Зекетин бербеген жана байлыгын акырет жолуна сарптабаган адам кедей болгон кезде өтө өкүнөт. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Тасвиф кылган адам куруйт.” [Берика] (Б.а., жакшы иштерди кийинкиге таштаган адам.)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш