Ислам дини » Адеп-ахлак » Акылдын өлчөмү




Акылдын өлчөмү


Акылдуу деп өзүнүн пайдасын, зыянын билген  адамды айтат. Дүнүйөлүк кызыкчылыктарын ойлогондой  акыреттик кызыкчылыктарын да ойлогон адам – акылдуу  адам. Эң көп дегенде 100 жылдык дүнүйөлүк жашоону  ойлоп, чексиз болгон акырет жашоосун ойлобогон  адамды акылдуу эмес, акмак деп айтат. Акылдуу болуу  өтө баалуу. Хадиси шарифте мындай деп билдирилет: 

"Акылдуу адам – Аллахка жана Пайгамбарга  ишенген жана ибадаттарын орундаган адам.” (Ибн  Мухбар) 

"Акылдуу адам – ар бир демин эсепке алуучу  жана өлүмдөн кийинки жашоосу үчүн амал кылуучу  адам.” (Тирмизи) 

"Акылдуу адам напсин ээрчибейт, ибадаттарын  орундайт, ал эми акмак адам напсин ээрчип, күнөө  кылат, анан Аллах кечирет деп үмүттөнөт.” (Тирмизи) 

"Акылыңды көбөйт – Раббиңе болгон  жакындыгың көбөйсүн! Арамдардан сактан,  парздарды орунда – акылдуу болосуң.” (Ибн Мухбар) 

Демек, парздарды орундап, арамдардан сактанган  адамдын акылы көбөйөт. Арам иш кылган адамдын  акылы кемийт. Бир хадиси шариф буюрулду: 

"Күнөө кылган адамдын бир акылы кетет, артка  кайтпайт.” (И. Газали) 

Андай болсо, акылдуу болуу үчүн ыйман келтирип,  ибадаттарды орундоо жана арамдардан сактануу керек.  Ибадаттарды көбөйткөн сайын ыйман нуру жаркырайт.  Күнөө кылган сайын ыйман нуру өчө баштайт. Күнөө  кылуу көбөйгөн сайын бул нур толугу менен өчүп  калышы мүмкүн. Бир хадиси шарифте буюрулду:  

"Күнөө кылуу – адамды ыймансыздыкка  сүйрөйт.” (Мактубати Масумия, 2/110) 

Күнөө кылган адам ыймансыз болуп калбайт, бирок,  убакыт өтүп күнөөлөр жүрөктү карайтат, адам  күнөөлөргө маани бербей калат. Бул жагдай аны  ыймансыз кылышы мүмкүн. Ошондуктан, чоң-кичине  бардык күнөөлөрдөн сактануу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш