Суроо: Оорулууну заярат кылуу парзбы?
Жооп: Оорулууну зыярат кылуу
– сүннөт. Оорулууну караган адам жок болсо важиби
кифая болот. Ыйык хадистерде айтылат:
"Мусулмандын мусулмандын үстүндө беш
акысы бар: Саламына жооп берүү, ооруп калганда зыярат кылуу, жаназасына
катышуу, чакырганда баруу, чүчкүрүп "алхамдулиллах” дегенде,
"ярхамукаллах” деп айтуу”. (Муслим)
"Бирөө менен достошкондо жакшы
таанышып алгын! Ооруп калганда зыяратына, көзү өтсө жаназасына барасың”. (Байхаки)
"Бейтапты зыярат үчүн бир миля (1609 м), эки
кишини элдештирүү үчүн эки миля, Аллах үчүн достошкон адамыңды зыярат үчүн үч
миля алыста болсо да баргын!” (Ибни Аби-д-дуня)
"Аллаху таала бирөөгө: "Мен
ооруп калдым, мени зыярат кылууга келбедиң”, - деп айтат. Ал: "Йа, Рабби!
Сени кантип зыярат кылуумду билбей жатамын”, - дегенде, "Баланча
мусулман ооруп калганда зыярат кылганыңда мени тапмаксың”, - деп айтат”. (Муслим)
"Бир оорулууну зыярат кылган адамдын
кепили Аллах болот”. (Хаким)
"Кошуна акылары мына булар: Ооруп
калганда зыярат кылуу, каза болгондо жаназасына катышуу, карыз сураганда берүү,
жакырчылыкка батып калса ар жерде айта бербөө, кандайдыр жакшы бир нерсеге
жетишкенде куттуктоо, башына бир кыйынчылык келгенде сооротуу, тамды анын
тамынан бийик кылып салбоо, кошунага берилбей турган болсо тамактын жытын
ага билдирбөө”. (Жами-ус-сагир)
"Оорулууну зыярат кылуунун толук
болуусу – колун анын бетине койуу же колунун үстүнө койуу жана жагдайын суроо
менен. Араңардагы саламдашуунун толук болуусу – мусафаха кылуу менен”. (И. Мажа, И.
Ахмет)
"Ооругандарды зыярат кылгыла. Дуба
кылууларын сурангыла. Шексиз-күмөнсүз оорулуулардын дубасы кабыл болот,
күнөөлөрү да кечирилген”. (Дайлами)
"Оорулууларды зыярат кылуунун сообу
жаназаларга катышуунун сообунан көбүрөөк”. (Дайлами)
"Кимде-ким бир оорулууну зыярат кыла
турган болсо кайтып келгенге чейин Бейиш бакчасынын ичинде болот”. (Муслим,
Тирмизи, И. Ахмет)
"Сүннөткө ылайык даарат алып, ооруп
калган мусулман боордошун Аллах ыраазычылыгы үчүн зыярат кылган адам жетимиш
жылдык жол аралыгында Тозоктон алыстайт”. (Абу Давуд)
"Оорулууларды да зыярат
кылгыла”. (Бухари)
"Оорулууну зыярат кылуу – жакшы
амал”. (Табарани)
"Ооруп калган бир мусулманды эртең
менен зыярат кылган адамга кечке чейин, кечинде зыярат кылган адамга болсо
таңга чейин жетимиш миң периште дуба жана истигфар кылат. Бейиште дагы ага бир
бакча берилет”. (Тирмизи)
"Оорулууну зыярат кылган адамга 70
миң периште эртеси күнү дал ошол убакка чейин истигфар кылат”. (Ширази)
"Оорулууну зыярат кылып барган адам
Аллаху тааланын ырайымына кирет, анын жанында отурганда да ошол ырайымга
көмүлөт”. (Байхаки, И. Ахмет)
"Жалгыз Аллах ыраазычылыгы үчүн гана
досун же бир оорулууну зыярат кылган адам үчүн Аллаху таала айтат: Кандай сонун
иш кылдың! Бейиште өзүңө бир хансарай даярдадың”. (Бухари)
"Бир оорулууну зыярат кылып, жанында
кичине отурган мусулманга кымындай күнөө кылынбаган бир жылдык амалдын сообу
берилет”. (Абу Нуайм)
"Оорулууну зыярат кылуу үч күндөн
кийин болот. Зыяратты да сейрек кылгыла! Комада болсо зыярат керек эмес”. (Дайлами)
"Оорулууну зыярат кылган адам
мусафаха кылсын жана колун бейтаптын чекесине коюп, жагдайын сурасын, ага шыпаа
жана узун өмүр тилесин, андан дуба да сурасын. Анткени, оорулуунун дубасы
периштелердин дубасы сыяктуу”. (Байхаки)
"Бир күндө мына бул беш нерсени
кылган адам Бейиш элинен болот: Оорулууну зыярат кылган, жаназага барган, Жума
күнү орозо кармаган, Жума намазына барган жана кайыр-садага берген адам”. (Абу Яъла) (Жума
күнү орозо кармамакчы болгон адам Бейшемби же Ишенби күнү менен кошо кармоого
тийиш!)
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам зыяратчыга өтө көп сооп бериле турганын айтканда ал жерде
отургандар оорулууга да сооп берилеби деп сурашты. "Оорулууга
эсе-эселеп көп сооп берилет”, - деп буюрду. (Табарани)
Бирөө ооруп калганда
дароо зыярат кылып барбоо керек. Улам бара берүү дагы туура эмес. Эң көп эки
күндө бир жолу баруу мүмкүн.
Зыяратка жаңы кийим
менен эмес күндөлүк кийилчү кийим менен барууга тийиш! Оорулуунун баш тарабында
эмес, буту тарабында отуруу керек!
Зыяратта оорулуунун
жүзүнө карабастан, оңго-солго кароо же ары жактарга карай берүү ылайык
болбогондугу сыяктуу, оорулуунун жүзүнө тынбай карай берүү дагы туура эмес.
Оорулуунун жанында
кабагын бүркөп турбаш керек! Жакшы нерселер тууралуу айтуу керек, айыгып
кетүүсү үчүн дуба кылуу керек!
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам бир оорулууну зыярат кылганда: "Абалың жакшы экен,
Кудай кааласа бул ооруң күнөөлөрүңдү тазалайт”, - деп айткан. (Бухари)
Зыяратта оорулуунун
жанында көпкө отуруу туура эмес. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Оору
зыяратын кыска кылуу сооп”, - деп айтты. (Беззар)
Ооруган киши дагы
абалына даттанбоого тийиш! Бир ыйык хадисте айтылды: "Кайыр-садаганы
жашыруун берген, кайгысын жашырган, жагдайын Аллаху таалага даттанган адамга
Аллаху таала айтат: Кулум мен берген кыйынчылыкка сабыр кылды. Зыяратчыларга
мени даттанган жок. Мен дагы анын денесин андан да мыкты кыламын. Күнөөсүз
болуп айыгат. Каза боло турган болсо ырайымыма жетет”. (Табарани)
Оорулуу жагдайына
даттанбоосу керектиги сыяктуу "Мени зыярат кылып келишпей жатат” деп дагы
даттанбашы керек! Зыярат кылып келбегендин бир себеби бар болушу мүмкүн экенин
ойлоо керек, ага карата жаман ойдо болбош керек, таарынып калбашы керек!
Суроо: Оорулууну зыярат кылууга
барганда гүл көтөрүп баруу христиан салтыбы?
Жооп: Мубах иштерде
мусулмандардын салтын колдонуу күнөө болбойт. (Хадика)
Зыяратка баратканда гүл
көтөрүп баруу күнөө эмес. Хадиси шарифте: "Кимдир бирөөгө жыпар
жыттуу гүл берилсе кайтарбасын, аны алып жыттасын” жана "Кызыл
гүлдү (кызыл розаны) жыттаганда мага салават айтпаган адам мага
азап тарттырган болот”, - деп айтылды. (Ширъа)
Суроо: Бир досум ооруп калганда
зыярат кылып барбаганым үчүн мага таарынып калган болчу. Оорулууну зыярат кылуу
парзбы?
Жооп: Оорулууну зыярат кылуу
– сүннөт. Анын эч кими жок болсо – важип. Сүннөт
болгон оорулуу зыяратын аткарбаган адамга таарынуу – арам. Хадиси
шарифте айтылды: "Мусулманга үч күндөн артык таарынып сүйлөбөгөн адам
Тозокко кирет”. (Насаи)
Суроо: Оорулууну зыярат кылып
барганда эмнелерге көңүл буруу керек?
Жооп: Оорулуунун жанына Аъузу
бисмиллах менен салам берип кирүү керек, мүмкүн болсо оң тарабына отуруу керек,
дуба кылуу үчүн ал-абалын суроо керек, кандайдыр бир муктаждыгы барбы-жокпу деп
сураш керек, бар болсо жардам берүү керек. Ага да угузуу үчүн калима-и шахадат
айтуу керек. Жанында көп отурбаш керек. Эгер ооруп турган киши кааласа дагы кичине
отуруу керек. Кетип баратканда да тезирээк айыгып кетүүсү үчүн дуба кылуу
керек.
Суроо: Ооруп калган бирөөнү
зыярат кылып барганда эмне кылуу керек, эмнелерге көңүл буруу керек, кантип
мамиле кылуу керек?
Жооп: Ооруп калган бирөөнү
зыярат кылып барганда эшикке жакындаганда ичке кирүүгө уруксат суроо керек,
уруксат алуу керек. Уруксат берсе бисмиллах айтып кирүү керек, мүмкүн болсо
ооруган кишинин оң тарабына отуруу керек, ичке киргенде салам берүү керек,
оорулуунун ал-ахыбалын суроо керек. Оорусуна билсе бир дары же тааныган бир
доктурду сунуштоо керек. Калима-и шахадат айтып, ага угузуу керек жана тезирээк
айыгып кетүүсүн тилеш керек. Оорулуунун жанында көп отурбаш керек. Муктаждыгы
бар болсо жардам берүү керек. Кетип баратканда кыска убакта айыгып кетүүсу үчүн
дуба кылуу керек.
Суроо: Карай турчу адамы бар
болгон же болбогон оорулууну зыярат кылуунун өкүмү бирдейби?
Жооп: Карай турчу адамы бар
болгон оорулууну зыярат кылуу – сүннөт. Эч кими жок болсо зыярат
кылуунун важип экендиги Мишкат китебинин хашиясында
жазылган.