147. мектуб


Суроо: Мухаммед Масум хазреттеринин 147. Мектубунун окулуусу баса маани берилүү менен сунуш кылынгандыгына караганда өзгөчөлүгү эмнеде?

ЖООП

Мектубдун толугу төмөндө берилди:

Аллаху таала сизди жана бизди хабиб, сүйүктүүсү жана Пайгамбарлардын эң үстөмү Мухаммед алейхиссаламга баш ийүү менен сыймыктандырсын! Эй мээридүү боордошум! Дүнүйө өмүрү өтө кыска. Түбөлүк болгон акырет жашоосунда дүнүйөдө кылгандарыбыздын жообун көрөбүз. Бул дүнүйөдө эң бактылуу адам – кыска өмүрүндө Акыретке жарай турчу иштерди жасаган, узун болгон акырет жолчулугуна даярданган адам. Аллаху таала сизге адамдардын муктаждыктарын камсыздай турчу, аларды адилеттикке жана ырахаттыкка жеткире турчу бир макам, бир милдет ихсан кылды. Бул чоң нематка көп шүгүр кылыңыз! Буга шүгүр кылуу Аллаху тааланын кулдарынын муктаждыктарын камсыздоо менен болот. Кулдарга кызмат кылууңуз дүнүйө жана Акырет даражаларына жетүүңүзгө себеп болмокчу. Ошондуктан, Аллаху тааланын кулдарына жакшылык кылууга, күлөр жүз, таттуу тил жана жакшы мүнөз менен аларга жеңилдик көрсөтүүгө аракет кылыңыз! Бул аракетиңиз Аллаху тааланын ыраазылыгын табууңузга жана акыретте бийик даражаларга жетүүңүзгө себепчи болмокчу. Хадиси шарифте: «Адамдар Аллаху тааланын ийалы, кулдары. Кулдарына жакшылык кылгандарды өтө жактырат», - деп буюрулду. Мусулмандардын муктаждыктарын камсыздоонун жана аларды кубантуунун, жакшы мүнөздүү, жумшак жана сабырдуу болуунун пазилетин жана соопторун билдирген хадиси шарифтер көп. Булардан бир канчасын жазуудамын:

«Мусулман – мусулмандын боордошу, ага зулумдук кылбайт, аны кыйынчылыкта калтырбайт. Боордошуна жардам бергенге Аллаху таала жардам берет. Боордошунун кыйынчылыгын кетиргендин Аллаху таала кыяматта кыйынчылыгын кетирет. Бир мусулманды кубантканды Аллаху таала кыяматта кубантат.»

«Дин боордошуна жардам бергендин жардамчысы – Аллаху таала.»

«Аллаху таала кээ бир кулдарын адамдардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн жараткан. Дарты барлар буларга башын корголошот. Булар кыямат күнүнүн азабынан аман болушат.»

«Аллаху таала кээ бир кулдарына көп нематтарды берген, буларды дарттуу кулдарына дарман болуу үчүн себеп кылган. Бул нематтарды муктаж болгондорго беришпесе колдорунан алып, башкаларга берет.»

«Дин боордошунун муктаждыгын камсыздаган адамга он жыл итикаф сообу берилет. Аллах ыраазылыгы үчүн бир күн итикаф кылган адам менен Жаханнам оту арасында үч хандак узактык бар. Эки хандак арасы чыгыш менен батыш арасындай узак.»

«Бир дин боордошунун муктаждыгын камсыздаган адамга Аллаху таала жетимиш миң периште жиберет. Таңдан кечке чейин ал адам үчүн дуба кылышат. Кечте болсо таңга чейин дуба кылышат. Ар кадамы үчүн бир күнөөсү кечирилет жана бир даража жогорулатылат.»

«Бир момун боордошунун муктаждыгын камсыздоо үчүн барган адамга ар кадамы үчүн жетимиш сооп берилет жана жетимиш күнөөсү кечирилет. Аны кыйынчылыктан куткарганда энеден туулгандай күнөөлөрүнөн куткарылат. Бул жардамды кылып жатып өлсө эсепсиз Жаннатка кирет.»

«Бир дин боордошунун кыйынчылыгын кетирүү үчүн аны менен дөөлөт эшигине барса, сырат көпүрөсүн буту тайбастан өткөндөрдөн болот.»

«Амалдардын, ибадаттардын эң баалуусу бир момунду кубантуу же кийим берүү же ач болсо тойгузуу же кандайдыр бир муктаждыгын камсыздоо.»

«Парздардан кийин амалдардын эң баалуусу – бир момунду кубантуу.»

«Бир адам момун боордошун кубантканда Аллаху таала бир периште жаратат. Ал адам өлгөнгө чейин бул периште дайыма ибадат кылат. Өлүп кабырга коюлганда жанына келип, мени тааныйсыңбы дейт. Жок, сен кимсиң дегенде: «Бир мусулманга берген кубанычыңмын. Бүгүн сени кубантуу жана собол периштелерине жооп берип жатканда жардамчы болуу жана жоопторуңа шахадат кылуу үчүн азыр сага жиберилдим. Кабырда жана кыяматта сага шапаат кылам. Сага Жаннаттагы макамыңды көрсөтөм», - дейт.»

«Момундардын ыйманы камил болгону – мүнөзү жакшы жана аялына карата жумшак болгону.»

«Бир кул жакшы ахлагы себеби менен акыретте бийик даражаларга жетет жана ибадаттарына эсе-эсе көп сооп берилет. Жаман мүнөз адамды Жаханнамдын терең катмарларына жетелейт.»

«Ибадаттардын эң оңою жана эң жеңили – аз сүйлөө жана жакшы мүнөздүү болуу.»

«Акылуу болуп турса да сөз талашпаган адамга Жаннаттын четинде бир сарай берилет. Тамашалап болсо да жалган сүйлөбөгөнгө Жаннаттын ортосунда бир сарай берилет. Жакшы мүнөздүү болгонго Жаннаттын эң бийик жеринде бир сарай берилет.»

«Жакшы мүнөз  жылуу суунун музду ээриткениндей күнөөлөрдү ээритет. Жаман мүнөз сиркенин балды бузганындай ибадаттарды бузат.»

«Аллаху таала рафик. Ар ишинде жумшак мүнөздүү болгонду сүйөт.»

«Аллаху таала жумшак мүнөздү сүйөт, мындай адамга дайыма жардам берет. Тескери, катуу болгон адамга жардам бербейт.»

«Жаханнамга кирбей турчу, Жаханнам оту күйгүзбөй турчу адам – жумшак мүнөздүү болгон жана баарына жеңилдик көрсөткөн адам.»

«Аллаху таала шашылбаган адамды сүйөт. Шашылуу шайтандан. Аллаху таала хилмди, тагыраагы, жумшак мүнөздү сүйөт.»

«Жумшак мүнөздүү болгон адам күндүздөрү орозо кармаган, түндөрү намаз окуган адамдын даражасына жетет.»

«Ачууланганда жумшак мамиле кылганды Аллаху таала абдан сүйөт.»

«Катуулук кылганга карата жумшак мамиле кылганды жана зулумдук кылганды кечиргенди жана өзүн куру калтырганга ихсан кылганды жана өзүн издеп сурабаганды зыярат кылганды Аллаху таала бийик даражаларга жеткирет жана Жаннатта сарайларды ихсан кылат.»

«Баатыр – күрөштө, жарышта жеңген адам эмес, напсине ээ болгон адам.»

«Күлөр жүз менен салам берген адамга садака сообу берилет.»

«Дин боордошун күлөр жүз менен каршылоо жана амри маруф жана нахй-и анил-мункар кылуу жана дин маалыматтары унутулган, адашуучулук, динсиздик жайылган заманда бирөөнү булардан куткаруу жана жолдордон, аянттардан таш, тикен, сөөк жана акыр-чикирлерди алып таштоо жана суусуз калгандын суу идишин толтуруу мунун баары садака.»

«Жаннатта сыртынан ичи жана ичинен сырты көрүнгөн сарайлар бар. Булар таттуу сөздүү болгондорго, ачкаларды тойгузгандарга жана ар ким уктап жатканда намаз окугандарга берилет.»

Бир адам Расулуллахтын алдына келип Аллаху таала өтө сүйгөн амал эмне деп сураганда: «Жакшы мүнөздүү болуу», - деп буюрду. Оң тарабына келип кайра сураганда: «Жакшы мүнөздүү болуу», - деп буюрду. Сол тарабына барып сураганда: «Жакшы мүнөздүү болуу», - деп буюрду. Кийин айланып келип аркасына өтүп сураганда, Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) мубарек жүзүн бул адамга буруп: «Эмне үчүн түшүнбөйсүң? Жакшы мүнөз – колдон келишинче ачууланбоо», - деп буюрду.

Көп адамдын Жаннатка кирүүсүнө себепчи болгон нерсе эмне делгенде: «Такыбаа, тагыраагы, харамдардан сактануу жана жакшы мүнөздүү болуу», - деп буюрулду. Көп адамдын Жаханнамга кирүүсүнө себеп болгон нерсе эмне делгенде дагы: «Тили жана фаржы», - деп буюрулду. Фарж – жыныс мүчөсү.

Хадиси шарифте мындай деп буюрулду:

«Бүткүл диндер ичинде бул динди тандадым. Бул дин жоомарттык менен жана жакшы мүнөз менен толук болот. Бул динди ар күн бул экөө менен толуктагыла!»

Бул хадиси шарифтер Таргиб жана Тархиб аттуу хадис китебинен алынган. Аллаху таала баарыбызга бул хадиси шарифтерге уюуну насип кылсын! Абалы, кыймыл аракети буларга уйган адам Аллаху таалага көп шүгүр кылсын. Абалы уйбаган болсо бул хадиси шарифтерге уюу үчүн Аллаху таалага жалбарсын! Абалы ылайык болбогон адамдын кемчилигин түшүнүүсү дагы чоң немат. Кемчиликтүү болгондугун түшүнбөгөн, бул үчүн кайгырбагандын дининин, ыйманынын алсыз экендиги түшүнүлөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш