Ислам дини » Адеп-ахлак » "Зимам" дептери




"Зимам" дептери


Зимам – зиммат сөзүнүн көптүк түрү. Зиммат сөзүнүн бул жердеги мааниси карыз дегенди билдирет. Зимам дептери карыздар жазылчу дептер деген сөз. Азык-түлүк дүкөндөрүндө карызга алган адамдардын тизмеси жана карыздарынын өлчөмү жазылчу дептер. Осман мамлекетинде байлар кедейлердин карыздарынан кутулууга көмөкчү болуп сооп жыйноого аракет кылышчу. Ошондой эле өз аттарынын белгисиз калуусуна катуу маани беришчү, б.а., бул кайрымдуулукту жашыруун жасашчу. Жагдайы начар болгон кедейлерди, карызын төлөй албай кыйналып жүргөн адамдарды тактап, карыздарын төлөп кетишчү. Эгер кыйналып жүргөн адамды таба алышпаса каалаган бир канча беттеги карыздарды эсептетип, төлөп, ошол беттерди жырттырып же өчүртүп кетишчү. Мындай кайрымдуулук көбүнесе Рамазан айынын алдында жасалчу. Рамазан айынын алдында дүкөнгө карыздар болгондуктан аны төлөөгө чамасы жетпей, дагы карызга азык-түлүк алуудан тартынып, орозого жакшы камдана албагандар болчу. Ошондой кыйын абалга тап болгондорго көмөк көрсөтүүнүн канчалык чоң жакшылык экенин ал жагдайды башынан өткөргөндөр жакшы түшүнсө керек.

Ошондой эле бул кайрымдуулуктун жашыруун болуусуна ушунчалык маани беришчү; байлар кээде башка айылдарга, өзү таанылбаган аймактардагы дүкөндөргө барышып, зимам дептерин сурашып, карыздарды төлөп кетишчү. Бай кимдин карызын төлөгөнүн билчү эмес. Тактап айтканда, эртең кездешкенде ага кылган жакшылыгы эсине түшүп, мактанып текебердик кыла алчу эмес. Кедей да карызын ким төлөгөнүн билчү эмес, б.а., эртеси аны көргөндө уялып, кысылып жүрчү эмес. Дүкөнчүлөр да ушунчалык адал ниеттүү эле; төлөнгөн карызы тууралуу кедейлерге дароо кабар беришчү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш