Момундун 3 белгиси болот: Намаз окуу, орозо кармоо жана садага
берүү.
		
Риякордун (бир нерсени эл көрсүн
үчүн кылган кишинин) 3 белгиси бар: Адамдардын жанында намазынын руку жана саждаларын
толук орундайт, эч ким көрбөгөн жерде эч бир рукуну толук орундабайт. Мактаган
кезде берилип ибадат кылат. Адамдардын арасында Аллаху тааланы көп зикир кылат.
		
Заалымдын 3 белгиси бар: Өзүнөн төмөн тургандарга кысым көрсөтөт.
Күчү жеткенче элдин мал-мүлкүн кыйнап тартып алат. Жеп-ичүүдөн жана кийинүүдөн
эч нерсени аябайт. 
		
Сараңдардын 3 белгиси болот: Жанында болгон адамдын бетине кошоматтанат.
Алыстаганда артынан гыйбат айтат. Башкалардын башына кыйынчылык түшсө кубанат. 
		
Мунафыкта (эки жүздүүлөрдө) 3
белги бар: Жалган
сүйлөйт. Сөзүндө турбайт. Аманатка кыянат кылат.
		
Жалкоолордун 3 белгиси болот: Аллаху тааланын буйруктарын орундоого
эригет. Кемчилик менен амал кылып, амалы текке кетет. Намазын кечиктирет.
Атүгүл, убагынан өткөрүп жиберет. 
		
Тообо кылгандарда 3 белги бар: Арамдардан, күнөөдөн сактанат. Илим
үйрөнүүгө шыктуу болот. Күнөөгө кайра жолобойт. 
		
Акылдууларда 3 белги болот: Дүнүйө мал-мүлкүнө берилбейт.
Кыйынчылыктарга чыдайт. Жокчулукта сабыр кылат. 
		
Акмактардын 3 белгиси бар: Аллаху тааланын парздарына жалкоолук
кылат. Маанисиз, жүйөөсүз сөздөрдү көп сүйлөйт. Макулуктарды кордойт. 
		
Багы барлардын 3 белгиси бар: Адалдан жейт. Илим үйрөнүү жыйындарына
катышат. Беш маал намазды жамаат менен окуйт.
		
Жаман амалдуулардын 3 белгиси бар: Аллахтын буйруктарын орундоодо жалкоолук
кылат. Айланасындагылардын баарына зыяны тийет. Өзүнө жакшылык кылгандарга
жамандык менен жооп берет.
		
Күнөөкөрлөрдүн 3 белгиси бар: Көп жаңылат жана ката кетирет. Убактысын
оюн-зоок, бий жана музыка менен өткөрөт. Унутчаак болот. 
		
Опасыздын 3 белгиси бар: Тууган-уруктарын тажатат. Кошунасына
кордук көргөзөт. Күнөө кылууну жакшы көрөт. 
		
Аллаху таала жүзүн бургандардын 3 белгиси
болот: Калпты көп сүйлөйт.
Жалган сөз менен көп ант берет. Элге кыйынчылык тарттырат. 
		
Достун 3 белгиси  бар: Мал-мүлкүн сага курман кылат. Напсин сага курман
кылат. Сенин сырыңды сактап жүрөт. 
		
Ыймансыздын да 3 белгиси бар: Дининде күмөндөнөт. Аллаху тааланын
досторун өзүнө душман деп билет. Раббине моюн сунбайт жана ибадат кылбайт.