Ислам дини » Адеп-ахлак » Жакындарды зыярат кылуу




Жакындарды зыярат кылуу


Пайгамбарыбыз (саллааллаху алейхи ва саллам) мындай деп буюрду: 

«Жакындарды белек менен зыярат кылуу керек. Ким эгер жакындарына мал-мүлк менен жардам бере албаса  анда жөн гана барсын. Эгер ал жакынына бара албай  турган болсо анын пайдалуу ишин бүтүрүп берип же  сакайганда ыраазы кылса да болот. Эгерде жакыны  ошончолук эле алыс болсо ага кат жазып, жардам  кылсын». 

«Жакындарыңарды жок дегенде салам менен зыярат  кылгыла!». 

Ким динин аздектесе, мусулман болсо жана жакындарына  барса ага 70 нафил ажылык сообу берилет. Жакындарга  барып аларды сүйүнтүү чоң сооп болуп саналат. Туура эмес  динде, жаңылыш жолдо жүрүп туугандарыныкына баруу  сооп алып келбейт. Хадиси шарифте айтылат: 

«Мен буттарды (идолдорду) жок кылуу үчүн жана  туугандарга жакшылык кылуу үчүн жиберилдим». Хазрети Анас бин Малик мындай деген: «Кыямат күнү үч  түрдүү адамдар Арштын көлөкөсүндө болушат:   

1- Жакындарын зыярат кылып, аларды унутпагандар. 

2- Балдары менен жалгыз калып, аларга балагатка  жеткенге чейин кызмат кылган жесирлер. 

3- Жалгыз Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн тамак аш даярдап, кедей-кембагалдарга бергендер». 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш