Ислам дини » Адеп-ахлак » Аз жакшылыкка көп сооп




Аз жакшылыкка көп сооп


Суроо: Бир молдоке: "Аз бир жакшылыкка тоолордой сооп, кичинекей бир катага тоолордой күнөө болбойт”, - деп айтууда. Бул туурабы?

Жооп

Туура эмес. Аллах ыраазычылыгы үчүн кылынган жакшылыктардын, садаганын, зекеттин сообу берген адамдын ыкыласына жараша бирге он, бирге жети жүзгө чейин, жада калса, андан да көп болот. Курани каримдин маанисинде мындай деп айтылат:

"Мал-дүнүйөлөрүн Аллах жолунда сарптаган кишилердин абалы жети машакты өндүргөн бир адам сыяктуу. Ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллах каалаган пендесине ушул сыяктуу көбөйтүп берет. Аллах васи жана алим.” [Бакара сүрөсү, 261]

[Васи - кудурет ээси, ихсан кылган нерселер Ага кыйынчылык алып келбейт. Алим - бардык нерсени абалы менен, акыйкаты менен жана негизи менен билүүчү. Инфак кылган адамдын ниетин, ыкыластуу же ыкыластуу эмес экенин жана инфак кудуретин билет. Инфак - муктаждыкты кетирүү дегенди билдирет.]

Сабыр кылуучуларга бериле турган сооп да эсепсиз көп. Сабыр кылуучуларга ушунчалык көп сооп берилет; анын өлчөмүн Аллаху тааладан башка эч ким билбейт. Бир аяттын мааниси:

"Сабыр кылуучуларга сооп-сыйлыктары эсепсиз көп берилет.” [Зумар сүрөсү, 10]

Бирге жети жүз алуу

Хадиси шарифтерде болсо мындайча айтылды:

"Бир жакшылыкка ондон жети жүзгө чейин сооп берилет. Аллаху таала: "Бир гана орозодон тышкары анын сооп-сыйлыгын мен беремин”, - деди.” [Ибни Хузайма]

"Зилхижжа айынын алгачкы күндөрүндө кармалган орозо бир жыл бою кармалган орозого, бир түндү ибадат менен өткөрүү болсо Кадыр түнү ибадат кылган сыяктуу болот.” [Ибни Маже]

"Зилхижжа айынын алгачкы он күнүнөн өткөн пазилеттүү күн жок. Бир амалга жети жүзгө чейин сооп берилет.” [Таргиб]

"Бул күндөрдүн ар бири пазилетте миң күнгө, Арафа күнү болсо он миң күнгө барабар.” [Байхаки]

"Ашура күнү гусул алган адам энеден жаңы туулган сыяктуу күнөөлөрдөн тазаланат.” [Шир’а]

"Ашура күнү кымындай садага берген адамга Ухуд тоосу сыяктуу көп сооп берилет.” [Шир’а]

Аллаху тааланын ырайымы, ихсаны мол. Кымындай бир жакшылыкка тоолордой көп сооп берет. Мүлк Аныкы. Каалаганына калаганындай ихсан кылат. Эч ким Андан эсеп сурай албайт. Сооп-күнөөнүн өлчөмүн, асмандардын чоңдүгун, алыстыктарын жана акыреттеги убакыттарды жана дүнүйөнүн жаратылышын жана макулуктардын санын билдирген сандар анын канча экенин көрсөтүү үчүн эмес, сандын көп экенин түшүндүрүү үчүн айтылган. (Марифатнама)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш