Ислам дини » Адеп-ахлак » Гыйбаттан (ушактан) сактануу керек




Гыйбаттан (ушактан) сактануу керек


Даанышман заттар мындай дешкен:

«Өтө дыкат болгула, араңарда эгер бир ушак, бир фитна (бүлүк, бузукулук) пайда болсо кулак салбагыла, оозун жапкыла. Дароо ошол жерде мунун отун өчүргүлө. Эгер башынан өчүрүлсө уланбайт, ошол жерде бүтөт. Эгер кулак салып аны уга турган болсоңор жана бул көбөйс, «дагы бираз айта түшчү» дей турган болсоңор чоң жамандык болот.

Дароо оозун жабуу керек. Эгер бирөө силерге дин боордошуңузду жамандаса силер ага «Унчукпа! Аллахтан корк. Бул мусулман адам, ага карата кантип жаман айтып жатасың?» - десеңер жүз шейиттин сообун аласыңар. Эмне үчүн? Себеби, чыга турчу бир фитнанын (бүлүктүн, келишпестиктин) алдын алгандыгыңыз үчүн.

Курани каримде мындай мааниде буюрулган:

«Бири-биирңерди гыйбат (ушак) кылбагыла!» [Хужурат 12]

Гыйбат адамдарды кайраштыруу дегенди түшүндүрөт. Бирөөнү гыйбат кылуу өлгөн адамдын этин жегенге окшош экендиги билдирилди. Хадиси шарифтерде мындай делген:

«Кыяматта бирөө сооп дептеринде өзү кылбаган ибадаттарды көрөт. Ага: «Булар сени гыйбат кылгандардын сооптору», - делет.» [Хараити]

«Сен дин боордошуңдун бетине айтууну жактырбаган нерсе – гыйбат.» [Ибни Асакир]

«Бирөөнүн жанында дин боордошу гыйбат кылынып, жардамга күчү жетип туруп ага жардам бербесе Аллаху таала аны дүнүйө жана акыретте шерменде кылат.» [Ибни Абиддунйа]

«Бирөөнүн оокаты аз, бала-чакасы көп, намазы жакшы болсо жана мусулмандарды гыйбат кылбаса кыяматта анын жанында болобуз.» [Хатиб]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш