Паракорлук – мамлекетке, анда жашап турган элге каршы жасалган бир күнөө. Бул бет кызарта турган жаман иш. Мамлекет кызматчысынын же башка бир иштин башында отурган адамдардын өзүнө берилген милдетти жаман жолдо колдонуусу болуп саналат. Паракорлук менен тапкан нерсе - бул ошол адамдын жүзүндөгү кара так. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Пара алган да, пара берген да Тозоктон», - деп билдирди.
Паракорлук - бул социалдык бир оору. Бул мамлекеттин абыроюнун жогорулоосуна, башкарууда ээн баштыктын өнүгүүсүнө, анархиянын баш көтөрүүсүнө себеп болот. Адамдардын мамилелериндеги ишенич, сый-урмат азайып, мамлекеттеги биримдик бошоңдоп, акыры мамлекеттин жыгылуусуна да жол ачат. Пара алган кызматкер мамлекетине кыянат кылууда жана жарандардын намысына, укугуна зулумдук кылууда. Зулумдук болсо - чоң күнөө. Пара жана адилетсиз ар бир түшкөн пайда динибизде тыюу салынган. Сотто пара берилип, адилетсиз өкүмдөрдүн чыгарылуусуна себеп болгонго Пайгамбарыбыз лаанат айткан. Хадиси шарифте: «Өкүм чыгарууда пара бергенге жана алганга Аллаху таала лаанат кылсын», - деди.
Бир бийлик кызматкери акысын издеген бирөөнүн ишин изилдеп, бүтүрүп берүүсү үчүн андан белек, акча алуусуна динибиз тыюу салган. Себеби, бул алдын ала пара болуп эсептелет. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) зекет топтоо үчүн жиберилген бир кызматкери кайтып келип: «Бул казынаныкы, бул болсо мага берилген белек.......» деп айтып турганда Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) ага мындай деди: «Эгер айтканың чын болсо анда бар, эне-атаңдын үйүнө барып отур, ошондо бул белектер сага келээр бекен көрөлү!» - деп, бул кызматкерине белектердин пара максатта гана бериле тургандыгын түшүндүргүсү келди.