Ислам дини » Адеп-ахлак » Көркөм мүнөз




Көркөм мүнөз


Суроо: Жакшы мусулман болуу үчүн жакшы ахлактуу болуу керек экендигин билдирдиңиз. Жакшы ахлакты кантип тапса болот?

ЖООП
ООба, Жакшы мусулман болуу үчүн жакшы ахлакка ээ болуу керек, жаман ахлактан узак туруу керек. Ушундай болгондо гана дүнүйө жана акырет саадатына жетүүгө болот.

Жакшы ахлакка ээ болуу үчүн илим жана адеп маалыматтарын үйрөнүү жана да жакшы адамдар менен достук куруу керек. Жаман ахлак болсо мунун терси. Б.а. жахил болуп калуунун себеби, жаман адеп жана жаман адамдар менен достук куруу. Женаб-ы Хак Пайгамбарыбызды мактап жатып: "Чындыгында сен чоң бир ахлактын үчтүндөсүң”, - деп айтат. (Калем 4)

Жакшы ахлактуу адамдарга жакын болуп, ошолор сыяктуу болууга аракет кылуу керек. Хадиси шарифте мындай деп айтылды:

"Ниматка жеткен адамдардан жөнөкөйлүк көрсөткөндөргө, өзүн дайыма кемчиликтүүмүн деп билген адамга, халалдан акча таап аны кайырлуу жерге сарптаган адамга, фыкых маалыматтары менен хикматы (тасаввуфту) бирлештирген адамга, халал менен харам нерселерге көңүл бөлгөн адамга, кедейлерге мээридүүлүк кылган адамга, ишти Аллах ыраазычылыгы үчүн кылган адамга, ахлагы жакшы адамга, эч кимге жамандык кылбаган адамга, илими менен амал кылган адамга жана оокатынын көбүн таратып, сөзүнүн көбүн сактаган адамга сүйүнчүлөр болсун!” (Таберани)

Жакшы сөздөр

Ахлак тууралуу Ислам аалымдары айтышат:

"Ар имараттын негизи (фундаменти) болот. Исламдын негизи – жакшы ахлак.”

"Жаман ахлак ушундай бир жамандыктын дал өзү, аны менен кылынган канчалаган жакшылык пайд бербейт. Жакшы ахлак ушундай бир жакшылыктын дал өзү, аны менен кылынган бир нече күнөөлөр кечирилет.”

"Жогорулаган бардык адамдар бир гана жакшы ахлактырынын аркасында көтөрүлүшкөн.”

"Жакшы ахлак – бул жарык жүздүү, жоомарт болуу жана эч кимди таарынтпоо.”

”Жакшы ахлак – бул эч бир адам менен араздашпоо жана эч кимди араздаштырбоо.”

”Жакшы ахлак – бул бирөөлөргө кыйынчылык тарттырбоо жана кыйынчылыктарга сабыр кылуу.”

”Жакшы ахлак – бул кененчиликте жана тарчылыкта адамдарды ыраазы кылууга аракет кылуу.”

”Жакшы ахлак – бул Аллахтан ыраазы болуу. Б.а. башына келген жакшылык жана жамандыкты Аллахтан деп билүү, ниматтарга шүкүр кылып, балээлерге сабыр кылуу.”

”Жакшы ахлак – бул жок эле дегенде кыйынчылыктарга төшүн тозуу, бирөөлөргө кылган жакшылыктарынын каршылыгын күтпөө, бардык адамдарга карата мээримдүү болуу.”

”Жакшы ахлак – бул харам нерселерден качып, дайым халал нерселерди издөө, чоочун адамдар менен болгон сыяктуу эле үй-бүлө мүчөлөрү менен да жакшы мамиледе болуп, аларды ыраазы кылуу.”

”Жакшы ахлак – бул Жаратканды ойлоп, жаратылган нерселерге кечиримдүү болуу, алардан келген кыйынчылыктарга сабыр кылуу.”

Бир мусулманга бүркөлгөн кабак менен кароо харам. Жарык жүздүү болбогон момундун сыпаты жок. Бардык адамдарга каршы жарык жүздү болуусу керек.

Хадиси шарифте Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылган адамдын мусафырына жана коңшуларына икрам кылуусу (сый көрсөтүүсү), кайырлуу пайдалуу нерсе болсо сүйлөөсү же болбосо унчукпай жүрүүсү буйрук кылынган. (Бухари)

Башка бир адамдын жаман ахлагынан улам ар кимге даттанып арызданып жүргөн адамдын өзү жаман ахлактуу. Башка адамдардын жамандыгын сүйлөп жаткан болсок бул нерсе өзүбүздүн жаман экендигибизге ачык бир белги. Жакшы ахлак – бул кыйынчылыктарды билдирбөө.

Ынсаптуу болуу, достордун кемчиликтерин көрбөө, адамдар тууралуу дайым жакшы ойдо болуу (хусни зан) , жаман ойдон качуу (суи зан), достору тараптан келе турчу кыйынчылыктарга сабыр кылуу, аларды даттанбоо, дайым өз айып-кемчиликтери менен алектенүү, өз нафсин эзүү, жарык жүздүү болуп бардык адамдар менен жумшак сүйлөшүү.

Жакшы ахлактуу адам адептүү болуп дайым аз сүйлөйт. Каталары аз жана эч ушак кылбайт. Аллах үчүн сүйөт, Аллах үчүн душмандык кылат. Коңшу жана досторун дайым коргойт. Бардык жакшылыктардын башы – уяттуу болуу.

Хазрети Хызыр айтты: "Жарык жүздүү бол, ачууланба! Дайым пайдалуу иш кыл, аз болсо дагы зыяндуу иш кылба! Кажетсиз көчөнү кыдырба, болор-болбос нерсеге күлбө, эч бир адамды кемчилиги үчүн айыптаба, күнөөлөрүң үчүн ыйла!”

Улуулардан Эбу Осман Эл-Хайрини тамакка чакырышат. Чакырылган жерге барганда ага: "Кечирип коюңуз, эл көп келди, сени кабыл кыла албайбыз”, - дешет. Кайрылып бираз жолго узап калганда кайрадан чакыртышат. Кайтып келгенде кайрадан эле кабыл кыла албай тургандыктарын айтышат. Ушинтип бр нече жолу чакырып, кайрадан кетиришкенден кийин: "Биз сени сынаш үчүн ушундай кылдык. Чындыгында жакшы ахлактуу экенсиң”, - дешет. Аларга жооп катарында мындай дейт: "Бул ахлакты жакшы деп ойлоп турасыңарбы? Бир итти да чакырып кайра куусаңар кете берет”.

Ахлакты жакшыртуу

Хадис-и шарифте айтылган:

"Силердин араңардан ыйман жагынан жакшы болгонуңар – ахлакгы жакшы болгонуңар” [Хаким]

"Йа Рабби Сенден сыххат, афийет жана жакшы ахлак тилеймин.” [Хараити]

"Мен жакшы ахлакты толуктоо үчүн жиберилдим” [Байхаки]

"Суунун кирди тазалап кетиргендиги сыяктуу, жакшы ахлак да чоң күнөөлөрдү кетирет. Уксустун балды бузуп жибергендиги сыяктуу, жаман ахлак да жакшы амалдарды бузат.” [И.Хиббан]

"Аллаху тааланын алдында жаман ахлактан да чоң күнөө жок. Себеби, жаман ахлактуу адам жаман мүнөзү менен кылган күнөөсүнөн тообо кылып кутулса да кайрадан эле башка бир күнөөгө кирет. Эч качан күнөөдөн кутула албайт.” [Исфахани]

"Кимде ким тообо кыла турган болсо, тообосун Аллаху таала кабыл кылат. Жаман ахлактуу адамдын тообосу кабыл болбойт. Себеби, бир күнөөдөн улам тообо кылса да жаман ахлагы болгондугу үчүн башка бир чоң күнөө кылат.” [Таберани]

"Жакшы ахлак – бул сенден мамилесин үзүп кеткен туугандарды зыярат кылуу, сага бербегенге сенин берүүң, сага зулумдук кылган адамды кечирүү.” [Байхаки]

"Дин – бул жакшы ахлак.” [Дайлами]

"Момундардын ыйман жагынан эң фазилаттуусу – бул ахлагы жакшы болгону.” [Тирмизи]

"Күндүн музду ээриткендиги сыяктуу жакшы ахлактын да күнөөлөрдү ээритип кетире тургандыгында эч бир шек жок.” 
[Хараити]

"Бир мусулман жакшы ахлагынын аркасынан түнкүсүн ыбадат кылып, күндүзү орозо кармаган адамдын даражасына жетет.” [И. Ахмед]

"Бир адам аз ыбадат кылса да, жакшы ахлагынын аркасынан эң жогорку даражаларга жетет.” [Таберани]

"Жумшак мамиле кыл! Катуулуктан сактан! Жумшактык адамды кооздойт, жамандыкты кетирет.” [Муслим]

"Жумшак мамиле кылбаган адам кайырлуу иш кылган болбойт.” [Муслим]

"Эң көп сүйгөн адамым – мүнөзү жакшы болгон адам.” [Бухари]

"Жумшак адамга дүнүйө жана акырет жакшылыктары берилген.” [Тирмизи]

"Тозокко кирүүсү харам болгон жана Тозоктун да аны күйгүзүүсү харам болгон адамды билдирип жатам. Көңүл бөлгүлө! Бул адам – адамдарга жеңилдик, жумшактык кылган адам.” [И. Ахмед]

"Жумшак болгондор жана жеңилдик кылгандар айбандын тизгинин кармаган адам сыяктуу. Токтоткусу келсе айбан ага баш ийет. Таштын үстүнө айдагысы келсе айбан ошол жерге чуркайт”. [Абу Давуд]

"Жаннатка киргизе турган нерселердин эң башкысы Аллаху тааладан коркуу жана жакшы мүнөздүү болуу. Тозокко киргизген себептердин башы – дүнүйөлүк нерселерден айрылганда көңүлүн түшүрүү жана бул нерселерге жеткенде да сүйүнүү, азып кетүү.” [Тирмизи]

"Ыйманы эң кубаттуу болгон адам – бул ахлагы эң жакшы болгон жана жубайына абдан жумшак болгон адам.” [Тирмизи]

"Адам жакшы мүнөзү менен Жаннаттын эң жогорку даражаларына жетет. [нафил]ибадаттары менен бул даражаларга жете албайт. Жаман мүнөз адамды Тозоктун эң түбүнө сүйрөп түшөт.” [Таберани]

"Ыбадаттардын эң жеңили - аз сүйлөө жана жакшы мүнөздүү болуу.” [Ибни Эбиддунйа]

"Ушул үч нерсеси бар адамдын ыйманы толук: Бардык адамдар менен жакшы мамиледе болгон жакшы ахлак, өзүн харам нерселерден алыс кармаган вара, жахилдигин жаап турган жумшактык.” [Несаи]

"Дүнүйөдө жана акыретте кечирим сурап кала турган сөздөн жана кыймыл-аракеттен узак турууга аракеттен!” [Хаким]

"Сөз беремин, талашып-тартышпаган, өзүнүкү туура болсо да тили менен эч бир адамды таарынтпаган, тамаша же болбосо жанындагыларды күлдүрүү максатында жалган сүйлөбөгөн, жакшы мүнөздүү мусулман Жаннатка кирет.” [Тирмизи]

"Ушул алты нерсени аткарган адамдын Жаннатка кире тургандыгына кепил боломун: Сүйлөгөндө чын сүйлөгөн, берген сөзүн орундаткан, аманатка көңүл бурган, намысын коргогон, көздөрүн харамдан сактаган, колдорун жамандыктан тарткан адам.” [И. Ахмед]

"Аллаху таала айтты: «Силерге жиберген Ислам дининен ыраазымын, [бул динди кабыл кылып, бул диндин буйрук жана тыюуларына көңүл бөлгөндөрдөн ыраазы болуп, аларды сүйөмүн.] Бул диндин толук болуусу жоомарттык жана жакшы мүнөздүү болуу менен болот. Сиз дагы диниңиздин толук болгонун ар күн ушул эки нерсе менен белгилүү кылыңыз.” [Таберани]

"Хак таала жумшак мүнөздүү адамга жардам кылат, катуу мүнөздүү жана ачуулу адамга жардам кылбайт.” [Таберани]

"Жумшак болгон, ачууланбаган мусулмандын Тозокко кирүүсү харам.” [Тирмизи]

"Жай, жумшак мамиле кылуу – бул Аллаху тааланын кулуна берген чоң ихсаны. Шашкалак болуу шайтандын жолу. Аллаху таала сүйгөн нерсе- бул жумшак жана оор басырыктуу болуу.” [Э. Йала]

"Адам жумшактыгы, таттуу тили менен күндүзүн орозо кармап, түнү намаз кылган адамдын даражасына жетет.” [И. Хиббан]

"Ачууланар замат ачуусун жеңип, жумшак мамиле кылган адамды Аллаху таала сүйөт.” [Исфахани]

"Жарык жүз менен салам берген адам садака берген адамдын сообун алат.” [И.Э. Дунйа]

Бир адам Расулаллахтан (саллаллаху алейхи ве саллам) насихат сурайт, "Ачууланба”, - дейт. Бир канча жолу сурайт, "Ачууланба”,- деди. (Бухари)

Суроо: Жакшы адам болуу үчүн эмне кылуу керек?

ЖООП:

Жакшы адам болуу үчүн жетилген, толук ыймандуу мусулман болуу керек.. Чындыгында мусулман адам – бул жакшы адам дегенди билдирет.

Аллах үчүн момун адам өтө баалуу. Курани каримде мындайча билдирилди:

"Момундар ушундай адамдар, Аллах аты эскерилгенде калбдары (жүрөктөрү) титирейт, Аллахтын аяттары окулса ыймандары кубаттанып, жалгыз Раббине таянып ишенишет, намазын дурустап окушат, өздөрүнө ырыскы кылып берген нерселерибизди (Аллах ыраазы болгон жерлерге) сарпташат.” [Энфал 2-3]

"Момундар сөзсүз кутулушат. Намаздарын хушу менен окуйт, бош жана пайдасыз нерселерден алыстаган, зекеттерин берет, уятын коргойт, аманат жана сөздөрүндө турушат.” [Муминун 1-8]

"Алар Аллахтын ахдын орудатышат, берген сөздөрүн бузбайт, Раббинин ыраазычылыгын сурашат жана жамандыкты жакшылык менен жабышат.” [Рад 20-22]

"Чоң күнөөлөрдөн жана уятсыздыктан сактанышат, ачууланганда кемчиликтерди кечиришет жана иштерди араларында истигаре кылышат.” [Шура 37,38]

"Ишенип кайырлуу иш кылгандардын (момундардын) жамандыктарын, ант болсун, жабабыз, аларды кылган нерселеринин эң жакшысы менен каршылыгын беребиз.” [Анкебут 7]

"Аллах алардын (момундардын)жамандыктарын жаап, аларга кылган нерселеринин эң жакшыларынын каршылыгын берет.” [Зумер 35]

"Албетте, момундар бир тууган.” [Хужурат 10]

Момундарга байланыштуу хадиси шарифтердин кээ бирлеримына булар:

"Мусулман – бул колуна жана тилине башка мусулмандар ишенген адам.” [Бухари]
"Момун акылдуу, парасаттуу адам. Ар ишинде Аллахтын ыраазычылыгына көңүл бөлөт.

Шашылбайт, илимдүү, харамдардан качат.” [Дайлами]

"Момун – атыр саткан адам сыяктуу. Жанында отурсаң ичиң ачылат. Аны менен бир жүрсөн жана орток иш кыла турган болсоң пайдасын көрөсүң. Анын ар иши пайдалуу.” [Таберани]

"Момундар бири-бирине карата сүйүү жана мухаббатта бир дене сыяктуу. Дененин бир жери ооруса бардык дене тынчсызданып аны айыктыруу үчүн аракет кылгандыгы сыяктуу мусулмандар да бири-бирине жардамга жүгүрүшөт.” [Бухари]

"Момун адам жакшы мамиледе болот, жакшы мамиле кылбаган жана жакшы мамиле кылынбаган адамда кайыр жок.” [Байхаки]

"Момун адамдын жанына кирген адам сулуу бакчага киргендей эс алат” [Дайлами]

"Момун адам лаанат кылбайт, жамандабайт, уят сөз сүйлөбөйт жана уятсыз болбойт.” [Хаким]

"Момун адам аарыга окшош; конгон бутакты сындырбайт, ал жерге зыян келтирбейт. Жыйнап калтырган эмгеги жа жакшы” [Байхаки]

"Момун адам жумшак болот. Үйрөтүлгөн төө сыяктуу баш ийет, "ых” десең жер катуу болсо да чөгөт.”[Байхаки]

"Момун адам орой болбойт. Жумшактыгынан улам акмак деп ойлошот. [Дайлами]

"Момун адам тил табышат. Досуна ырахаттык тартуулайт. Мунафык болсо тил табыша албайт, досуна кыйынчылык алып келет.” [Даре Кутни]

"Элдин колундагы нерсеге көз артпоо момундун белгилеринен.” [Даре Кутни]

"Кошунасы жамандыгынан коопсуз боло албаган адам момун боло албайт.” [Бухари]

"Айланадагыларың менен кошуналыгың жакшы болсун жана мусулман болуу үчүн өзүң жактырган нерсени башкалар үчүн дагы жактыр.” [Хараити]

Кимге диндин буйруктарын аткаруу жеңил болгон болсо анын салих адам экендиги белгилүү болот. Хадис-и шарифте айтылды:

"Акыретке тийиштүү болгон каалооңо жеңил жетип, дүнүйөгө тийиштүү болгон нерсеге жетүүң кыйындаса жакшы абалда экендигиңди бил. Мунун тескериси болсо жаман абалдасың.” [Байхаки]

Мусулмандын сыпаттары кандай

Суроо: Аллахтан корккон мусулмандын кандай сыпаттары бар?

ЖООП

Аллахтан корккон адам Анын буйруктарын аткарууга жана тыюу салган нерселеринен алыс турууга дыкат мамиле кылат. Эч бир адамга жамандык кылбайт. Өзүнө жамандык кылгандарга сабыр кылат. Кылган каталарына тообо кылат. Сөзүнө ээ болот. Ар кылган жакшылыгын Аллах үчүн кылат.

Эч кимдин малы-жанына көз артпайт. Эмгектенгенде, соода-сатыкта эч кимдин акысын жебейт. Бардык адамдарга жакшылык кылат. Шектүү болгон нерселерден узак болот. Бийлик мансап ээлерине, заалымдарга кошоматтык кылбайт. Илим жана ахлак ээлерине урмат көрсөтөт.

Досторун жакшы көрөт жана өзүн жа сүйдүрөт. Жаман адамдарга насыйкат берет. Аларды ээрчибейт. Кичүүлөргө мээримдүү болот. Конокторго, мусапырларга даам таттырат. Эч кимди кайраштырбайт. Жан кумарынын артынан жүгүрбөйт. Зыяндуу, жада калса, пайдасыз сөздөн узак турат. Эч кимге орой мамиле кылбайт. Жоомарт болот. Бийликти да, байлыкты да адамдарга жакшылык кылуу үчүн каалайт.

Рия делген жаман мүнөздөн узак турат, эки жүздүү болбойт. Аллаху тааланын дайыма көрүп, билип турганын ойлонуп жамандык кылбайт. Анын буйруктарын бекем карманат. Тыюу салган нерселеринен качат. Аллахтан корккондор элине, өлкөсүнө пайдалуу болот.

Аллаху таала Куран-и каримде момундарды мындайча белгилейт:

"Рахим болгон аллаху тааланын кулдары жер бетинде кичи пейилдиги бар вакар (сүр) жана жөнөкөй болуп басышат. Жахилдер аларга асыла турган болсо аларга [амандык, саламаттык силерге болсун деген сыяктуу] жакшы сөздөрдү айтып, [өтө чоң жумшактыкты көрсөтүшөт.] Алар түнү саждага барышып, кыямда турушат [намаз окушат]. Алар: "Йа, Рабби, Жаханнам азабын бизден узактат. Жаханнам азабы бүтпөйт жана өтө азаптуу. Ал жер эч күмөнсүз жаман жер жана жаман жай”, - дешет. Бир нерсе бере турган болушса ысрап кылбайт, сараңдык да кылышпайт, экөөнүн ортосундагы жолду карманышат. Эч кимдин акысые жебейт, Аллахка шерик кошпойт, Андан башкага жалбарышпайт. Башкалардын тийүүсүң Аллах харам кылган жанды кыйып, акысыз бүрөөнү өлтүрүшпөйт, зина кылышпайт. Булардын бирин кылгандын Кыяматта азабы кат-кат болот, ал жерде залил жана хакир бойдон түбөлүк калышат. Бирок, Аллах тообо кылган жана жана туура ыйман кылган жана ибадат, пайдалуу иш кылгандардын жамандыктарын жакшылыкка айлантат. Аллах кечирим жана мээрим ээси. Тообо кылып, салих амал кылган, Аллаху таалага [тообосу кабыл болуу менен Анын ыраазалыгына жеткен абалда] барышат. Алар жалган жерге күбөлүк кылышпайт, пайдасыз жана зыяндуу иштерден сактанышат. Өздөрүнө аяттар окулган кезде көр жана дүлөй болгондой мамиле кылышпайт, [дыкаттык менен угуп, бул аяттар менен өздөрүнө аткарылуусу буйрук кылынган нерселерди аткарышат.]” [Фуркан 63-73]

Жакшы мүнөздүү болуунун жана муну коргоонун жолу

Суроо: Жакшы мүнөздүү болуу жана муну коргой алуу үчүн эмне кылуу керек?

ЖООП

Жакшы мүнөздүү болуу жана ахлагын сактоо үчүн салих адамдар менен, жакшы мүнөздүү адамдар менен достук куруу керек. Адамдын ахлагы досунун мүнөзү сыяктуу болот. Хадис-и шарифте: "Адамдын дини досунун дини сыяктуу болот”, - деп билдирилди. Ахлакты бузган, кумарды азгырган китептерди окубоо жана мындай радио, телевизордон сактануу керек.

Жакшы мүнөздөрдүн пайдалары жана харамдардын зыяндары, Жаханнамдагы азаптары дайыма эсте болуу керек. Байлык, бийлик аркасында жүгүргөндөрдүн эч бири муратына жеткен эмес. Байлык бийликти кайыр иш кылуу үчүн издеген жана кайырлуу жерлерге жумшаган адам ырахатка жана тынчтыкка жеткен.

Аллаху тааладан коркуу бул дайранын кемеси болуп саналат. Хадис-и шарифте: "Дүнүйөдө калуучу эмес жолоочу сыяктуу жаша! Өлө турганыңды эч унутпа”, - деп айтылды.

Пайдасыз нерселерден, оюндардан, зыяндуу тамашалашуудан жана тартышуудан сактануу керек. Илим үйрөнүп, пайдалуу иштерди аткаруу керек. Убакыттын кадырын билип күнү-түнү илим үйрөнүү керек! Илимди ибадат кылуу үчүн үйрөнөт. Кыяматта аткарган ибадат жана иштер тууралуу сурак болот, көп илим үйрөндүңбү деп суралбайт. Иш жана ибадат болсо ихласка ээ болуу үчүн кылынат. (Ислам Ахлагы)

Катуу табияттуулук

Суроо: Адилетсиздикти көргөндө чыдабай кетем. Табият-мүнөзүм абдан катуу. Мындай болуу динде кемчилик эмеспи?

ЖООП:
Катуу табияттуу болуу кемчилик эмес. Бирок, динге кайчы боло тургандай катуу мамиле кылуу кемчилик болуп саналат. Хазрети Умардын катуу табияты макталган, кубатталган. Хадис-и шарифте айтылды: 

"Эки периште бар: бири катуу, бири жумшак табияттуу. Булар - Жабраил менен Микаил. Пайгамбарлардын бири жумшак, бири катуу табияттуу болот. Булар - Ибрахим менен Муса. Менин дагы эки досумдун бири жумшак, экинчиси катуу табияттуу. Булар - Абу Бакр менен Умар.” [Таберани]

Мусулман эместерге карата да жакшы мүнөздүү болуу керек.

Суроо: Исламияттын көркөм ахлагын көрсөтүү үчүн мусулман эместерге карата да жакшы мүнөздүү болуу жана алардын көңүлүн оорутпоо керек эмеспи?

ЖООП
Мусулмандар мусулман эместерге карата да жакшы мүнөздүү болуулары, аларды таарынтпоолору керек. Ушундайча Ислам дининин жакшы мүнөздүү болууну, бир тууганча жашоону, эмгектенүүнү буйрук кылгандыгын аларга да көрсөткөн болот. Ушундайча жакшылыкты сүйгөн адамдар кубануу менен мусулман болушат. Жихад кылуу фарз. Жихадды мамлекет курал-жарак менен, суук согуш, пропаганда, басылма аркылуу кылат. Ал эми ар мусулман болсо жакшы мүнөзү менен, жакшылык кылуу менен жихад кылат.Себеби, жихад – бул адамдарды мусулмандыкка чакыруу болуп саналат. Көрүнүп тургандай мусулман эместерге карата да жакшы мамиледе болуу, алардын көңүлүн оорутпоо жихад кылуу болуп саналат. Жихад болсо ар бир мусулманга күчүнүн жетишинче фарз болуп саналат. 

Аллахтын ахлагы менен ахлактануу

Суроо: Жакшы мусулман болуу үчүн Аллахтын ахлагы менен ахлактануу керек экен? Бул кандайча болот?

ЖООП

Имам Раббани хазреттери айтат:

"Бир адам бир зат менен сүйлөшкөндө эгер көңүлүндө дүнүйөгө деген сүйүү азайып, Аллаху таалага жакындай турган болсо анын керемет ээси, олуя зат экендиги белгилүү болот. Эгер мындай болбой турган болсо ал заттын истидраж көрсөткөн жалганчы адам экендиги белгилүү болот. "Олуя болуу үчүн Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактануу керек”, - деп айтылган. Б.а., Аллаху тааланын сыфаттарына ылайык сыфаттар олуяда да пайда болот. Бирок, бул окшоштук аталышта гана болот. Сыфаттарынын өзгөчөлүгүндө биргелик болбойт. "Аллаху тааланын ахлагы менен ахлактангыла” деген буйрукту түшүндүрүп жатып, Хаже М. Париса хазреттери Тахкикат китебинде жазат:

"Аллаху тааланын бир сыфаты - Басир. Б.а., Аллаху таала бардык нерсени көрөт. Бир адамдын калб көзү ачылып, фирасат нуру менен өз кемчиликтерин жана башкалардын мүнөздөрүн көрсө, б.а., башкаларды өзүнөн жогору көрсө жана Аллаху тааланын дайыма көрүп тургандыгын көз алдына элестетип дайыма Ал жактырган нерселерди аткарса бул сыфат менен ахлактанган болот.

Аллаху тааланын бир сыфаты Мумит.Б.а., өлтүрүүчү дегенди билдирет. Бир адам сүннөттөрдүн ордуна туруп калган бидаттарды жок кылса бул сыфат менен сыфаттанган болот. Бардык сыпаттар булар сыяктуу."

"Жахилдер бул ахлактанууну башкача түшүнүшкөн жана жолдон адашышкан. Олуянын өлүлөрдү тирилте тургандыгын, жоголгон нерселерди биле тургандыгын ойлошуп, күнөөгө киришкен.” [Муж. Мект.107]

Аллаху тааланын сыфаттарынын бири Саттар. Б.а., күнөөлөрдү жабуучу. Мусулман адам да дин бир тууганынын кемчиликтерин жаап, жашыруусу керек. 

Аллаху таала Карим, Рахим. Б.а., ихсаны, мээрими көп. Мусулман адам дагы жоомарт жана мээримдүү болуусу керек!

Аллаху таала Жаффар, б.а., кулдарынын күнөөлөрүн кечирүүчү. Мусулмандар да бири-биринин кемчиликтерин кечирүүлөрү керек!

Кечирим – бул акысы болгон бир нерсени албай ээсине багыштоо болуп саналат. Аллаху таала кечирүүчү жана кечиримдүү болгондорду жакшы көрөт. Куран-и каримде: "Кечир, жакшылыкка үндө жана жахилдерден жүзүңдү бур”, - деп буюрууда. (Араф 199)

Хадис-и шарифтерде да айтылды:

"Кечиргиле, Аллаху таала да силерди кечирсин жана намысыңарды көтөрсүн!” [Исфахани]

"Аллах үчүн кечиргенди Аллаху таала бийиктетет, азиз кылат.” [Барика]

"Өзүнөн алыстагандарга жакындоо, зулумдук кылгандарды кечирүү, өзүн кыйын абалга калтыргандарга ихсан кылуу көркөм мүнөз болуп саналат.” [И. Эбиддунйа]

"Сага зулумдук кылганды кечир, сага келбегенге бар, сага жамандык кылганга сен жакшылык кыл, сага зыяны болсо да сөзсүз чындыкты сүйлө.” [Рузейн]

"Муса алейхиссалам: "Йа, Рабби, Сенин алдыңда эң азиз болгон ким?” – деп сурады. Аллаху таала: "Өчүн алууга күчү жетип турса да кечирген адам”, - деп буюрду.” [Хараити]

"Аллаху таала мээримдүү болбогон адамга мээримдүүлүк кылбайт, кечирбеген адамды кечирбейт.” [И. Ахмед]

"Кечиримге ээ болуу үчүн кечиргиле!” [И. Ахмед]

Локман алейхиссаламдан уулу мындай деп сурайт:

-Эң жакшы мүнөз кайсынысы?

- Диндар болуу.

- Жарайт ата, а эгер бул эки болсочу?

- диндарлык жана малдуу (оокаттуу) болуу.

- Үч болсочу?

- Диндарлык, мал жана уяттуулук.

- Төрт болсочу?

- Диндарлык, оокат, мал жана жакшы мүнөз.

- Беш болсочу?

- Диндарлык, оокат, мал, жакшы мүнөз жана жоомарттык.

- Алты болсочу?

- Уулум, мына ушул беш сапат кимде бар болсо ал адам Аллаху тааланын сүйүктүүсү, такваа ээси болот. Шайтандан узак турат.

Куран-и каримде болсо мыйдай деп буюрулат:

"Аллахтын алдында эң кадырлууңар такваалуу болгонуңар.” [Хужурат 13]

Бир адам асыл тукум үй-бүлөдөн болбосо да жакшы мүнөздүү болсо ал адамга жакшы мүнөзү жакшы асылдык болуп саналат. Хадис-и шарифте айтылды:

"Жакшы мүнөз сыяктуу асылдык, бир нерсенин алдын алуу сыяктуу акылдуулук жок.” [Ибни Маже]

Жакшы мүнөздүү болгондор адамдардын мактоосуна татыйт. Хадис-и шарифте айтылды:

"Мал-оокатыңар менен баарын ыраазы кыла албайсыңар. Жарык жүз жaна жакшы мүнөз менен ыраазы кылууга аракет кылгыла!” [Хаким]

Жакшы ахлактуу болуу үчүн эмне кылуу керек?

ЖООП

Жакшы мүнөзгө ээ болуу үчүн жакшы жана жаман мүнөздөр кайсылар экендигин үйрөнүү керек. Айрыкча адам өзүнүн жаман мүнөздөрүн талдоосу керек. Муну өзү кылат. Же болбосо бир аалымдын, жол көрсөтүүчүнүн билдирүүсү менен түшүнөт. Адам өз кемчиликтерин түшүнүүсү кыйын. Ишенген досунан сурап кемчилигин биле алат. Садык дос аны коркунучтардан, кыйынчылыктардан коргогон адам болуп саналат. Душмандардын өзүнө каршы колдонгон сөздөрү да адамга кемчиликтерин билүүгө жардам берет. Себеби, душман адамдын кемчиликтерин издеп бетине айтат. Дос болсо адамдын кемчиликтерин көрбөйт.

Бир адам Ибрахим Эдхем хазреттерине кемчилигин, айыптарын айт деп жалбарганда: "Сени дос кылдым. Ар бир абалын мага жакшы болуп көрүнөт. Кемчилигиңди билгиң келсе башка биринен сура”, - деп айтты.

Башка адамдын кемчилигин көргөндө мунун өзүндө барбы жокпу издештирип, эгер өзүнөн таба турган болсо мындан кутулууга аракет кылуусу керек. "Момун момундун күзгүсү” деген хадиси шарифтин мааниси ушундай. Башка адамдардын кемчиликтеринде өз кемчиликтерин көрөт. Иса алейхиссаламдан: -бул көркөм ахлакты кимден үйрөндүң, - деп сурашканда: -Бирөөнөн үйрөндүм. Адамдарды назар салдым. Алардагы жагымсыз нерселерден сактандым. Жагымдуу нерселерди көргөндө мен да кылдым, - деп буюрду. Хазрет-и Локмандан: "Адепти кимден үйрөндүң?” – деп сурашканда: "Адепсиз адамдан”, - деп жооп берди.

Селеф-и салихиндин, Асхаб-ы кирамдын, олуялардын өмүр баяндары окуу дагы жакшы мүнөзгө ээ болууга себеп болот. Өзүндө жаман мүнөз болгон адам буга чалдыгып калгандыгынын себебин издөөсү керек, бул себепти жок кылууга, мунун тескерисин кылууга аракет кылуусу керек. Жаман мүнөздөн кутулуу жана мунун тескерисин кылуу менен көп алектенүү керек. Себеби, адам өзүнүн көнүмүш адаттарынан кутулуусу өтө кыйын. Жаман нерселер напсиге таттуу сезилет.

Балдарды унутта калтырбайлы

Азыркы тапта бардык христиан мамлекеттерде бир бала туулар замат ага бузук диндериндеги салт-санааны жасашууда. Ар кандай жаштагы адамдарга яхудиликти жана христиандыкты өтө дыкат орнотушууда. Мусулмандардын ыймандарын, диндерин уурдоо жана жок кылып, аларды да христиан кылуу үчүн Ислам мамлекеттерине көптөгөн китеп, брошюра жана видео фильмдерди жиберишүүдө. Ошондуктан, мусулмандар дин жахилдеринин куулугуна, жалгандарына алданып калбай, бизге аманат болгон бала-чакабызга ээ болуубуз керек. Аларга ээ болуу бул динибиздин буйруктарына ылайык чоңойтуу болуп саналат. Хадис-и шарифте айтылды: "Ахлагыңарды жакшырткыла!” [Ибни Лал]

Эң жырткыч деген жаныбарлар дагы тарбиялоо менен колго үйрөтүлүүдө. Эч убакта алманын данегинен апелсин чыкпайт. Бирок, алма дарагын чоңойтуп, керектүү минерал жана усулдар менен сапаттуу алма берген бак кылып өстүрүүгө болот. Бул сыяктуу эле адамдын табиятында болгон кээ бир арзуулар жок кылына албайт, бирок, тарбия кылууга болот.

Ар бир нерсени каршылашы эмне болсо ошол сындырат. Жаман мүнөздөрдү жакшы мүнөздөр жок кылат. Ушул жагынан алып караганда адам өзүн дагы кыйнап болсо да жакшы иштерди аткарууга үйрөтүүсү керек. Бала иши жана ахлагы жакшы болгон адамдар менен достоштурула турган болсо жакшы мүнөздөр өзүнөн өзү анын табияты болуп калмакчы. Ушул негиздер аркылуу бала тарбиялана турган болсо дүнүйө жана акырет бактысына ээ болот. Кыямат күнү эне-ата баласына үйрөтүүсү керек болгон илимдерден жоопкер болот, эгер милдетин аткарбаган болсо же кемчилик кылган болсо жазага тартылат. Балдарын Ислам тарбиясы менен чоңойтпогон адамдар дүнүйө жана акырет балээлерине дуушар болушат.

Баласын Ислам ахлагы менен тарбиялап өстүргөндөр кандай гана бактылуу.

Жакшы мүнөздүү болуу

Суроо: Жакшы мүнөздүү болуу үчүн тизме кылып бир несе принциптерди атоо мүмкүнбү?

ЖООП

Жакшы жана жаман мүнөздөрдү билүү жана жакшысын аткаруу керек. Ислам ахлагын окуп ошол жердеги маалыматтарга ылайык амал кылган адам жакшы ахлактуу болот. Мына бул эки принципти да негиз катары карманган адам да жакшы мүнөздүү болот:

Душмандарыбыз, каршылаштарыбыз, бизди көрө албагандар дайыма кемчиликтерибизди издешет. Алардан кемчиликтерибизди үйрөнүп жакшы ахлакка ээ боло алабыз. Бир адам кемчиликтерин оңдоо үчүн Ибрахим Эдхем хазреттеринен айып-кемчиликтери болсо аларды айтууну өтүнгөндө: "Сени дос кылдым. Ар бир абалың мага жакшы көрүнүүдө. Кемчиликтериңди башкалардан сура”, - деди.

Башка адамда кемчилик көргөндө муну өзүндө издөө, өзүндө да таба турган болсо мындан кутулууга аракет кылуу керек. "Момун момундун күзгүсү” деген хадиси шарифтин мааниси ушундай. Башка адамдардын кемчиликтеринде өз кемчиликтерин көрөт. Иса алейхиссаламдан: -бул көркөм ахлакты кимден үйрөндүң, - деп сурашканда: -Бирөөнөн үйрөндүм. Адамдарды назар салдым. Алардагы жагымсыз нерселерден сактандым. Жагымдуу нерселерди көргөндө мен да кылдым, - деп буюрду. Хазрет-и Локмандан: "Адепти кимден үйрөндүң?” – деп сурашканда: "Адепсиз адамдан”, - деп жооп берди. Б.а., бир адамдын баскан-турганы бизге жакпаса, адепсиздик катары эсептеген болсок анда аны биз да кылбашыбыз керек. Бир адам биздин кандайдыр бир кемчилигибизди айтса ага кубанбасак анда башка адамдардын да кемчиликтери тууралуу кеп кылбашыбыз керек. Бир адамдын бизди сындоосу жакпаган болсо анда биз дагы башкаларды сындабашыбыз керек.

Эгер адам бул принциптерди аткара турган болсо жакшы ахлактуу болмокчу. Ошондуктан, бир сөз айтуудан мурда өзүбүздү каршыбыздагы адамдын ордуна коюп көрүүбүз керек. Ушул айтыла турчу сөзгө биз кандай мамиле кылмакпыз, мына ошону ойлонуу керек. Мында кээ бир бөтөнчө жагдай да болуусу мүмкүн, бирок, булар жалпы эрежелерди буза албайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш