Ислам дини » Адеп-ахлак » Кумар жана оюндар




Кумар жана оюндар


Суроо: «Кумардын арам кылынуу себеби – кишини намаздан алаксытуусу жана адамдарды бири-бирине душман кылуусу. Ошондуктан, кумар түрүнө кирсе дагы ар түрдүү лотерея арам эмес макрух» дегендер болууда. Эгер намазга тоскоол болбосо, эч кимди бири-бирине душман кылбаса кумар адал болобу?

ЖООП

Лотерея – кумар. Кумар болсо анык арам болуп саналат. Эки аяти кариманын мааниси:

«Эй, адамдар, хамр [алкоголдуу ичимдик], кумар, буттар жана төлкө октору шексиз шайтандын ыплас иштери, саадатка жетүү үчүн булардан качкыла». [Маида 90]

«Шайтан хамр менен жана кумар менен араңарга душмандык жана кек салууну каалайт. Силерди Аллахты зикирден жана намаздан алаксытууну каалайт. Силер [зыяндары биринип туруп] булардан дагы эле сактанбайсыңарбы?» [Маида 91]

Экинчи аяти каримада ичимдик жана кумардын зыяндарынан бир гана экөө билдирилүүдө. «Шайтан булар менен араңарга душмандык жана кек салууну, Аллахты зикирден жана намаздан алаксытууну каалайт», - делүүдө. Андай деп айткандардын фасит салыштырууларына караганда намазга алаксытпаса, эч кимди бири-бирине душман кылбаса анда ичкилик дагы адал болмок. Бирок, кимде ким үйүндө бир жутум арак ичсе, башкача айтканда, ичкен ичкилиги намазына тоскоол болбосо жана эч кимге зыяны тийбесе да баары бир арам, чоң күнөө. Эки хадиси шариф: «Көбү мас кылган нерсенин азын ичүү да арам.» [Насаи, Тирмизи]

«Бир заман келет, ичкиликтин аты өзгөртүлөт жана адал деп эсептелет[И.Ахмед]

Бүгүнкү күндө түрдүү ичкиликтерди адал дегендер болгондой эле кумар болгон лотереяны дагы адал дегендер чыгууда. Алкоголдуу болгон ар ичкилик жана лотереянын ар түрү арам.

Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) ичкиликти, кумарды жана музыка аспабын тыюу салды. (Абу Давуд)

Кумар деген эмне, эмне кылынса кумар болот?

Ибни Абидин хазреттери мындай деген: «Кумар деген сөз камр деген сөздөн келүүдө. Кумарчылардан ар биринин мал-мүлкүнүн көбөйүү жана азайуу ыйтымалы бар. Бирөөнүн малынын көбөйүүсү гана, экинчисинин бир гана азайуу ыктымалы бар болсо кумар болот.» (С.Абадиййа)

Бир нече киши араларында акча, мал жыйнап лотерея алып, утпагандардын уткандарга мал, акча берүүлөрүн келишүүлөрү – кумар. (Межелле 2169)

Кумардын арам болуусу үчүн намазга кедерги болуу, душмандыкка себепчи болуу сыяктуу бир шарт жок. Душмандыкка себепчи болсо да, болбосо да лотерея арам, ар кандай кумар арам.

Суроо: Дүйнөдөгү мусулмандарга жиберилген Кумар Оюндары тууралуу билдирүүгө жоок бересизби?

ЖООП

Динибизде бир нерсенин арам жана күфүр экендиги төрт далил менен билинет. Булар – Китеп, Сүннөт, Ижма жана Кыяс. Мындан башка далил жок. Жиберилген билдирүүдө түрдүү кумар оюндарынын кагаз санынан улам арам же күфүр экендиги билдирилүүдө. Бирок, Абни Абидин хазреттери мындай деп айтууда: «Оюн менен убакыт өткөрүү, нарда, 14 таш жана булар сыяктуу оюндар тахриман макрух. Булар акча менен, мал менен кылынса кумар болот, харам болот.» (Радд-уль Мухтар 5-том, 253-бет)

Демек, кандай түрдө оюн болсо болсун, атүгүл, чайга болсо да ойнолсо харам, акчасыз ойнолсо тахриман макрух. Эч бир китепте кумар ойногон киши динден чыгат деп жазылган эмес.

Билдирүүдө «Карта ойносоң 54 парз менен ойнойсуң, нарда ойносоң Исламдын 32 шарты менен ойнойсуң» сыяктуу төмөн көзкараштар бар. Динибизде сандардан маанилерди чыгаруу туура эмес. Америкада пайгамбар экендигин айткан Р.Халифа аттуу бир дин душманы 19 санынын ыйык экендиги туура кеп салган. 19 саны тууралуу башка оюн чыгаргандар да болгон.

Исламдын шарты 32 эмес, беш. Доминодогу сандар фарсча. Яхудилик менен, Христиандык менен байланышы жок. Даараттын парзы Ханафиде төрт болгону менен калган мазхабдарда ар кандай.

Мындай билдирүүлөр бөтөн ниет бирөөлөрдүн оюну же жахил кишилердин ойдон чыгаргандары болуп саналат. Кумардын харам экендиги адилла-и шариййа менен бекем. Сандарга карата харам экендигин айтуу абдан жаңылыш. Кумар оюндары билдирүүдө айтылган сандар менен эмес башка сандар менен ойнолсо харам болуудан чыгып калмакчыбы? Албетте, харам болуудан чыгып калбайт. Самтырактардан узак туруу керек.

Суроо: Топ жарыш кылдыруу, топту эң алыс ыргыткан кишиге белек берүү жаизби же кумарбы? Кайсы шанс оюндары, кайсы жарыштар кумар, кайсылары кумарга кирбейт? Кура тартуу (жребий) лотереяга жатабы?

ЖООП

Бир нерсенин кумар болуусу үчүн мелдешкен эки же андан артык кишинин зыянга учуроо же пайда көрүү ыктымалынын болуусу шарт. Мисалы, «Сен утсаң мен сага берем, мен утсам сен мага бересиң» деген түрдө мелдешүү кумар болот. «Сен утсаң да, мен утсам да мен берем же сен бересиң» деген түрдө болсо кумар болбойт. Же болбосо бирөө мелдешке катышкандардан акча албастан «Кимиңер утсаңар ага акча же машине берем» десе кумар болбойт. Утуш болбостон «кураа тартам, ким чыкса ошого берем» деген болсо кумар болбойт.

Мубах болгон кандайдыр бир нерсе менен жарышуу жаиз (уруксат). Жарышкан эки кишиден жалгыз бирөөнүн «Менден ашсаң сага муну берем. Мен ашсам сенден бир нерсе сурабайм» деп айтуусу же жарышка катышпаган бирөөнүн «Экөөңөрдөн утканга муну берем. Утпаган эч нерсе бербейт» дегени жаиз. «Ута албаган киши уткан кишиге ушуну берет» деп айтса кумар болот. Кумарчылардан ар биринин малынын көбөйүү жана азайуу ыктымалы бар. Эгер үчүнчү бир киши экөөнүн аттарын озуусу күмөн болгон бир ат менен жарышка кошулуп, «Силерди озсом экөөңөрдөн тең алам. Силер мени озсоңор силерге эч нерсе бербейм, кимиңер кимиңерди озсоңор ошондон алат» деп айтуусу жаиз болот. (Раддул Мухтар)

ТВдагы тартуулар

Суроо: ТВ программаларда артык упай топтогонго, эшикти биринчи болуп ачканга, минаны баспаганга түрдүү белектерди беришүүдө. Катышуучулардан эч акча алышпайт. Бул кумарга киреби?

ЖООП

Кирбейт. Катышкан ар кимден аз болсо дагы акча алынса кумарга кирет. Бул тууралуу абыройлуу эмгектерден алган жазуубуз төмөнкүдөй:

Ар нерсе менен жарышуу жана кроссворд жандыруу адал. Буларды кумар менен кылуу харам. Жүгүрүп же ат менен же курал менен, ок менен бутага атуу сыяктуу согушта колдонулган нерселер менен кылынган жарыштарда бир тараптан мал-мүлк шарт кылуу дагы жаиз болот. Тактап айтканда, эки кишиден бирөөсү гана «Сен утсаң мен сага берем. Мен утсам сен мага бербейсиң» десе же үчүнчү бир киши «жарышкан катышкандар арасында утканына мен беремин» десе жаиз болот. Эки тараптын тең мал-мүкл берүүсү шарт кылынса кумар болот. Үчүнчү бирөө жарышка кошулуп, экөөнү тең озсо экөөнөн тең алуусу, экөөнү тең озо албаса андан бир нерсе алынбоосу шарты менен экөөнөн артта калгандын озгонго мал-мүлк бербөөсүн шарт кылуу жаиз болот.

Кура тартуу жаиз жана сүннөт. Мүлк ээлеринин акыларынын өлчөмдөрүн өзгөртүү же ортоктордон биринин акысын жок кылуу же болбосо акысы болбогон бирине пай берүү үчүн кылынган кура лотерея болот, харам болот.

Кумар жарыштарда болгондой эле нарда менен, шашки менен,  карта кагаздары менен кылынган ар оюнда, футбол оюндарында да болот. Булардын бардыгында жана илим адамдарынын арасындагы кумарда сөздөрү, болжоолору жаңылыш чыккандар болжоолору туура чыккандарга мал-мүлк, акча берүүдө. Кумарга катышкандардын ар биринде алуу ыктымалы дагы, берүү ыктымалы дагы бар. Кумар ойнотуу жарышуу эмес, болжоодо жаңылып-жаңылбоо болуп саналат.

Кумар менен адамдардын акчасын соргондор

Кумарда соңу болжолдолгон иштин оюн болуусу, табыштуу, ийиликтүү болуусу же зыяндуу болуусу арасында айырма жок. Акробаттын жыгылып-жыгылбоосун, кеменин чөгүп-чөкпөөсүн болжолдогондордун бири-бирине акча берүү үчүн келишим кылуулары дагы кумар болот. Ошондуктан, оюн жарыш кылынбастан, кумарчылардын аттары же акча менен алган билеттеринин номурлары арасында лотерея тартып, тартылган номур ээлерине билеттерден топтолгон акчалардын бардыгын же бир бөлүгүн таратуу кумар болот. Себеби, лотереяга катышкандардын бардыгы өз номуру чыга тургандыгын үмүттөнүшүүдө. Бул болжоолору туура чыккандар жаңылыш чыккандардын алдын ала берген акчалардан алышууда. Алган акчалары менен алдын ала билетке берген акчанын айырмасын болжоолору жаңылыш чыга турчулардан алган болушууда. Болжоолору жаңылыш чыга тургандардан акча топтоо кыйын боло тургандыгы үчүн жана булар алдын ала белгилүү болбогондуктары үчүн лотереяга катышкандардын бардыгынан алдын ала билет акысы деген сөз менен акча топтолууда, болжолу туура чыккандардын бергендери кийин өздөрүнө кайтарылып берилүүдө. Алдын ала жыйналган акчалардын бардыгын лотерея ээси алууда, мындан чоң пайын өзүнө ажыратып, мындан калганын болжоолору туура чыккандарга берүүдө.

Лотерея ээси кумарга катышпаса дагы харамга себеп болгондугу үчүн чоң күнөө кылууда, катышкандардын акчасын сорууда. (Радд-уль Мухтар, С.Абадиййа, И.Ахлагы)

Суроо: Гезиттин ойнотулуу менен машине берүүсү жана лотерея арасында айырма барбы?

ЖООП

Лотерея билети алынганда берилген акчага бир мал алынып жаткан жок. Купонсуз түрдө гезиттин бере турчу ойнотулуусуна катышкан киши берген акчасы менен гезит менен бирге кошумча энциклопедия жана кассета дагы алууда. Окурмандардын гезиттин аласалары калып жаткан жок. Гезит артыкча түрдө кура менен машине ж.б. берүүдө. Гезит муну дагы суралган суроолорду билгенге берүүдө. Мунун болсо лотерея менен эч кандай байланышы жок. Үч түрдүү кура, башкача айтканда билет тартуу бар:

1- Харам болгон кура.(Катышуучулардын бир канчасынан тышкары баары зыян көрүшөт. Ар түрдүү лотерея билеттери ушундай)

2- Жаиз болгон кура. (Катышуучуларынын эч бири зыян тартпаган кура. Гезит берген машинелер, муздаткычтар жана кир жуугуч машиналары ушундай.)

3- Мустахаб болгон кура. Орток акыга ээ болгондор арасында тартылган кура. (Курмандык этин тарткандан кийин ортоктордун кура менен үлүштөрүн алуулары ушундай.) [Межелле Шархы]

Суроо: Харам бир нерсени жакшы көрүү, «Кумар харам, бирок, жакшы көрөм» деп айтуу күфүр болобу?

ЖООП

Адамдын напси харам нерсени жактырат. Харамдарды жактыруу кишинин колунда болбогондуктан күфүр жана күнөө болбойт. Харам кылуу күнөө болот. «Харам, бирок, жакшы көрөм» деп күнөөнү угузуу, жарыялоо, үндөө дагы күнөө. (Хадика)

Суроо: Бир кило пирогду жей алсам баасын мен төлөйм. Жей албасам сен төлөйсүң деп мелдешүү кумар болуп эсептелеби?

ЖООП

Каршы тараптын зыян тартуусу бар болгондуктан кумар деп эсептелет. Өзү алып келген пирогду досуна: «Баарын жей алсаң сага ушунчалык акча берем. Жей албасаң эч нерсе жок», - десе кумар болбойт. Эки тараптан биринин зыян тартуу ыктымалы бар болсо эки тараптуу мелдеш кумар болот.

Суроо: Чоң байгелүү жарышмаларга катышып, ал жерден утуп алган акчаны колдонуу жаизби?

ЖООП

Акча бербестен жарышмага катышуу мүмкүнчүлүгү бар болсо зыяны жок. Аз болсо да акча бере турган болсо кумар болот, харам болот.

Суроо: Кагаз карта ж.б. оюндар жөн гана чайга же убакыт өткөрүү үчүн ойнолгондо күнөө болобу?

ЖООП

Чайга ойноо дагы кумар жана харам. Бул оюндарды ойноо тахриман макрух. Дайым ойноло турган болсо харам болот. Оюн ойноо малаяни, б.а., бош иш болуп саналат.

Адам баласы дүнүйөгө оюн-күлкү үчүн келген эмес. Дүнүйө иш жана табыш кылчу жер. Дүнүйө – акыреттин талаасы. Бул жерде эмне эгилсе акыретте ошол нерсе орулат. Бош убакыт мүмкүнчүлүк жана табылга болуп саналат. Пайдалуу иш кылбастан убакыт өткөрүү – убакытты өлтүрүү болуп саналат. Дүнүйөдө кылынган ар иштин, ар демдин эсеби кыяматта суралат. Хадиси шарифте мындай деп буюрулду:

«Кыямат күнү ар ким өмүрүн жана жаштыгын каерлерди өткөргөндүгү, малын каерден таап каерлерге сарптагандыгы жана илими менен амал кылып-кылбагандыгы тууралуу суракка тартылат.» [Тирмизи]

Өмүр, илим, мал жана дене Аллаху тааланын кулдарына берген байлыгы. Бул байлыкты Аллаху таала билдирген жерлерге сарптоо керек. Убакыт өтүп кеткенден кийин өкүнүүнүн пайдасы болбойт. Ошондуктан, жаштыктын, малдын, ден-соолуктун кадырын билүү керек, дүнүйөдө акыретти таптыра турчу иштерди кылуу керек. Хадис шарифте мындай делген:

«Беш нерседен мурда беш нерсенин кадырын бил! Карылыктан мурда жаштыктын, оорудан мурда ден-соолуктун, эмгектен бошобостуктан мурда бош убакыттын, кедейликтен мурда байлыктын жана өлүмдөн мурда өмүрдүн кадырын бил!» [Абу Нуайм]

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) нарда ойноп жаткан бир топ адамга мындай деп буюрду:

«Оюн менен алек болгон көңүлдөргө, бош жана бузук сөздөргө убал болсун!» [Байхаки]

Мындай оюндарды акчасыз, көңүл ачуу үчүн ойноо да ылайык эмес. Себеби, хадиси шарифтерде мындай делген:

«Шахмат жана шашки ойногон киши колун чочконун канына жугузган сыяктуу болот.» [Муслим]

«Нарда ойногондон кийин туруп намаз окуган киши ириң жана чочко каны менен даарат алып намаз окуганга барабар.» [И.Ахмед]

«Шахмат, нарда жана буга окшогон харам болгон оюндарды ойногондорго жолуккан кезиңизде салам бербегиле! Саламдарын да албагыла!» [Дайлами]

Жогорудагы хадиси шарифтердин ачыктамасы болгон фыкых өкүмү болсо мындай:

«Нарда, шахмат, 14 таш сыяктуу оюндарды ойноо тахриман макрух. Дайым ойнолсо харам болот. Эгер бир парзды орундоого кедерги болсо же акча үчүн ойнолсо анда да харам болот.» [Радд-уль Мухтар 5/253]

Көрүнүп тургандай акчасыз анда-санда ойноо харамга жакын макрух, дайым ойнолсо харам. Чайга ойноо да кумар болгондуктан баары бир харам.

Хадиси шарифте мындай деп буюрулган:

«Бирөөнүн бош нерселер менен убакыт өткөрүүсү – Аллаху тааланын аны жактырбагандыгынын белгиси.» [Мектубат-ы Раббани]

Имам Малик хазреттери мындай деген:

«Шахмат жана шашки ойногон киши Аллах жана Расулуна каршы болгон болуп эсептелет.» [У.Кубра]

Имам Газалихазреттери менен Имам Шафиихазреттери анда-санда шахмат ойноо мубах, дайым ойноонун болсо танзих макрух экендигин билдиришкен.Чындыгында, Имам Шафии хазреттери: «Шахмат ойноо дин жана мурувват ээлеринин адаты эмес», - деген.

Бул жазуулардан түшүнүлгөндөй Ханафилердин шахмат менен бирге байдык оюндарды ойноолору туура эмес. Шафиилердин болсо анда-санда бир гана шахмат ойноолору жаиз.

Суроо: Ижтихад эшиги жабык делген. Мисалы, бүгүнкү күндө пайда болгон кээ бир оюндар, ат жарышы, лото жана калгандары тууралуу динибиз билдиргендер айтылып жатканда кыяс же ижма кылынган болуудабы же Ислам аалымдарынын билдиргендери аркылуу өкүм берилүүдөбү?

ЖООП

Кумарды түшүндүрүшкөн, анын атын лото десең да, тото десең да, лотерея десең да, ат жарыш десең да айырмасы жок, тактап айтканда жаңы бир нерсе жок. Кыяс кылынып жаткан жок. Ичкилик, кумар жана калган харамдар аты өзгөрсө да баары бир харам. Булар үчүн жаңы ижтихад зарыл эмес.

Шанс оюну

Суроо: Кээ бир шанс оюндары толугу менен кокустукка таянбастан билим жана талантты да талап кылат. Өз билимибизди колдонгондугубуз үчүн бул сыяктуу шанс оюндарын ойнообуз жаиз болду бекен?

ЖООП

Жок, жаиз болбойт. Бул жердеги өлчөм (критерий) билимдин колдонулуп-колдонулбоосу эмес, оюнда акча берилип-берилбөөсү. Билим жарышы болсо дагы ага катышуу үчүн акча бериле турган болсо дагы эле кумар болуп, жаиз болбойт.

Суроо: Футбол же башка оюндарды спорт ниети менен ойноо күнөөбү?

ЖООП

Аврат жери ачык болсо же намазга кедерги болсо ар оюн харам болот.

Оюн менен убакыт өткөрүү, нарда, 14 таш жана буга окшош оюндар тахриман макрух. Булар акча менен, мал-оокат менен ойнолсо кумар болот, харам болот. (Радд-уль-мухтар)

Демек кайсы түрдөн оюн болбосун чайга да болсо акча менен ойнолсо харам, акчасыз ойнолсо тахриман макрух. Спорт катары башка пайдалуу нерселерди кылуу, мисалы, басуу, жүгүрүү, сууда сүзүү, үйдө түрдүү гимнастикалык аспаптар менен спорт менен машыгууну тандоого болот. Түркүн оюндарга берилип, китеп окуудан куру калгандар, атүгүл, тамак жегенди да унутуп койгондор болууда. Мектепте сабактарын да кыла албай калышууда.

Лотерея билетин табуу

Суроо: Жолдо бир улуттук лотерея билети табылса, бул билет менен бир нече акча чыкса бул акчаны алып сарптаса жаиз болобу?

ЖООП

Өзү сатып албагандыгы үчүн жерден табылган акча же мал өкүмүндө болот. Мусулман бир кедейги берсе болот же кедей болсо өзү колдонсо болот.

Лотереядан чыккан машине

Суроо: Лотереядан чыккан машинени сатып алуум жаизби?

ЖООП

Өзүнө лотереядан машине чыккан бир киши дин жагынан машине анын мүлкү болбогондугу үчүн сата албайт, бир кедейге белек кылат. Кедей муну өзүнө кабыл кылгандан кийин өз оокаты болгондугу үчүн сизге же каалаган бирөөнө сата алат.

Кумардан табылган акча

Суроо: Бир киши кумардан табылган акча менен чай берсе, ага ичпейм деп айтуу ошол маалда мүмкүн болбосо, ушундай учурга туш болгондо берилгенди ичүү жаиз болобу?

ЖООП

Ушул жагдайга туш болгондо чөнтөгүндөгү акчадан бергендей кабыл кылып ичүүгө боло тургандыгын даанышман заттар билдиришкен.

Мелдешке кирүү

Суроо: Бир досума: «Мен сатып алган бир кило пирогду жей алсаң сенден акча сурабайм, жей албасаң сен мага 500 сом бер!» - дедим. Мындай бир шарт менен кылынган келишим кумар өкүмүнө жаьабы, башкача айтканда, харамбы?

ЖООП

Кумар, харам. Мындай мелдештерде эки тараптын биринин пайда же зыян көрүү ыктымалы бар болсо кумар болот. Бул жерде досуңуз утса жеген пирогунун акчасын бербейт, пирог ага пайда болуп калат, жеңилсе 500 сом зыянга кирет. Ал жесе сиз сатып алган пирогуңузду жоготкон болосуз, утсаңыз 500 сомду аласыз. Бул кумардын дал өзү.

Жыйналышка кечиккен

Суроо: «Жыйналышка ким кечиксе 100 сом акча берет же бир кило таттуу алып келет» деген сыяктуу бир келишим кылуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз, кумарга кирбейт.

Суроо: Курс, акция, алтын же күмүш баасынын алдыбыздагы 5 мүнөт, 1 саат же 1 күндөн кийин дегендей убакыт аралыгында жогорулай тургандыгы же түшө тургандыгы тууралуу божомолдор (прогноз) кылынууда. Мисалы, «Алтындын баасы жарым сааттан кийин азыркы баадан төмөн болот» делип 5000 сом салынат. Божомолдонгондой чыкпаса, тактап айтканда, баасы көтөрүлүп кетсе 5000 сом жоготулган болот. Божомол чыккан болсо 7500 сом кайра алынат, б.а., 2500 сом пайда көргөн болууда. Мындай кылуу жаиз болобу?

ЖООП

Мындай кылуу да кумардын дал өзү. Эгер алтын же курс сатып алынса анда акча жатыруу (вложение) болот. Булардын баасы көтөрүлсө пайда, түшсө зыян көргөн болот. Кандайдыр бир мал-оокаттын соодасын кылгандай болот, мунун зыяны жок. Бирок, көтөрүлөт же түшөт деп болжоп акча салуу, эки тараптан бирин зыянга учурата тургандыгы же пайда таптыра тургандыгы үчүн кумар болот. Зар таштоо же лотерея тартуу сыяктуу кумар. Чайга ойнолсо да нарда, домино, карта оюндары дагы кумар.

Күрөшчүнүн утканы

Суроо: Уулум күрөшчү болмокчу. Коңшулар: «Күрөшчүнүн оюндарда ала турчу акча кумарга кирет, харам болот», - деп жатышат. Аврат жери жабык түрдө таймаштарга катышып, белек алуу күнөөбү?

ЖООП

Жок, кумарга кирбейт, харам болбойт. «Сен жеңсең мен сага беремин, мен жеңсем сен мага бересиң» деген түрдө болгон келишим кумар болот. Мындан тышкары ар түрдүү таймаштарда уткандарга белек берүүнүн зыяны болбойт. Аврат жери ачык болсо ал башка бир күнөө. Тапканы харам болбойт.

Суроо: Балдардын же улуулардын өз араларында табышмак таап же башка түрдө жарышууларынын дин жагынан бир зыяны барбы?

ЖООП

Ар нерсе менен жарышуу жана табышмак жандыруу халал. Буларды кумар менен кылуу харам.

Түрдүү жарыштарды уюштуруу

Суроо: Балдар, жаштар арасында кроссворд жандырып, табышмак сурап түрдүү жарыштарды кылуунун динибиз жактан зыяны барбы?

ЖООП

Буга байланыштуу Ибни Абидинде мындай делген:

«Бардык нерсе менен жарышуу жана табышмак жандыруу халал. Буларды кумар менен кылуу харам. Жүгүрүп же ат менен, курал менен, ок менен бутага атуу сыяктуу согушта колдонулган нерселер менен кылынган жарыштарда бир тараптан мал-оокат шарт кылуу да жаиз болот. Башкача айтканда, эки кишиден бирөө гана «сен утсаң мен сага берем, мен утсам сен мага бербейсиң десе же үчүнчү бир киши жарышка катышкан жамаат арасынан утканга мен беремин» десе жаиз болот. Бирок, согушка даярдык үчүн кылынуусу керек. Оюн, көрсөтүш, мактануу үчүн кылынган бардык жарыш макрух болот. Намазга тоскоол боло турганчалык уланса харам болот. Согушта колдонулган нерселерди үйрөнүү мандуб. Эки тараптын тең мал-оокат берүүсү шарт кылына турган болсо кумар болот. Кумар ойноо болсо харам. Үчүнчү бир киши жарышка кошулуп, экөөнү тең озуп, экөөнөн тең алуусу, экөөнү тең озо албаса андан бир нерсе алынбоосу шарты менен экөөнөн артта калгандын озгон кишиге мал берүүсүн шарт кылуу жаиз болот. Кыбылага карата атыш кылуу макрух. Эки илим адамынан бир маселеде тартышып, бир тараптуу мал-оокат шарт кылуулары да жаиз. Бир канча илим адамынан сөзү туура болгонго ташкарыдан бирөөөнүн мал-оокат берүүсү да жаиз. Бирок, тартышууга катышкандардын бири-бирлерине мал-оокат берүүлөрү кумар болот. Хадиси шарифте: «Ар түрдөгү лахв харам. Бир гана жубайы менен ойноо, ат жана курал менен машыгуу, жарыш кылуу жаиз», - деп буюрулду.» (Лахв – маанилүү нерселерден алаксыткан пайдасыз иш, оюн-күлкү)

Суроо: Кумарсыз түрдө шахмат ойноонун динибиз жагынан зыяны барбы?

ЖООП

Фатава-йы Хиндиййада: «Шахмат кумар менен болсо харам, кумарсыз болсо макрух», - делген.

Кумар жарыш эмес

Суроо: Кумар жарыш эмеспи, эмне үчүн динибизде тыюу салынган?

ЖООП

Кумар жарыштарда болгондой эле нарда, карта менен кылынган ар оюнда, футбол оюндарында да болот. Булардын бардыгында жана илим адамдары арасындагы кумарда сөздөрү, божомолдору жаңылыш чыккандар божомолдору туура чыккандарга мал-оокат, акча берүүдө. Кумарга катышкандардын ар биринде алуу ыктымалы да, берүү ыктымалы да бар.

Кумар ойнотуу жарышуу эмес, болжолдо жаңылып-жаңылбоо болуп саналат. Ошондуктан, ойногондор арасында болгондой эле ойнобостон, жарышпастан, жарышкандардан ута тургандарды алдын ала болжогондор арасында да кумар болот. Атүгүл, бир кишинин гана кылган иштин ийгиликтүү болуп-болбой тургандыгы болжолдогон кишилер арасында да болот.

Кумарда соңу болжолдолгон иштин оюн болуусу, табыштуу, ийиликтүү болуусу же зыяндуу болуусу арасында айырма жок. Акробаттын жыгылып-жыгылбоосун, кеменин чөгүп-чөкпөөсүн болжолдогондордун бири-бирине акча берүү үчүн келишим кылуулары дагы кумар болот. Ошондуктан, оюн жарыш кылынбастан, кумарчылардын аттары же акча менен алган билеттеринин номурлары арасында лотерея тартып, тартылган номур ээлерине билеттерден топтолгон акчалардын бардыгын же бир бөлүгүн таратуу кумар болот. Себеби, лотереяга катышкандардын бардыгы өз номуру чыга тургандыгын үмүттөнүшүүдө. Бул болжоолору туура чыккандар жаңылыш чыккандардын алдын ала берген акчалардан алышууда. Алган акчалары менен алдын ала билетке берген акчанын айырмасын болжоолору жаңылыш чыккандардан алган болушууда. Болжоолору жаңылыш чыга турчулардан акча топтоо кыйын боло тургандыгы үчүн жана булар мурдатан белгилүү болбогондуктары үчүн лотереяга катышкандардын бардыгынан алдын ала билет акысы деген сөз менен акча топтолууда, болжолу туура чыккандардын бергендери кийин өздөрүнө кайтарылып берилүүдө. Алдын ала жыйналган акчалардын бардыгын лотерея ээси алууда, мындан чоң пайын өзүнө ажыратып, мындан калганын болжоолору туура чыккандарга берүүдө. Лотерея ээси кумарга катышпаса да харамга себеп болгондугу үчүн чоң күнөө кылууда жана лотереяга катышкандарды сорууда.

Согушка жана илимге жараган мубах жарыштардын, кайрымдуулук, жардам иштеринин жана калган макрух оюндардын көбү кумар же башка харамдардын аралашуу себеби менен харам болууда.

Суроо: Динине жана дүнүйөсүнө пайдалуу болбогон, керексиз нерселер менен убакыт өткөрүү да күнөө болобу?

ЖООП

Бул тууралуу Хадикада мындай делген:

«Напсиге жаккан пайдасыз нерселер лахив жана ла'б деп аталып, бош жерге убакыт өткөрүү болуп саналат. Бир гана жубайы менен ойноо жана согуш оюндары халал болуп, башкалары харам.»

Согушка даярдануу үчүн ат жарыштары, атыш, күрөш, ок таалимдери, керектүү техникалык машыгууларды кылуу жаиз, атүгүл, керек жана өтө сооп.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш