Ислам дини » Адеп-ахлак » Жалган жана сараңдык




Жалган жана сараңдык


Суроо: Бир хадиси шарифте: "Ар укканын айтуу жалган катары жеткиликтүү. Акымдан кымындай болсо да баш тартпайм деп айтуу дагы сараңдык катары жеткиликтүү”, - делүүдө. Ар уккан нерсе туура болсо да жалган болушу мүмкүнбү? Ошондой эле, акысын алуу эмне үчүн сараңдык болсун?

ЖООП

Ар уккан нерсесин кеп кылган адам уккан нерсесин ката уккан болушу мүмкүн, кошуп айтышы мүмкүн, натыйжада жаңылыш нерселерди айтат. Көп сүйлөгөн адамдын ар айткан сөзү мубах болгону менен малайани (бош нерселер) менен алектенүү жаиз болбойт. Ошондуктан, ар уккан нерсени сүйлөө түрдүү себептерден улам жаиз эмес. Көп сөз тууралуу көп сөз болот. Бир нечеси мындай:

Көп мал-мүлк харамсыз, көп сөз жалгансыз болбойт.

Сөз адамдын таразасы. Артыгы зыян.

Көп сүйлөө достукту бузат.

Көп сүйлөгөн адамдын катасы да көп болот.

Сөз - күмүш, унчукпоо – алтын.

Сүйлөө тууралуу бир канча хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Көп сүйлөгөн көп жаңылат.” [Таберани]

"Тилин кармаган адам кутулат.” [Тирмизи]

"Ырахаттык тилеген адам унчукпасын!” [Эбу-ш-шейх]

"Саламаттык тилеген адам тилин кармасын!” [И.Эбид-дунйа]

"Унчукпоо - хикмат” [Дайлами]

"Эң кабыл болчу амал – тилин кармоо.” [Таберани]

"Тилин кармаган адам шайтанды жеңет.” [Таберани]

"Унчукпаган бир момунга жакын болгула! Ал хикматсыз эмес.” [Ибни Маже]

"Кутулуу үчүн тилиңди карма.” [Тирмизи]

"Адамды Тозокко сүйрөгөн нерсе – анын тили.” [Тирмизи]

"Тилин кармабаган адам толук ыйманга ээ боло албайт.” [Таберани]

"Көп сүйлөө көңүлдү карартат.” [Байхаки]

"Кемчиликтердин көбү тилден.” [Таберани]

"Эң жакшы нерсе тилди кармоо.” [Таберани]

Сараңдык – бул бериш керек болгон нерсени бербөө. Кымындай акыдан баш тартпаган адам көңүлүнүн ырахаттыгы менен кантип зекетин бере алат, садага бере алат? Кантип муктаждарга жардам кыла алсын? Сараңдыктан жана сараңдыкка жол ача турчу нерселерден сактануу керек. Бир нече хадиси шарифтин мааниси:

"Ар таңда бир периште: "Йа, Рабби, инфак кылган (камсыздаган, жардам берген) адамга мол каршылыгын бер”, - дейт, бир периште болсо: "Сараңдык кылган адамдын мал-мүлкүн курут”, - деп дуба кылат.” [Бухари]

"Аллаху таала үчүн жоомарт болгон жахил адам сараң болгон аалымдан да жогору турат. Себеби, сараңдык – бул эң кыйын оору.” [Даре Кутни]

"Сараңдыктан өтө сактангыла! Силерден мурдагыларды сараңдык курутту.” [Муслим]

Демек, көп сүйлөө жалганга себеп болот, кымындай акынын артынан жүгүрүү дагы сараңдыкка жол ачат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш