Ислам дини » Адеп-ахлак » Жалган сүйлөө




Жалган сүйлөө


Суроо: Жалган сүйлөөнүн динибизде орду кандай?

Жооп

Жалган сүйлөө - чоң күнөө. Бир аяттын мааниси төмөндөгүдөй:

"Жалган сүйлөгөндөр, жалаа жапкандар бир гана Аллаху тааланын аяттарына ишенбегендер. Ошондуктан, алар - жалганчылардын так өзү.” [Нахл сүрөсү 105]

Жалган - күнөөлөрдүн, айыптардын эң жаманыжүрөктөрдү карарткан бардык жамандыктардын башы. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Жалган – нифак (мунафыктык, эки жүздүүлүк) эшиктеринин бири.” [Ибни Адий]

"Момун бардык катаны кылышы мүмкүн, бирок, кыянаттык кылышы жана жалган сүйлөшү мүмкүн эмес.” [Баззар]

"Чынчыл болгула, чынчылдык жакшылыкка, жакшылык болсо Бейишке алып барат. Жалгандан сактангыла, жалган фужурга (күнөө), фужур болсо Тозоко алып барат.” [Бухари]

"Сөз менен чыгарылган фитна кылыч менен чыгарылган фитна сыяктуу. Жалган сүйлөө, жалаа жабуу менен чыгарылган фитна кылыч менен чыгарылган фитнадан да жаман.” [Ибни Мажа]

"Базарчылардын көпчүлүгү фажир болушат! Көп ант беришип, күнөөгө киришет жана жалган сүйлөп, соода кылышат.” [Хаким]

"Алдаган адам Тозокто.” [Табарани]

"Жалган жерге ант берүү - чоң күнөө.” [Бухари]

"Кеңеш сураган адамга жалган сүйлөгөн адам ага кыянат кылган болот.” [Ибни Жарир]

"Эң чоң күнөө – жалган жерге ант берүү.” [Бухари]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам жалган сүйлөгөн адамдын оозунун бир тарабынан кулагына чейин темир илмек менен жыртыла тургандыгын, башка тарапка өткөндө мурдагы жыртылган тарап жакшы боло тургандыгын, анан жакшы болгон тарап кайрадан жыртылып ушул бойдон кыяматка чейин кабырдын азабын улана тургандыгын билдирген. (Бухари)

Бир жаш жигит Пайгамбарыбызга келип, үч чоң күнөөдөн такыр кутула албай жатканын билдирди. Ал күнөөлөрдүн бири жалган сүйлөө болчу. Пайгамбарыбыз: "Жалган сүйлөөдөн мен үчүн баш тарт!” – деди. Жаш жигит: "Макул”, - деп кетти. Бир күнөө кыла турган кезде: "Эгер бул күнөөнү кылсам Расулуллах сураганда "ооба" десем айыбым билинип калышы мүмкүн. "Жок" десем жалган сүйлөгөн жана убадамды кармабаган болуп каламын”, - деп ойлоду. Калган эки күнөөнү да таштады. (Шир'а)

Улуулар айтышат:

"Уулум, жалган сүйлөөдөн сактан, ал таранчынын эти сыяктуу таттуу болот. Андан аз адам кутулат.” (Локман Хаким)

"Аллахтын жанында эң чоң ката бул – жалган сүйлөө.” (Хазрети Али)

"Жалганчы менен сараң Тозокко кирет, бирок, кайсы бири тереңирээк жерге ташталат, билбеймин.” (Шаби)

"Чындык менен жалган бири экинчисин чыгарып салганга чейин жүрөктө күрөшөт.” (Малик бин Динар)

"Ичи менен сыртынын, сөзү менен кылган ишинин туура келбеши – нифактан. Нифактын негизи болсо – жалган.” (Хасан Басри)

"Сахабалар үчүн жалгандан да өткөн жаман бир нерсе жок болчу. Анткени, алар жалган менен ыймандын бир жерде болбой турганын билишчү.” (Хазрети Аиша)

Суроо: Бирөөнү таарынтпаш үчүн, көңүлүн оорутпаш үчүн, мисалы, башка шаардагы энем ден-соолугумду сураганда оруп жаткан болсом дагы "аябай жакшымын” деп айтамын. Ооруп калганымды айта турган болсом капаланып, тынчсызданууда. "Жакшымын" деп айтсам жаиз болобу?

Жооп

Жаиз болот, күнөө эмес.

Суроо: Бирөө жегенге бир нерсе берип, сураса (же сурабаса да) жактырбаган болсом дагы "абдан сонун болуптур, "ыракмат” деп айтуу жаизби?

Жооп

Жаиз.

Суроо: Ошол маек ал киши жок кезде болуп өтсө, мисалы, ал киши кеткенде бирөө: "Тамак кандай болуптур, жактырдыңбы?” – деп сураганда жактырбаган болсок дагы "ооба, сонун болуптур”, - деп айтуу жаизби?

Жооп

Жаиз.

Суроо: Францияда магистратурада окуймун. Айрыкча намазымды окуй алуу үчүн кээде университетте жалган сүйлөөгө аргасыз болом. Бул жалган жаизби?

Жооп

Франция сыяктуу Ислам менен башкарылбаган жерлерде өзүбүзгө зыяны тийе турган болсо, башкаруучуларга жалган сүйлөө жаиз болот. Намаз окудуң жана окууга кеч калдың, кайда элең деп сураганда бир зыян келе турганы анык болсо жалган сүйлөй алабыз. Бул динибиздин буйругу. Жада калса, аргасыз болуп калганда куфурга себеп болгон сөз да айтылат. Маанилүүсү өзүбүзгө бир зыян келбеши керек.

Мушриктер Хазрети Аммарды, атасын жана энесин (Сумаййа Айымды) кыйнап, кайнак кумга көмүшөт жана үстүнө эт быша тургандай кайнак таштарды бастырып коюшат. Анан "Лат жана Узза буту Мухаммеддин дининен жакшыраак деп айт” деп кыйнашат. Алар андай деп айтпай коюшканда көбүрөөк кыйнай башташты. Биринде Расулу Акрам: "Сабыр кылгыла, эй, Ясер эли! Силерге убада кылынган жер Бейиш”, -деди. Ясерлердин мушриктерден тарткан азаптары тилден тилге дастан болгон. Азап көрбөгөн күндөрү болгон эмес эле. Бир күнү Хазрети Сумаййаны эки төөнүн аркасына байлап, кыйнашып жатышкан эле. Акырында Абу Жахлдын камчыларына чыдай албай шейит болду. Хазрети Ясерди дагы катуу кыйнашып өлтүрүштү. Исламда алгач шейит болгондор ушулар эле. Хазрети Аммар капырлардын кыйноосу менен алардын айткандарын тили менен айтты. Расулу Акрам алейхиссаламга Аммар капыр болду дешти. Пайгамбарыбыз айтты: "Жок ал капыр болбойт. Баштан аяк ыйманга толо.” [Ибни Мажа]

"Аллаху таала ыйманды Аммардын баштан аяк бүт денесине сиңирген болчу. Ыйман анын эти менен канына аралашкан болчу. Хак кайда болсо ал дагы ошол жерде болот. Анын денесинен кандайдыр бир нерсени жеш Тозоко жарашпайт.” [Ибни Асакир]

"Аммар бин Ясер эки жагдайга туш келгенде сөзсүз туура болгонун тандайт.” [Ибни Мажа]

Хазрети Аммарды коё беришет. Пайгамбарыбыз ыйык колдору менен көзүнүн жашын сүртүп, аны сооротту. Бул окуяга байланыштуу Нахл сүрөсүнүн: "Аллахка куфур кылгандарга катуу азап бар. Ал эми, жүрөгү ыйман менен толуп турган абалда [куфурга] мажбур кылынып, тили менен айтууга аргасыз болгондор башка” деген маанидеги 106-аяты түштү. Расулуллах алейхиссалам да Хазрети Аммарга: "Мушриктер дагы кыйнай турган болсо ушунтип айткын”, -деди.

 

Суроо: Тариз жана кайманалуу түрдө сүйлөөгө болобу?

Жооп

Тариз жана кайманалуу сөз колдонууга болот. Тариз – ишара жолу менен бир сөздү, бир маанини түшүндүрүү. Мисалы, жанындагы адам сараң болсо ага "Сен сараңсын” деп айтпай "сараңдык жаман нерсе” деп айтуу сыяктуу.

Каймана – максатты, мааниси жабык жана кыйыр түрдө түшүндүрүү дегенди билдирет. Мисалы, "Баланчанын эшиги баарына ачык” дегенде ал адамдын меймандос экени түшүнүлөт. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир кары кемпирге: "Кары аял Бейишке кирбейт”, - деп айтканда кемпир таарынып калды. Андан кийин: "Сен ал күнү кары болбойсуң”, - деди. Б.а., Бейиштеги бардык аялдардын жаш боло турганын билдирди.

Адам жалган сүйлөөгө аргасыз болгондо тариз жана кайманалуу сөз колдоно алат. Мисалы, бир адамды үйүнө чалып сурашканда ал киши шашылыш иши болгондуктан баргысы келбей баласына: "Көбүнчө атам баланча китепканага барат”, - деп айтып коюусун айтса күнөө болбойт. Же атасы бакта болсо "Атам үйдө эмес” деп айтууга болот. Бирок, эч кандай себепсиз андай кылууга болбойт. Мисалы, колундагы сонун бир калемди карашып: "Бул калемди сага баланча аалым зат бердиби?” – деп сурагандарга ал аалым зат бербеген болсо дагы: "Аллах ал аалым заттан ыраазы болсун”, - деп айтуу жакшы эмес. Себеби, мындай деп айтуу менен калемди ал аалым зат бергенине ишара кылынууда.

Суроо: Кээде "Баланчанын жүзүн көргөн адам Бейиштик болот” же "Баланчанын жүзүн көргөн адам ажы болот” деп айтылат. Мындай деп айтууга болобу?

Жооп

Экөөң тең айтуу жаиз эмес. Анткени, мындай деп айтуу жалган болот. Бир адамды көрүү менен ажы же Бейиштик болуп калуу мүмкүн эмес. Пайгамбар алейхиссаламды да көргөн адамдын ыйманы жок болсо Бейиштик боло албайт. Тамаша катары же каймана катары дагы андай деп айтпаш керек!

Суроо: Соода менен алектенемин. Кээде ант берип, жалган сүйлөп коём. Эмне кылуумду сунуштайсыздар?

Жооп

Ар бир мусулман өзүнө кылынуусун каалабаган бир нерсени капырларга да кылбашы керек!

Сатып жаткан товарды ашыкча көп мактабаш керек! Себеби, жалган сүйлөгөн, алдаган жана зулумдук кылган болот. Жада калса, туура болсо дагы кардарлар билген нерсени айтпаш керек! Анткени, бул пайдасыз сөз болот. Кыяматта ар бир сөздөн сурак болот.

Ант менен сатууга келсек, жалган жерге ант берүү харам. Б.а., чоң күнөө. Туура нерсеге ант берсе аз эле бир нерсе үчүн Аллаху тааланын ысымын колдонуу урматсыздык болот. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Соода кылып жатканда "Аллахка ант болсун, ушундай, Аллахка ант болсун андай эмес” деп ант берген адамга жана "бүгүн кете бер, эртең кел” деп, сөзүн орундабаган өнөрпозго өкүнүчтөр болсун!” [Дайлами]

"Товарын ант берип сатууга аракет кылган адамга кыяматта ырайым кылынбайт.” [И. Газали]

Суроо: Жалган жерге ант берип, башкалардын акын алуу күнөө эмеспи?

Жооп

Жалган жерге берилген ант "йемин-и гамус” деп аталат. Күнөөгө, Тозоко алып баруучу ант дегенди билдирет. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдан йемин-и гамустун эмне экени суралганда: "Жалган жерге ант берип, мусулмандын мал-мүлкүн алуу”, - деди. (Бухари)

Жалган жерге ант берип, бирөөнүн мал-мүлкүн алуу чоң күнөөлөрдөн. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Бир мусулмандын мал-мүлкүн адилетсиз түрдө алуу үчүн жалган жерге ант берген адам Аллаху тааланын каарына учурайт.” [Бухари]

"Бирөөнүн мал-мүлкүн алуу үчүн жалган жерге ант берген адам Аллаху тааланын жанына жуззам (лепра оорусу) менен фажир (күнөөкөр) бойдон чыгат.” [Ибни Мажа]

"Жалган жерге ант берүү үйлөрдү талкалайт.” [Байхаки]

"Жалган жерге ант берген Тозокко кетет.” [Хаким]

"Жалган жерге ант мал-мүлктүн жок болуусуна себеп болот.” [Баззар]

"Жалган жерге ант берип, бир мусулмандын мал-мүлкүн алган адамга Бейиш харам, Тозок важип болот.” [Хаким]

Жалган жерге ант берип, башкасынын мүл-күн алган адам өкүнүп тообо кылса алган мал-мүлкүн ээсине, ээси өлгөн болсо мурасчысына кайтарып бериши керек! Мурасчылары да жок болсо кедейлерге бериши керек! Кимдин мал-мүлкүн алган болсо алар менен халалдашып, аларга дуба кылуу керек.

Жалган жаиз болгон жерлер

Суроо: Жалган кайсыл жерлерде жаиз болот?

Жооп

Жалган сүйлөө – харам, чоң күнөө. Өлүп калбаш үчүн тарп жеш жаиз болгону сыяктуу өлүмдөн кутулуу үчүн жалган сүйлөө да жаиз. (Хадика)

Хазрети Савбан айтты: "Жалгандын баардык түрү күнөө. Тек гана бир Мусулманга пайдасы тийген же зыяндын алдын алуу андай эмес.”

Жалган сүйлөө жаиз болгон жерлердин айрымдары төмөндөгүлөр:

1 – Согушта: Хазрети Али отурганда душмандардан бири капыстан кылыч менен маңдайына келип: "Эми сени менин колуман ким куткара алат?” – деди. Хазрети Али да бармагы менен душмандын арты жагына ишарат кылып: "Макул согушалы; бирок, эки киши мененби?” – деди. Душман артымдагы ким борлду экен деп караганда Хазрети Али кылычын чыгарып, душманды зыянсыз абалга келтирди. Душман отурган адамга кылган куулугун көрбөй: "Мага эмнеге куулук кылдың?” – деп сурайт. Хазрети Али болсо: "Бирок, негизи сен мени отурганыман пайдаланып калайын дебедиң беле?” – деди жана ушул хадиси шарифти билдирди:

"Согуш бул – амалдуулук” [Ибни Сунни, Ибни Лал]

2 – Эки мусулманды элдештирүү үчүн:

Үч күндөн кийин дагы эле таарынып жүрө берүү күнөө. Бири-бирине таарынып жүргөн эки мусулманды элдештирүү үчүн жалган сүйлөө жаиз болот. Хадиси шарифтерде билдирилди:

"Эки кишини элдештирүү – нафил намаз, орозо жана садагадан да жакшыраак.” [Тирмизи]

"Эки кишини элдештирүү жана кайырлуу иш үчүн айтылган сөз жалган болуп саналбайт.” [Муслим]

"Эки мусулманды элдештирүү үчүн бири-бирине жакшы сөз айтуу жалган болуп эсептелбейт.” [Ибни Лал]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам жылмайганда Хазрети Умар себебин сурады.

"Үммөтүмөн бир киши Аллаху тааланын алдына чыкты. Бири мындай деди:

Эй, Рабби, бул адамдан менин акымды алгын!

Аллаху таала буюрат:

- Бул адамдын акысын бер!

- Эй, Рабби, бир дагы жакшылыгым калбады, кантип берейин?

Аллаху таала акысын алдырган адамга айтат:

- Бул адамдын жакшылыгы калбады. Эмне кыласың?

- Күнөөлөрүмдү алсын!

Аны айтып Пайгамбарыбыз ыйлады жана: "Ал күн ушундай коркунучтуу бир күн, ал күнү башкалардын күнөөлөрүн алуу бул жакта турсун, өз күнөөсүнүн жүгүн да көтөрө албайт.”

Аллаху таала акысын алдырган адамга айтат:

- Башыңды көтөрүп, Бейиштин ушул сарайларын кара!

Акысын алдырган адам сарайларды көргөндөн кийин айтат:

- Ооба көрүп турам. Бул укмуш сарайлар кайсыл шейит, кайсыл сыддык же кайсыл пайгамбардыкы?

- Мына, ал сен көргөн укмуш сарайлар акысын төлөгөндөр үчүн.

- Эй Рабби, бул сарайлардын акысын ким төлөй алат?

- Сен төлөй аласың.

- Кайдан төлөй алмак элем, эмнем бар?

- Бул адамдагы акыларыңан кечсең ал сарайлардын ээси болосуң.

- Кечтим, эй Рабби.

Аллаху таала айтат:

- Анын колунан кармап, Бейишке киргиле!

Пайгамбарыбыз улантып айтты:

"Аллахтан корккула жана араңардагы мамилени оңдогула! Антпесе, Аллаху таала кыямат күнү араңарды оңдойт.” [Хараити]

3 – Эки мусулмандын арасындагы мамиленин бузулуусунун алдын алуу үчүн:

Эки мусулмандын бири-бирине болгон мамилесин бузулуусунун алдын алуу үчүн жалган сүйлөө жаиз болот. Жакшылыкка себеп болгон жалган фитнага себеп болгон чындыктан жакшыраак.

4 – Жубайы менен жакшы мамиледе болуу үчүн:

Жубайлар бири-бири менен жакшы мамиледе болуулары үчүн жалган сүйлөй алышат. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Жубайы менен жакшы мамиледе болуу үчүн жалган сүйлөө жаиз.” [Ибни Лал]

"Жубайлар бири-бири менен жакшы мамиледе болуу үчүн жалган сүйлөсө күнөө болбойт.” [Муслим]

Ибни Аркам хазреттери Хазрети Омарга: "Жубайым мени сүйбөйт. Сүйбөгөндүгүн бетиме да айтты. Мындай жубай менен жашагым келбейт”, - деди. Хазрети Омар аялга: "Эмнеге мындай деп күйөөңдүн бетине айттың?” – деп сурады. "Жалган сүйлөбөш үчүн. Же, бул маселеде жалган айтууга уруксат барбы?” – деди. Хазрети Омар: "Албетте, мындай маселеде жалган сүйлөөгө уруксат бар. Бир аял күйөөсүн сүйбөсө да аны таарынтпаш үчүн жалган сүйлөсө күнөө болбойт”, - деп айтты.

5 – Заалымга бир мусулмандын турган жерин билдирбеш үчүн.

6 – Мусулмандын мал-мүлкүн заалымдан коргоо үчүн.

7 – Мусулманды кубантуу үчүн:

Бир досубуз жактырып бир галстук алса же кийим тиктирсе бул бизге жакпаса да: "Бул кийим сизге абдан жарашыптыр”, - деп айтуу жаиз болгон жалганга жатат. Бир мусулманды кубантуу үчүн бир шылтоо издеш керек. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй:

"Фарздан кийин Аллаху таала эң жактырган иш – бир момунду кубантуу.” [Табарани]

Көбүнчө аялдар жасанууга жакын болушат жана кийимдерине көңүл бурушат. Алган бир кийими үчүн: "Бул кийим сага абдан жарашыптыр”, - деп айтуу жалган болбойт. Себеби, динибиз аял менен жакшы мамиледе болуу үчүн жалган сүйлөөнү жаиз көргөн. Айрыкча, ал ылайык болуп турган жакшы сөздү ыраа көрбөй айтпай койуу – акмактык.

8 – Мусулмандын күнөөсүн, сырын жана кемчилигин жашыруу үчүн:

Мусулман бир жаш жигитке жалаа жабылат. Акырында өлүм жазасына өкүм кылынат. Өкүмдүн аткарылышын күтүп турганда өзүнө жалаа жапкандарды жана падышаны оозуна келген бардык сөздөр менен тилдей баштайт. Бул өкүнөрлүк ачуу кыйкыруулар бир канча убакыт уланат. Падыша сарайдан бул кыйкырууларды угуп калат. Бирок, арасы узак болгондуктан эмне айтып жатканын түшүнө албайт.

Падыша эки вазирден бул жигиттин эмне айтып жатканын сурайт. Биринчи вазир: "Падышам бул жигит "Аллах кечиргендерди ардактуу кылат” деген хадиси шарифти айтып жатат жана: "Кечиримдүүлөрдүн жери Бейиш”, - деп айтууда. Сизден аны кечирүүңүздү суранып жатат”, - деди. Бул сөз падышага жагат. "Бул жигитти кечирдим, коё бергиле!” – деди. Экинчи вазир дароо айтат:"Улуу падышам, бул вазириңиз сизге жалган сүйлөп жатат. Жигит кечирим сурап жаткан жок. Сизди тилдеп жатат”.Падыша мындай дейт: "Эй вазир, сен орунсуз чын сүйлөө менен эки кишинин өлүмүнө себеп болгуң келип турат. Бул вазиримдин жалганы болсо бир жанды куткарды. Унутпа маселени чечкен жалган фитнага себеп болгон чындыктан жакшыраак.

Падыша орунсуз чын сүйлөгөн вазирди бошотот, жалган сүйлөп, күнөөсүздү өлүмдөн куткарган вазирди болсо өзүнө баш вазир дайындайт.

9 – Кедейге жакшылык кылуу үчүн:

Биз сатуучу болсок, кедей бирөө келип, товарыбызды жактырып алгысы келип турса бирок кымбат болсо, биз ал товарды миң сомго алган болсок, кедейге биз бул товарды беш жүзгө алдык, жүз сом пайда менен сизге алты жүзгө сатам десек жаиз болот, күнөө болбойт.

10 – Сен чын айтып жатасың деп айтуу:

Жубайлардын бири экинчисине "сен туура айтып жатасың" десе турмуш жакшы болот. Экөө тең "мен туура айтып жатам" десе турмуш болбойт. Экөө тең "сен туура айтып жатасың" десе анда ал ал үй-бүлөөдө илахи махабат башталат. Хадиси шарифте айтылды:

"Аллах ыраазычылыгы үчүн кечирген адамды Аллах көтөрмөлөйт.” [Муслим]

Дагы ушул сыяктуу жагдайларда жалган сүйлөө жаиз. Мисалы, арак ичкен же башка күнөө кылган адамга сен күнөө кылып жатасыңбы деп сураганда жаман үлгү болбош үчүн "жок күнөө кылган жокмун" деп айта алат. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Жаман нерселерди кылган адам аларды сыр сактаганга аракет кылсын!” [Хаким]

Улуулар жалган сүйлөөгө аргасыз болгондо сөздүн маанисин өзгөртүп, туура сүйлөөнү тандашкан. Мисалы, Муаз ибни Жабал хазреттери жумушунан келгенде жубайы: "Ушунча көп иштедиң, зекет чогулттуң, бизге эмне алып келдиң?”- деп сурады. Ал да: "Мага көз салып турган бири бар эле, эч теке алып келе алган жокмун”, - деди. Ал, көз салып турган бири Аллах демекчи эле. Жубайы болсо Хазрети Омар ага көз салып туруу үчүн бирөөнү жиберген турбайбы деп ойлоду. Жубайы Хазрети Омардын үйүнө барып, ачууланып: "Муаз Расулуллахтын жана Абу Бакр Сыддыктын жанында ишеничтүү эле. Сиз эмнеге анын артынан адам жибересиз?” – деди. Хазрети Омар Хазрети Муаздан болуп өткөн окуяны уккандандан соң жубайына бир канча белек жиберди.

Тынбай жалган сүйлөгөндөр

Суроо: Жалган сүйлөө жаиз болгон жерлер бар. Бир адам муну мүмкүнчүлүк деп билип, тынбай жалган сүйлөөдө. Эне-атасына жана башка улууларга карата акылга сыйбаган жалгандарды ойлоп табууда. Кээде жалган сүйлөгөнү билинип калганда "тамашаладым эле” дейт. Жалган динибизде чоң күнөө эмеспи?

Жооп

Жалган сүйлөө Курани каримде да хадиси шарифтерде да чоң күнөө деп билдирилүүдө. Бир аяттын мааниси төмөндөгүдөй:

"Аллахтын аяттарына ишенбегендер гана ушундай жалгандарды ойлоп табышат.” [Нахл сүрөсү 105]

Белгилүү болуп жаткандай жалган сүйлөө ыйманга каршы. Төрт хадиси шарифтин мааниси:

"Жалган – ыйманга каршы.” [Байхаки]

"Жалган эки жүздүүлүктүн белгиси.” [Бухари]

"Ушул үч нерседен бири бар болгон адам намаз окуса да, орозо кармаса да мунафык: жалган сүйлөө, убадасында турбоо, аманатка кыянат кылуу.” [Бухари, Абу Давуд]

"Момунда бардык мүнөз болушу мүмкүн. Бирок, кыянатчы болушу жана жалган сүйлөшү мүмкүн эмес.” [Ибни Аби Шайба, Баззар]

Жалгандын зыяндарына байланыштуу бир канча хадиси шарифтердин маанилери төмөндөгүдөй:

"Жалган – Тозок эшиктеринен бир эшик.” [Хатиб]

"Жалган сүйлөөдөн сактангыла! Себеби, жалган күнөөгө, күнөө болсо Тозокко алып барат.” [Бухари]

"Жалган – ырыскыны азайтат.” [Исфахани, Абушшайба]

"Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага кыянат кылбайт жана жалган сүйлөбөйт.” [Тирмизи]

Күлдүрүү үчүн, тамашалап дагы болсо жалган сүйлөө жаиз эмес. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Адамдарды күлдүрүү үчүн жалган сүйлөгөндөргө өкүнүчтөр болсун!” [Абу Давуд]

Хазрети Абдуллах бин Амир айтат:

Мен бала кезде Расулуллах алейхиссалам үйүбүзгө келген болчу. Ойноп келейин деп кетип жатсам энем мага: "Абдуллах, кел сага бир нерсе беремин”, - деди. Расулуллах: "Ага эмне бересиң?”– деп сурады. Энем: "Хурма беремин”, - деди. Ага байланыштуу Пайгамбарыбыз айтты:

 "Эгер бир нерсе бербей алдоо үчүн айткан болгонуңда жалган күнөөсү жазылмак.” [Шира]

Жалган болбойт

Суроо: Бир нерсени жүз элүү сомго алган адам, жүз сом же элүү сом бердим деп ойлоп, жүз сом бердим десе жалган сүйлөгөн болобу?

Жооп

Жок, жалган сүйлөгөн болбойт; себеби, жүз сом бергендиги жалган эмес. Калган элүү сомду бергенин айтпаган болуп саналат жана жалган болбойт. Дагы ушул сыяктуу он беш хурма жеген кишиден канча хурма жегенин сурашса ал адам он хурма жедим деп айтса жалган сүйлөгөн болуп эсептелбейт; бир гана жеген беш хурманы айтпаган болот. (Ф. Хиндиййа)

Ушул сыяктуу биз сатуучу болсок, бир кедей келип жактырган бир нерсени алгасы келсе бирок, ага кымбат болсо, биз аны миң сомго алган болсок да "Муну беш жүзгө алган элек, сизге алты жүзгө бере алабыз” десек жаиз болот, күнөө болбойт.

Дагы ушул сыяктуу себептер менен кулдун кожоюнуна, атанын баласына же баланын атасына кылган күбөлүктөрү өтпөйт. Мисалы, атасы бир адамга он таяк урган болсо, ал киши атасына беш таяк урган болсо, баласына ант бердирсе, ал дагы "Аллахка ант болсун, бул адамдын атама беш таяк урганын көрдүм” десе туура сүйлөгөн болот, жалган болбойт. Айтканы туура, бирок, сыр сактап, айтпагандары да бар. Башка нерселерди сыр сактап айтпоосу айрыкча маселе. Атасы урган таяк чоң жана калың болушу мүмкүн. Экинчи адамдыкы болсо ичке болушу мүмкүн. Булар суралбаса, күбөлүк кылбаса жалган болбойт.

Суроода дагы ушундай кылдат маселе бар. Бир жактан элүү сом, экинчи жактан жүз сом берген. Бирин айтпай берген жүз сомду айтуусу жалган эмес.

Жалган жерге ант берилбейт

Суроо: Динибизде "Зарылдыктар харамдарды мубах кылат” деген эреже бар болсо дагы С. Абадиййа китебинде: "Зарылдык болсо дагы жалган жерге ант берүү жаиз болбойт. Тариз, б.а., эки маанилүү сөз айтып, ант берүүгө болот”, -деп жазылган. Зарылдыктар харамдарды эмне себептен мубах кылбай жатат?

Жооп

Тариз сүйлөп, бул иштен кутулуунун мүмкүнчүлүгү болуп туруп жалган жерге ант берүү жаиз болбойт. Тариз, б.а., эки маанини билдирген сөз менен айтуу жаиз болот. Мисалы, бир кишинин атасын каракчылар алып кетүүгө келсе, атасы бакта же кошунанын үйүндө болсо: "Аллахка ант болсун, атам үйдө эмес. Ал көбүнчө баланча китепканага барат”, - деп айтса, жалган сүйлөбөгөн болот. Ушинтип, каракчылардан кутулган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш