Суроо: Кээ бир
досторум орундуу же орунсуз тамашалап турушат. Кээде корком, кийин таарынам.
Ушинтип тамашалашуу туурабы, тамашалашууда чектөө жокпу?
ЖООП: Имам Газали
хазреттери мындай деген:
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) дагы
тамашалашчу, «Мен да тамашалайм, бирок,
чындыкты айтамын», - дечү эле. Чоочун адамдар менен, тааныштар менен,
балдар менен, кары аялдар менен жана махрам аялдар менен тамашалашчу.
Үй-бүлөсүндө адамдардын эң сылык-сыпайысы эле. Айша энебиз менен жарышты. Бир
жолкусунда Хазрети Айша, дагы биринде Пайгамбарыбыз озду. Мусулмандын жубайы
менен ойноосу күнөө эмес, сооп. Анткени, хадиси шарифте: «Аялы менен тамашалашкан адамды Аллаху таала жакшы көрөт, экөөнө тең
сооп берет, ырыскыларын көбөйтөт», - делген. Бир күнү кары аялга: «Жаннатка кемпирлер кирбейт», - деди.
Буга кары аял муңайып калды. Ошондо Пайгамбарыбыз аялга күлүмдөп карап: «Сиз ал
кезде жаш болосуз», - деди.
Унаа сураган кары аялга: «Сизге төөнүн баласын берейин, ошого минээрсиз», - деди. Ошондо аял: «Төөнүн баласы мени кантип көтөрөт?»
- деп сурады. Пайгамбарыбыз күлүмдөп карап: «Ар төө башка бир төөнүн баласы да», - деди.
Үммү Айман аттуу бир аял келип: «Мен баланчанын
аялымын, сизди күйөөм чакырып жатат», - деди. Ошондо Пайгамбарыбыз андан: «Алиги көзүндө агы бар кишинин аялысыңбы?» - деп сурады. Аял: «Жок, анын көзүндө эчтеке жок», - деп жооп берди.
Пайгамбарыбыз аялга күлүмдөп карап: «Көзүндө
агы болбогон адам жок го», - деди.
Хазрети Айша Савда энебизге: «Мына бул боткону
жебесең бетиңе сүртөм», - деди. Ал жебеген соң бетине сүртүп жатканда
араларында отурган Расулуллах алейхиссалам Хазрети Савданы коргомокчу болду. Хазрети
Айша боткону өз бетине сүртүп алды, Расулуллах аларга карап күлүмдөдү.
Хадиси шарифтерде мындай делет:
«Досуң менен аны таарынта тургандай тамашалашпа!» (Тирмизи)
«Көп күлгөн адамдын кадыры азаят. Тамашасы көп адамдын салмактуулугу азаят.» (И.Асакир)
«Тамашасы чындык болгон адамга Аллаху таала ал үчүн жоопкерчилик жүктөбөйт.» (И.Асакир)
«Ченемсиз тамашалашкан адамдын кадыры азаят.» (Дайлами)
Хазрети Омар: «Көп күлгөн адамдын айбаты азаят,
көп тамашалашкан адамдын кадыры азаят», - деди. Рабия айым: «Күнөө болбогон
иштерде көңүл ачуу үчүн тамашалашуу адамгерчиликке жатат», - деген.
Даанышман аалымдар айтышат:
Бардык нерсенин уругу бар. Душмандыктын уругу –
тамаша менен мазактоо. Эй, уулум, аз тамашалаш, көбү адамдын кадырын жоготот,
ал эми жаман адамдардын сага каршы батымын көбөйтөт. Тамашалашууну толугу менен
жоготуу да достордун жактырбоосуна жана жакындыктын үзүлүүсүнө жол ачат. Бир
ишти жасаганда жалыгып, чарчаган болсоң жасап аткан ишиңди бираз убакытка
токтото тур, тыныгып ал, бираз тамашалаш, ушундайча өзүңдү ынтаалант. Бирок,
тамашалашууң тамакка кошулган туз сыяктуу болсун. Тамакка кошулган туз көбөйүп
кетсе тамактын даамын кандайча буза турган болсо, тамаша да ошондой. Чектен
чыкпоо керек. Өтө аз болсо ынтаабызды, көңүл-маанайыбызды, калыбына келтирбейт.
Тамаша көңүлдөгү бошоңдукту жана жумуштан жалыгууну кетире тургудай өлчөмдө
болуусу керек.
Азилдешкенде да адептүүлүктү сактоо керек. Мисалы,
устаз шакиртине, ата-эне баласына тамашаласа шакирт менен перзент мунун терс
пайдаланбоосу керек.
Азилдеп айтылса да чындык
Пайгамбарыбыз «Чыны
дагы, азили дагы чындык» деген нерселер бар. Алардын бир нечеси
төмөндөгүлөр:
Бир адам тамашалап же бир рольго кирип эки
күбөкөрдүн алдында үйлөнсө чындап эле үйлөнгөн болуп эсептелет. Ошондой эле,
бир адам тамашалап, мазактап же аялын коркутуу ниети менен «Сени менен ажыраштым»
десе аялы менен чындап эле ажырашкан болуп саналат (талак болот).
Бир адам кулуна «Сени азат кылдым» десе чыны менен
кулу азат кылынган болот. Бул сөзүнөн кайта албайт. Бир адам бир күн орозо
кармоону назир кылмакчы (атамакчы) болуп адашып бир ай деп айтып алса, бир ай
орозо кармоосу керек болот. Динибиздин буйругу ушундай. (Дурар, Раддул Мухтар)
Эч кимдин коркутуусу болбостон, мажбурлуксуз,
тамашалап, мазактап капыр болоюн деп айтуу, диний билимдерди жомок деп эсептөө
жана ишенбеймин деп айтуу, күнөө кылгандарга ыраазы болуу күфүр болуп саналат. Ал
эми ушинтип айткан адам муртад болот. Муртад болгон адамдын бардык ибадаттарынын
сооптору жоюлат. Бир нече адамды күлдүрүү үчүн ибадаттарды жоюп жиберүү акылдуу
кишиге жарашабы?
«Амалдар ниетке байланыштуу» деген хадиси шариф жакшы амалдарга жана мубахтарга ниетке жараша сооп
бериле тургандыгын көрсөтүүдө. Күнөөлөр ниетсиз же жакшы ниет менен кылынса
күнөө болуп кала берет. Мисалы, «Мусулманды
кубанткан адамды Аллаху таала кубантат» хадиси шарифин кармануу үчүн
мусулманды кубантуу ниети менен арак коюлган дасторконго отуруу сооп эмес күнөө
болот.
Христиан кыз мусулман эркекке «Мени менен бийлесең
мусулман боломун» десе, мусулман эркектин болсо жакшы ниетте аны менен бийлөөсү
же башка бир күнөө кылуусу уруксат эмес.
Суроо: Тойлордо оюн
үчүн эркекке кыздын кийимин кийгизип ойнотушат. Ал эми кыздарга болсо эркектин
кийимин кийгизип коюшат. Мындай кылуу туурабы?
ЖООП: Оюн үчүн, азил үчүн болсо да зарылдыксыз аялдын
кийимин, ал эми аял эркектин кийимин кийбөөсү керек! Хадиси шарифтерде мындай
делген:
«Аял кийимин кийген эркекке, эркек кийимин кийген аялга лаанат болсун!» (Хаким)
«Аял сыяктуу жүргөн эркекке, эркек сыяктуу жүргөн аялга лаанат болсун!» (Бухари)
«Эркекке окшоого тырышкан аял, аялга окшоого тырышкан эркек бизден эмес.» (И.Ахмед)
«Өзүн эркекке окшоткон аял, ичкилик ичүүнү токтотпогон адам жана дайис (аялын жана аял туугандарын кызганбаган
эркек) Жаннатка кирбейт.» (Табарани)
Пайгамбарыбыз эркек сыяктуу кийинип, белине кылыч
тагынган аялды көргөндө: «Өзүн
эркектерге окшоткон аялдарга жана өзүн аялдарга окшоткон эркектерге лаанат
болсун!» - деген. Булу-колдоруна хына сүртүп, аялдарга окшоого аракет
кылган бирөөнү сүргүнгө жиберген. (Табарани
Абу Давуд)
Ушул күнөөлөрдү же башка чоң күнөөлөрдү кылган
адам эгер ыйман менен өлө турган болсо күнөөлөрүнүн жазасын тарткандай кийин
Жаннатка кирет. Чоң күнөөлөрдү дайым кылып жүргөн адамдардын ыйман менен
өлүүлөрү кыйын. Ошондуктан, бардык күнөөлөрдөн сактануу керек!
Таарынта турчу азил
Суроо: Тамашалап калп
айтуу же коркуткан тамашаларды кылуу, мисалы, бирөөнүн буюмун алып катып койуу
уруксатпы?
ЖООП: Булар чоң
күнөөлөр. Бөлүмдөр менен түшүндүрөлү:
1- Калп айтып тамашалашууга болбойт. Үч хадиси
шариф мындай:
«Жалган – мунафыктык (эки
жүздүүлүк) белгиси.» (Бухари)
«Жалгандан сактангыла! Анткени, жалган күнөөгө, күнөө болсо Тозокко
жетелейт.» (Бухари)
«Адамдарды күлдүрүү үчүн жалган айткан адамдарга убал болсун!» (Абу Давуд)
2- Тамашалап болсо да мусулманды коркутуу чоң
күнөө. Бир нече хадиси шариф төмөндөгүдөй:
«Мусулманды коркуткан адамды Аллаху таала кайгысы миң жыл болгон күнү
коркутат.» (Дайлами)
«Мусулманды коркуткан адам кыямат коркунучунан сак болбойт.» (Байхаки)
«Коркута турчу нерселерди айтпагыла!» (Дайлами)
«Аллахка жана акырет күнүнө ишенген адам мусулманды коркутпасын!» (Табарани)
«Мусулманды коркунучтуу көз менен караган адамды Аллаху таала кыяматта
коркутат.» (Табарани)
«Сүйүнчүлөөчү болгула, коркутуучу болбогула!» (Абу Давуд)
«Темирди (бычак же ар
кандай зыян бере турчу куралды) досуна
каратып коркуткан адамды периштелер лаанатташат.» (Муслим)
Бир адам досу уктап жатканда анын жебесин алып
жаткан кезде досу коркуп ойгонот. Муну байкаган Расулуллах алейхиссалам мындай
деди:
«Мусулманды (ар
кандай жол менен) коркутуу халал эмес.»(Табарани)
Дагы бир киши досунун бут кийимин жашыруун алып
катып коёт. Досу келип ошол жерде отургандардан бут кийимин сурайт. Алар
көрбөгөндүктөн «Билбейбиз» дешет. Бут кийимди каткан киши: «Бут кийимиң мында
турат го», - дейт. Муну байкаган Расулуллах алейхиссалам: «Сен кандайча мусулманды коркутасың?» - деди. Алиги киши тамаша
кылганын айтканда дагы эки жолу: «Кандайча
сен мусулманды коркутасың?» - деп ага эскертүү кылды. (Табарани)
Азилдешүүбүздөн досубуз капаланса жана корксо
күнөө кылган болобуз. Дагы бир жолкусунда досун коркуткан адамга Расулуллах
алейхиссалам айтты:
«Мусулманды коркутуу – чоң зулумдук.» (Баззар)
3- Бирөөнүн буюмун катып коюп аны капалантуу да да
күнөө. Хадиси шарифте мындай делген:
«Досторуңардын буюмун чындап дагы, тамашалап дагы албагыла!» (Тирмизи)
Ушундай капаланткыдай азил кылган адам дароо
кечирим сурап, анын ыраазылыгын алуусу керек. Мындан да маанилүүсү кечирим
сурай турчу абалга түшпөө керек. Хадиси шарифте мындай делген:
«Кечирим сурат турчу иштерден өтө сактануу керек.» (Ибн Нажжар)
Жалган менен тамаша
Суроо: 1-Апрель күнү тамашаласа
болобу?
ЖООП: Жалган айтпай,
эч кимди капа кылбай, коркутпай, буюмун албай ар качан тамашалашууга болот. Эки
хадиси шарифтин мааниси мындай:
«Сөз талашпаган, өзүнүкү туура болсо да эч кимди капа кылбаган, азил мене
күлдүрүү үчүн жалган айтпаган, жакшы мүнөздүү мусулман Жаннатка кирет.» (Тирмизи)
«Адамдарды күлдүрүү үчүн жалган айткандарга убал болсун!» (Абу Давуд)
1-Апрель тамашалары көбүнесе ушундай орунсуз
болот.
Адамдарды коркутуу жана капалантуу
Суроо: Тамашалап бир
мусулманды капалантып койуу, мисалы, бир куралды ага каратуу же бычак көрсөтүү
же бут кийимин жашырып койуу уруксатпы?
ЖООП: Тамаша үчүн
болсо да эч кайсысына уруксат жок. Хадиси шарифте:
«Темир менен (бычак
менен же ар кандай зыян берчү курал менен) досуна
шилтеп коркуткан адамга периштелер лаанат кылат.» (Муслим)
Бир киши алманы төрткө кесип бөлүп, бычактын учуна
бир бөлүгүн илип билимдүү бир кишиге узатат. Ал киши болсо андай кылуунун да
туура эмес экенин түшүндүрүү үчүн: «Карагыла, мага бычак көрсөтүп жатат», -
дейт. Кийин алиги киши тообо кылат. Демек, алма сунган кезде да бычакты бирөөгө
каратып кармоо туура болбойт.
Бир адам досу уктап жатканда анын жебесин алып
жаткан кезде досу коркуп ойгонот. Муну байкаган Расулуллах алейхиссалам мындай
деди:
«Мусулманды (ар
кандай жол менен) коркутуу халал эмес.» (Табарани)
Дагы бир киши досунун бут кийимин жашыруун алып
катып коёт. Досу келип ошол жерде отургандардан бут кийимин сурайт. Алар
көрбөгөндүктөн «Билбейбиз» дешет. Бут кийимди каткан киши: «Бут кийимиң мында
турат го», - дейт. Муну байкаган Расулуллах алейхиссалам: «Сен кандайча мусулманды коркутасың?» - деди. Алиги киши тамаша
кылганын айтканда дагы эки жолу: «Кандайча
сен мусулманды коркутасың?» - деп ага эскертүү кылды. (Табарани)
Азилдешүүбүздөн досубуз капаланса жана корксо
күнөө кылган болобуз. Дагы бир жолкусунда досун коркуткан адамга Расулуллах
алейхиссалам айтты:
«Мусулманды коркутуу – чоң зулумдук.» (Баззар)
Сөз менен же белги менен болсо да мусулманды
коркутууга уруксат эмес. Бир нече хадиси шариф:
«Мусулмандын көңүлүнө тийген сөз айткан адамдын жүзү Тозокто кара болот.» (Хараити)
«Коркуткан түр менен мусулманды караган адамды Аллаху таала кыяматта
коркутат.» (Табарани)
«Момунду коркуткан адам кыяматта коркунучтардан сак болбойт.» (Байхаки)
«Коркуткан нерселерди айтпагыла!» (Дайлами)
«Аллахка жана акыретке ишенген адам мусулманды коркутпасын!» (Табарани)