Бир риваятта
Ахмед Шарбан хазреттеринин мүнөзү өтө начар, сөзгө келбес бир аялы болгон экен. Кожоюнун көрүү үчүн келгендерге ичкериден:
«Силер бул немеден эмне жакшылык күтүп жатасыңар. Силердин кылаарга ишиңер
жокпу?» - деп ажылдачу. Бир күнү шакирттери Устазынын бул абалын ойлоп өз
араларында минтип сүйлөшүп жатышкан эле: «Кызык, Устазыбыз кандайча мындай аял
менен бирге жашай алууда?» Алардын бул ойлорун түшүнгөн Шейх хазреттери минтип
жооп берди: «Досторум! Маселенин жөнү силер ойлогондой эмес. Менин мындай аялга
чыдап жашоом напсимдин каалоосунан эмес. Бул биздин шакирттерибизге берген
сабагыбыз. Максат жаман мүнөздүү адамдар менен дагы тил табышып жашай алууда.
Силер колуңардан келсе напсиңерди ичиңерден ыргытып, мага ошол абалда келгиле!
Болгону ушул.»
Ахмед Шарбан хазреттери өмүрүнүн акырына чейин ал
аялдан көргөн кыйынчылыктарга чыдады. Аялы ал улуу заттын кадырын көз жумган
соң түшүндү. Шейх хазреттеринин мазар ташын башына жазданып күнү-түнү: «Ах ах!
Убал болду, мен сенин кадыр-баркыңды биле албадым!» - деп көз жашын төкчү.