Ислам дини » Адеп-ахлак » Мунафык деп кимди айтат




Мунафык деп кимди айтат


Суроо: Мунафык деп кимди айтат? Мунафыктыктын белгилери кандай? Мунафыктык белгиси бар киши мунафыкпы?

ЖООП

Мусулман болбосо дагы мусулмандарды алдоо үчүн мусулман болуп көрүнгөндөр мунафык деп аталат. Мунафыктыктын кээ бир белгилери бар. Бул белгилердин бири бир адамда бар болсо ал адам мунафык делбейт, анда мунафыктыктын белгилери бар делет. Мисалы, жалган сүйлөө мунафыктык белгиси болуп саналат. Бирөө жалган сүйлөсө мунафык болбойт. Мунафыктар кылган бир ишти кылган болот. Хадиси шарифте мындай деп буюрулду: «Мунафыктын үч белгиси бар: Жалган сүйлөйт, сөзүндө турбайт жана аманатка кыянаттык кылат.» [Бухари]

Бирөөнө мал-мүлк, сөз же сыр аманат кылынса жана ал киши дагы бул сөз же сырды башкаларга айтса же аманат кылынган мал-мүлккө зыян келтирсе, уурдаса, б.а., кыянаттык кылса бул иштер мунафыктык болот. (Барика)

Мунафыктыктын белгилерин билдирген хадиси шарифтерден бир нечеси мындай:

«Момундун оорусу күнөөлөрүнө каффарат болот. Сакайганда мындан сабак алат. Мунафык болсо байланып кийин коё берилген төөгө окшойт. Төө болсо эмне үчүн байлангандыгын жана эмне үчүн кайра коё берилгендигин билбегендиги сыяктуу мунафык адам ооруп кайра сакайганда мындан сабак албайт. » [Абу Давуд]

«Мунафыктар Куранды үйрөнүшөт, илим адамдары менен күрөшүшөт.» [Таберани]

«Мунафыктар асыр намазын кечке карай оушат.» [Хаким]

«Мунафыктар менен биздин арабыздагы ишеним - намаз.» [Хаким]

«Намаз ачык болду, кабыл кылышты [ошодой болуп көрүнүштү], зекет жашыруун болду, беришпеди.» [Беззар]

«Куптан жана таңкы намазды мунафыктар уланта алышпайт.» [Хаким]

«Биз менен мунафыктарды айырмалаган белги – куптан менен таңкы намазды жамаат менен окуу. Мунафыктар куптан жана таңкы намазды уланта алышпайт.» [Байхаки]

Куптан менен таңкы намазды жамаат менен окубоо – мунафыктыктын белгиси. Жалган сүйлөө мунафыктыктын белгиси болгондой эле жамаатка келбөө да мунафыктыктын белгиси. Бул жамаатка келбеген мунафык дегенди түшүндүрбөйт. Өзүндө мунафыктык белгисинен бир белги бар дегенди билдирет.

Берген сөзүндө турбоо дагы - мунафыктыктын белгиси. Сөзүндө турбаган бирөө мунафык делбейт. Бирок, мунафыктык белгилеринен бирин кылган болот. Бул тууралуу хадиси шарифтердин маанилери мындай:

Фыкых китептеринде жамаатка барбоону мубах кылган себептер бар. Мына ошол себептер жок болсо да жамаатка барбоо жаиз эмес. Булар өздөрүндө мунафыктык белгиси болгон адамдар. Мындай адамдардан болбоого дыкат болуубуз керек!

Ибни Хажар хазреттери буюрду:

Нифак, б.а., мунафыктык адамдын тышынын ичине туура келбөөсү дегенди түшүндүрөт. Сөзү өзүнө туура келбейт. Итикад кылына турчу, (б.а., ишениле) турчу нерселерде мунафыктык кылуу ыймансыздык. Иштеринде жана сөздөрүндө мунафыктык кылуу арам болот. Итикадда, ыйманда мунафыктык башка ыймансыздыктардан да жаман. Орундоо ниети менен сөз берүү жаиз, жада калса, сооп. Мындай убаданы орундоо важиб эмес, мустахаб.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш