Ислам дини » Адеп-ахлак » Мечит адеби




Мечит адеби


Мечитке жана мусулмандын үйүнө оң бут менен  кирип, сол бут менен чыгуу керек. Мечитте көңүл  бурулуусу керек болгон кээ бир нерселер мына булар:  

1) Жумуш кийими менен же улуулардын алдына  барууга ыңгайсыз болгон кийим менен жана жаман  жыттуу байпак менен намаз окуу макрух болот. Пияз,  сарымсак жеген адам да жыты кете электе мечитке  барбоого тийиш.  

2) Мечитке дааратсыз кирүү макрух.  

3) Алдыңкы сапта орун болуп туруп арткы сапка  туруу макрух болот. Имам алгач саптарды түздөп, кийин  намазды баштайт. Алдыңкы саптарга өтүү үчүн башка  адамдардын тынчын алууга болбойт. Парз намаздарда  гана сап түздөйт, сүннөт намаздарда эмес.  

4) Сапта турганда далылар бири-бирине тийип  туруусу керек. Сахабалар сапта катуу кысылып  турушкандыктан кийимдеринин далылары эскирип кетчү  эле. Ханафи мазхабында саптар далылардын бири-бирине тийүүсү менен байланат, томуктар менен эмес.  Буттардын аралыгы төрт эли болот.  

5) Жума күнү имам минбарга чыккандан кийин жана  жамаат менен намаз окулуп жаткан кезде сүннөт  намазды баштоо макрух болот.  

6) Сүннөт менен парз намаздардын арасында  сүйлөө макрух.  

7) Жугуштуу оорусу бар адам мечитке келбөөгө  тийиш.  

8) Мечитте бир нерсе ичип-жеш, уктоо макрух.  9) Мечитте соода-сатык кылуу макрух.  

10) Мечитте дүнүйөлүк сөздөрдү сүйлөө тахриман  макрух.  

11) Мечитте үндү катуу чыгарып сүйлөө, доклад  окуу, күрөшүү тахриман макрух. Хутбаны доклад  окугандай окуу да харам болот.  

12) Кичине баланы мечитке алып кирүү макрух.  Мечитти кирдете тургандай жашта болсо харам болот.  

13) Жамаатка үлгүрүү үчүн мечитке жүгүрүп келүү  макрух.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш