Ислам дини » Адеп-ахлак » Чыныгы мусулман болуунун шарттары




Чыныгы мусулман болуунун шарттары


Ислам деген сөз арапча «Напсин таслим кылуу, моюн сунуу, саламаттыкка жетүү» жана ошол эле убакта «тынчтык» деген маанилерди түшүндүрөт. Имам Азам «рахима-хуллаху таала»: «Аллаху тааланын буйруктарына таслим болуу жана моюн сунуу» деп түшүндүргөн.

Жогоруда айтылган түшүндүрмөлөр дыкаттык менен карала турган болсо жакшы мусулмандын кандай боло тургандыгы өзүнөн өзү белгилүү болот. Буларды дагы бир жолу кайталайлы:

Бир мусулман баарынан мурда дене жана рух жагынан таза.

Алгач дене тазалыгы тууралуу айталы:

Аллаху таала Курани каримде ар кайсы жеринде «Таза болгондорду сүйөммүн!» деген. Мусулмандар мечиттерге, үйлөргө бут кийимдери менен киришпейт. Жерге төшөлгөн килемдер, төшөктөр чаңы жок таза болот. Ар мусулмандын үйүндө мончосу бар. Өздөрү, кийген кийим-кечелери, жеген тамак-аштары дайым таза болот. Ошондуктан микроп жана оорулар болбойт.

Француздар дүнүйөгө мактаныч катары сыймыктанган Версаль сарайында бир да мончо болгон эмес.

Орто кылымда Парижде жашаган бир Француз эртең менен турган кезде үйүндө даараткана болбогондуктан гаршокко кылган нажасат менен суу ичкен идишин алып Сен (Seine) дайрасына барат, ал дайрадан алгач ичүү үчүн суу алат. Кийин нажасатын дайрага төкчү. Бул саптар «Ичкен суу» (L’Eau Potable) аттуу бир Француз эмгегинен болгонун болгондой мисал катары алынган. Кануни Султан Сулайман заманында Стамбулган келген бир немис монах болжол менен 967 [м.1560] жылы жазган бир эмгегинде: «Бул жердеги тазалыкка айран таң калдым. Бул жерде ар ким күндө беш жолу жуунат. Бардык дүкөндөр тазаланат. Көчөлөрдө кир жок. Сатуучулардын үстү-башында кымындай да кир тагы жок. Айрыкча алар «хамам» деп аташкан жана ичинде ысык суулары бар имараттар бар, бул жерге келгендер бардык денесин жуушат. Бирок, бизде болсо адамдар кир, жуунганды билишпейт», - деп баяндоодо. Европада жуунуу деген нерсе кылымдар соң мусулмандардан үйрөнүлгөн.

Бүгүнкү күндө  болсо мусулман мекендери делген жерлерде саякат кылып жүргөн чет элдиктер өздөрү жарыялаган китептеринде: «Бир чыгыш мамлекетине барган кезибизде биринчи эле мурдубузга жыттанып кеткен балык жана мусурдун жыты келет. Ар тарап кирге толгон. Жердин баары түкүрүк. Кайда карасаң жыйналган мусур жана айбандык өлүктөрү. Киши мындай чыгыш мамлекетине барганда жүрөгү айланат жана мусулмандар өздөрү айткандай таза эмес экендиктерин түшүнөт», - деп жазышат. Бүгүнкү күндө ислам деген атты колдонгон мамлекеттерде ыйман маалыматтары бузулгандай эле тазалыкты дагы толук сакташпайт, маани беришпейт. Бирок, мында күнөө Ислам дининде эмес Ислам дининин негизинин тазалык экендигин унуткан адамдарда. Кедейлик кир болууга себеп болушу мүмкүн эмес. Бир адамдын жерге түкүрүүсүнүн, айланага кир нерселерди чачуусунун акча менен эч кандай байланышы жок. Мындай айлананы кирдеткен адамдар Аллахтын тазалыкка болгон буйругун унуткан бетпак адамдар. Ар мусулман динин жакшылап үйрөнсө жана буга маани берип сактаса бул кирдүүлүк дароо жоюлат. Ошондо башка элдер мусулман мамлекетине келишкенде Орто кылымдагы мусулмандарда болгондой тазалыкка таң калышат.

Чыныгы мусулман таза болот жана да ден-соолугуна көп көңүл бөлөт. Өзү уу болгон алкоголдук ичимдиктерди ичпейт. Ар түрдүү коркунучтары жана зыяндары бар болгондугу үчүн тыюу салынган чочко этин жебейт. Гомосексуалдык менен алек болгон кишилерден табылган (СПИД) деп аталган сари жана өлтүрүүчү оорунун вирусунун чочколордо болгондугу аныкталган.

Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» медицина илимин ар түрдүү формаларда мактаган. Мисалы: «Илим экөө: Дене билими, дин билими». Б.а., илимдердин ичинде эң керектүүсү – рухту коргогон дин билими жана денени коргогон ден-соолук билими деп, баарынан мурда рухтун жана дененин сергектигин камсыздоого аракет кылууну буйрук кылды. Исламият дене билимин дин билиминен мурда үйрөнүүнү буюрууда. Себеби, бардык жакшылыктарды дененин бекем саламатта болуусу менен орундоого болот.

Бүгүнкү күндө бардык университеттерде окутулгандай доктурлук эки бөлүктөн турат: Бири – гигиена, ден-соолукту сактоо, экинчиси – терапия, ооруларды айыктыруу. Булардан биричиси алдыңкы орунда турат. Адамдарды оорулардан коргоо, ден-соолукта болууну камсыздоо – медицинанын биринчи милдети. Оорулуу адам жакшы кылынса да көбүнесе проблемалуу бойдон калат. Мына Исламият  медицинанын биринчи милдетин, гигиенаны гарантиялаган. (Мавахиби ледуниййа) китебинин экинчи бөлүмүндө Курани каримдин медицинанын эки бөлүгүнө тең үндөгөндүгүн аяти карималар мисал келтирилип далилдөөдө.

Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» Рим императору Гераклиус менен кат алышып турчу. Бири-бирине элчи жиберип турушчу. Бир жолу Гераклиус көп белек жиберген эле. Бул белектердин бирөө – доктур эле. Доктур келгенде: «Мырзам! Император мырза мени силерге кызмат үчүн жиберди. Оорулууларыңызга бекер көз саламын!» - деди. Расулуллах «саллаллаху алейхи ва саллам» аны кабыл кылды. Буйругу менен ал доктурган бир үй беришти. Күн сайын даамдуу тамактарды, суусундуктарды алып барып турушту. Арадан күндөр, айлар өттү. Эч бир мусулман доктурга кайрылган жок. Доктур уялганынан келип: «Мырзам! Мен бул жерге силерге кызмат кылууга келдим. Ушу күнгө чейин бир да оорулуу келген жок. Бош отурдум, жеп-ичтим, ырахаттандым. Эми кетейин», - деп уруксат сураганда, Пайгамбарыбыз: «Өзүң билесиң. Эгер дагы бул жерде кала турган болсоң мусапырга кызмат кылуу, ага сый көрсөтүү – мусулмандардын вазыйпасы. Кете турган болсоң да жолуң болсун. Бирок, ушуну билгиниң, бул жерде канча жыл калсаң да сага эч ким келбейт. Себеби, асхабым оорубайт! Ислам дини оорубоонун жолун көрсөткөн. Асхабым тазалыкка катуу көңүл бөлөт. Ачка болмоюн бир нерсе жебейт жана дасторкондон тойо электе турат», - деди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш