Ислам дини » Адеп-ахлак » Бала тарбиясында




Бала тарбиясында


Бүгүн тилекке каршы балдар бир багытта гана  тарбияланып жатышат. Башкача айтканда, дүнүйөлүк  илимдер, дүнүйөлүк кызыкчылыктар гана эсепке  алынууда. Кийин бала чоңойуп эне-атага каршы  күтүлбөгөн кылыктарды көрсөткөндө: "Кап, биз эмне кылып  койдук!" - деп өкүнүп, бармагын тиштеп калышууда. Бүгүн  бардык нерсе напсине, шахватка багытталгандыктан  ишенимсиздик жана тарбиясыздык ылдам жайылууда.  Аллаху таала адамды бошко жиберген эмес. Эмне кылуу  керектигин, эмне кылбоо керектигин билдирген.  Буйруктарына моюн сунуп, татыктуу жашагандарга түбөлүк  Бейиш нематтарын бере турганын сүйүнчүлөгөн. Өмүр  дүнүйөдөгү жашоо менен гана чектелбейт. Динибиз боюнча  чыныгы өмүр - акырет жашоос у. Ошондуктан,  мусулмандын дүнүйөдөгү ар бир иш-аракети акыретке  негизделген болууга тийиш. Динин билбеген адам, динге  шайкеш аракет кыла албайт. Ошондуктан, балдарыбызды  дүнүйө жашоосуна даярдап жатканыбыздай акырет  жашоосуна да даярдашыбыз керек. Эгер муну көңүлдөн  тыш калтыра турган болсок балдар дүнүйөлүк нерселерге гана негизделип чоңоюшат. Балким, мыкты мектептерди,  университеттерди бүтүрүшү мүмкүн, бирок, бул аларды эч  качан бактылуу кылбайт. Алар орду толтурулбаган бул  руханий боштукту өздөрүндө сезип жүрүшөт. Туура  ишеними, туура амалы болбогондуктан акырет жашоолору  азапка айланат. Буга себепкер болгон эне-атасы да бул  азаптан насиптерин алышат. Анткени, хадиси шарифте: "Баарыңар бир үйүрдүн чабаны сыяктуусуңар. Чабан үйүрүн коргогондугу сыяктуу силер да үйүңөрдөгү  жана кол астыңардагы адамдарды Тозоктон коргоого  тийишсиңер! Аларга мусулмандыкты  үйрөтпөсөңөр алар үчүн жоопкер болосуңар!" - деп  айтылган. Бала тарбиясы өтө маанилүү, жаңылыштыкты  кабыл кылбайт. Көбүнесе артка кайтчу жол болбойт.  Перзенттерге ыйман, Курани карим жана Аллаху тааланын  буйруктары менен тыюуларын үйрөтүп, ошого шайкеш  жүрүүгө үйрөтүлө турган болсо дүнүйөдө да, акыретте да  бактылуу болушат. Бул бакытка эне-атасы менен  устаздары да шерик болушат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш