Ислам дини » Адеп-ахлак » Колуна, белине жана тилине ээ болуу




Колуна, белине жана тилине ээ болуу


Суроо: Колуна, белине, тилине ээ болгон адам кутулат деген мааниде бир хадиси шариф барбы?

Жооп

Андай бир хадиси шарифтин бар экенин билбейбиз, бирок, колуна, белине жана тилине ээ болгон адамдын кутула тургандыгы тууралуу башка хадиси шарифтер бар. Айрымдарынын мааниси төмөндөгүдөй:

"Тилин жана фаржын [ар-намысын] коргогон мусулманга Бейишти убада кыламын.” [Бухари]

"Арафа күнү колуна, тилине, көзүнө жана кулагына ээ болгон адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Хатиб]

"Адамдар тилиңен жана колуңан салим болмоюнча [камил, толук] момун боло албайсың.” [Аскери]

"Хасадчынын [көралбастык кылган адамдын] хасады колуна жана тилине чыкмайынча зыян кыла албайт.” [Абу Нуайм]

"Колу жакшылыктуу, тили чынчыл, жүрөгү таза, тамагына жана фаржына [намысына] ээ болгон адам илимде расих болот [чыныгы илим ээси болот].” [Табарани]

"Аллаху таала мага мындай деп вахий кылды: Менин мечиттериме жалгыз салим [бекем, кемчиликсиз] жүрөк менен, садык [ишенимдүү] тил менен, таза кол жана таза ар-намыс менен киришсин.” [Хаким]

"Ушул алты нерсеге сөз бергиле, мен дагы силерге Бейишти сөз берейин:

1 – Тилиңерге ээ болгула [куфур сөз, жалган, ушак, лаанат, пайдасыз сөздөр сыяктуу.]

2 – Сөзүңөрдөн кайтпагыла.

3 – Аманатка кыянат кылбагыла.

4 – Көзүңөргө ээ болгула. [Харамдарды карабагыла]

5 – Колуңарга ээ болгула. [Харам иш кылбагыла, харамды кармабагыла]

6 – Фаржыңарга [ар-намысыңарга] ээ болгула.” [Хаким]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш