Сараңдык


Суроо: Сараң адам аалым болобу?

ЖООП

Билимдүү болуу башка нерсе, илими менен амал кылуу башка нерсе. Дүнүйөдө кылынган бир жакшылыкка акыретте 700, жада калса, андан да көп сооп бериле тургандыгына ишенген адам жоомарт болууга аракет кылат. Хадиси шарифтерде мындайча буюрулат:

"Аллахтын алдында жоомарт болгон жахил адам сараң аалымдан да баалуу.” [Дайлами]

"Сараңдык менен ыйман бир пенденин ичинде эч качан бирге боло албайт.” [Несаи]

"Сараң адам көп ибадат кылса да Жаннатка кирбейт. Жоомарт адам көп күнөө кылса да Жаханнамга кирбейт.” [Р. Насыхин]

Бул хадиси шарифтер момундар үчүн айтылган. Капыр адам жоомарт болсо да Жаннатка кире албайт.

[Эскертүү: "Сараң адам Жаннатка кирбейт”, "Сараңдык куфур” сыяктуу хадиси шарифтерди түшүндүрмөлөрү менен бирге окуу керек. Түшүндүрмөсүз окула турган болсо жаңылыш түшүнүп калууга себеп болот. Сараңдык канчалык да жаман ахлак болсо да ыймансыздык эмес. "Сараң адам күнөөсүнүн жазасын тартмайынча Жаннатка кире албайт” дегенди билдирет. Жада калса, сообу күнөсүнөн көп болсо Жаханнамга кирбестен дагы Жаннатка кирет. Кечиримге жана шапаатка дагы ээ болуп Жаннатка кириши мүмкүн.

"Жоомарт адам Жаннатка жакын” деген хадиси шариф дагы ушундай. Б.а., жоомарт адамдын ыйманы болбосо түбөлүк Жаханнамда калат. Ыйманы бар болсо сооптору көп болсо Жаннатка барат. Ахли сүннөттө жакшылык кылган адам сөзсүз Жаннатка, жамандык кылган адам сөзсүз Жаханнамга кирет деген нерсе жок. Бир момундун күнөөсү сообунан көп болсо, кечиримге жана шапаатка да жете албаса күнөөсүнүн жазасын тарткандан кийин Жаннатка барат. Ыйманы болбогон адам болсо эмне кылса да эч бир жакшылыгы аны Жаханнамдан куткара албайт. (Ислам Ахлагы)]

Ач көздүк жана сараңдык

Суроо: Сараңдык менен тамах (ач көздүк) экөө бир нерсеби, булардан кутулуунун жолу барбы?

ЖООП

Ач көздүк – бул мал-мүлк жыйноого берилүү дегенди билдирет. Сараңдык болсо акчаны сарптоо зарыл болгон жерде андан качуу болуп саналат. Сараңдыктын ичинде ач көздүк дагы бар. Ар дарттын чарасы болот. Алгач дартты аныкташ керек! Дарт белгилүү болгондо ошого карата дары берилет. Аллахтан корккон адам жамандык кылуудан тартынат. Ач көздүктүн жаман экендигин билген мусулман адам дагы мындан качат. Динибизде мал-мүлк ээси болуу жаман эмес. Курани каримде мал-мүлккө хайыр деген ат берилип макталган. [Бакара 180]

Хадиси шарифте мындай делет:

"Мал-мүлк салих адам үчүн кандай жакшы.” [Таберани]

Мал-мүлк баалуу нерсе болгондуктан аны ысрап кылуу харам. Суфйан-ы Севри хазреттери мал-мүлктүн адамдын куралы экендигин айтып, адам баласы жанын, малын, ден-соолугун, динин, ар-намысын мал-мүлк менен коргой тургандыгын билдирген. Динибиз мал-мүлктү мына ушундай мактаган, бирок, ага болгон сүйүүнү жектеген. Бай болуу башка, байлыкка болгон сүйүү башка. Тамах - бул байлыкка болгон сүйүү. Ач көз адам байлыгын кайырлуу иштерде колдоно албайт. Байлыкка болгон сүйүүнүн жаман экендигин билдирген хадиси шарифтердин бир канчасы мына булар:

"Адам карыган сайын анын эки нерсеси жашарат: Узак өмүр сүрүүгө болгон арзуусу жана байлыкка болгон сүйүүсү.” [Бухари]

"Байлык жана бийлик сүйүүсүнүн момундун динине бере турчу зыяны эки ач карышкырдын койдун үйүрүнө бере турчу зыянынан да көп.” [беззар]

"Ач көз болуудан сактангыла! Ач көздүк - кедейликтин дал өзү.” [Таберани]

"Канаат кылган адам эң көп шүгүр кылгандардан болуп саналат.” [Ибни Маже]

"Азга канаат кылбаган адам көбүнө тойбойт.” [Байхаки]

"Байлык-бийлик сүйүүсү суунун жашылчаны жашылдандырганы сыяктуу көңүлдө нифакты жашылдандырат.” [И. Газали]

"Адам баласынын эки дарыя толо алтыны болсо үчүнчүсүн да кааламак. Анын көзүн жалгыз бир ууч топурак тойгузат.” [Бухари]

"Байлык – бул мал-мүлктүн көптүгү эмес көңүлдүн байлыгы.” [Бухари]

Курани каримде билдирилгендей Ибрахим алейхиссалам: "Йа, Рабби, мени жана балдарымды бутка сыйынуудан корго!” – деп дуба кылган. Бут деп айтылган нерсе – бул акчага болгон сүйүү. Демек, акчаны сүйүү бутка сыйынуу сыяктуу нерсе. Ошондуктан, "Акчага сыйынган адам куруду”, - деп буюрулган. "Алтын жана күмүштүн кулу куруду. Чалынган жок, толугу менен куруду” деген хадиси шариф акчаны өтө жакшы көгөндөрдүн акыбети тууралуу кабар берүүдө. (Тирмизи)

Канааттай байлык болбойт. "Аалым илимге, ал эми ач көз адам болсо мал-мүлккө тойбойт”, - деп буюрулду.

Негизинде адам баласы сараң болот. Курани каримде мындай мааниде билдирилет:

"Айт, "Эгер Раббимдин рахмет казыналары силердики болгондо түгөнүп калат деп коркуп ошондо да бербестен сараңдык кылмаксыңар.” Чындыгында, адам өтө сараң.” [Исра 100]

"Аллахтын ихсан кылган мал-мүлкү менен сараңдык кылгандар [зекет бербегендер] жакшы иш кылгандыктарын [бай болуп кала тургандыктарын] ойлоп жатышабы? Чындыгында, өздөрүнө жамандык кылышууда. Сараңдык кылып бербеген ал мал-мүлктөр [Жаханнамда азап куралы болот, жылан түрүндө] моюндарына оролот.” [А. Имран 180]

Сараңдыктын дарысы

Суроо: Сараңдык эмнеден улам пайда болот, дарысы кандай?

ЖООП

Сараңдыктын башка көңүл оорулары сыяктуу ихлас кемчилиги, ыйман алсыздыгы жада калса, куфур менен байланышы бар. Хадиси шарифтерде буюрулду:

"Сараңдык кылган адам, анан да бардыгына сараңдыкты кеңеш кылган адам, өздөрүнө Аллахтын көбүрөөк берген нерселерин жашырган капырларга кор жана төмөн кылуучу бир азап даярдадык.” [Ниса 37]

Сараңдык мал-мүлккө болгон сүйүүдөн пайда болот. Сараңдыктын себеби – узак жашайм деген үмүт менен акчасыз жете албай турчу арзуулары. Ажалына үч күн калгандыгын билсе сараң адамга мал-мүлк берүү кыйын болбойт. Бирок, балдары болот, алардын жашоолорун өз жашоосу сыяктуу кабыл кылса сараңдыгы кайрадан артат. Бул жагынан алып караганда балдар сараңдыкка себеп болушу мүмкүн. Хадиси шарифте буюрулгандай:

"Бала-чака сараңдыктын себеби.” [Хаким]

Курани каримде мына бул мааниде билдирилгендей:

"Мал-мүлкүңөр, балдарыңар силер үчүн фитна, сынак. [Тегабун 15]”

"Мал-мүлкүңөр жана балдарыңар силерди Аллахты эскерүүдөн алып койбосун!” [Мунафикун 9]

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш