Ислам дини » Адеп-ахлак » Салам берүү




Салам берүү


Суроо: Салам берип жатканда эл арасында: «Салавалейким» - деп жатабыз. Бир-эки адам болсо: «Салавалейкимдер» дей салабыз. Ушул сөз туурабы? Мааниси кандай?

ЖООП:

Салам бергенде "Ассаламу алейкум деп айтылат. Саламды алганда "Ва алейкум ассалам деп айтылат. "Салавалейким” деген сөздүн эч кандай мааниси жок бош сөз. Артына көптүк түрдүн мүчөсүн улоо да туура болбойт. Көп адамга да, бир адамга да "Ассаламу алейкум деп салам берилет.

Салам берүү сүннөт, ал эми саламды алик алуу парз. Салам берээрде саламдын сүннөт экендигин ойлонуу керек жана ал адамга дуба кылууга ниет кылуу керек. Сүннөт экендигин ойлобой күнүмдүк адат боюнча эч нерсени ойлобостон салам бергенде сооп болбойт. Бир жерге киргенде да, чыкканда да салам берилет. Динибизде саламдын мааниси өтө бийик. Хадиси шерифтерде мындай деп айтылат:

«Мусулмандын мусулманга болгон алты акыларынын бири – салам берүү.»(Муслим)

«Бир жерге кирээрде ал жердегилерге салам берүү карыз болгону сыяктуу, чыгаарда да салам берүү карыз.» (Байхаки)

«Адамдардын эң алсызы дуба кылбаган турган адам, эң сараңы салам бербеген адам.» (Табарани)

«Адамдарга жылмайып салам берүү – садака.» (Байхаки)

«Жыйырма мусулманга салам берген момун Жаннаттка укук алат.» (Дайлами)

Салам – амандык, тынчтык, бакыт, соолук, таттуулук, рахаттык, кутулуу сыяктуу маанилерге келет. Салам берүү – адамга жасалуучу эң жакшы дуба. «Мен мусулманмын, менден сага зыян келбейт, саламаттасың» деген маанини жана сак-саламатта бол, мусулман болуп жан тапшыр деген маанилерди дагы билдирет. (Р.Насыхин, Раддул-Мухтар)

Берилген саламды андан да жакшы түрдө алуу парз болбосо да чоң сооп. Расулуллах алейхиссалам «Ассаламу алейкум» деген адам үчүн «Он сооп алды» деп буюрган. Дагы бирөө «Ассаламу алейкум ва рахматуллахи» дегенинде «Жыйырма сооп алды» деди. Башка бири «Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух» дегенде ал киши тууралуу «Отуз сооп алды» деди. Ушул кезде отургандардын бири салам бербей чыгып кетет. Пайгамбарыбыз «Досторуңар(саламдын маанилүүлүгүн) кандай тез унутту», - деди. Кийин «Бир жыйынга келгенде да, кетээрде да салам бергиле! Биринчи салам экинчисинен да маанилүү эмес», - деди. (Табарани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш