Ислам дини » Адеп-ахлак » Таарынтуу




Таарынтуу


Мусулман бардык жагынан элге үлгү болгон  адам деген сөз. Ар бир ишинде Аллахтан коркуп аракет  кылат. Аллаху тааланын сүйүүсүнө жеткизүүчү иштерди  жасоо үчүн колунан келгенче аракет кылат. Сабырлуу жана  кечиримдүү болот. Ар түшүнбөөчүлүктө, кыйынчылыкта  кемчиликти өзүнөн көрөт. Ар бир ишинде Аллахтын  ыраазычылыгын ойлойт. Эч ким менен талашып тартышпайт. Көңүлдөрдү Аллахтын үйү деп билгендиги  үчүн адамдардын көңүлүн оорутуудан, башкача айтканда  таарынтуудан катуу коркот. Хадиси шарифте: "Акысыз  жерге (адилетсиз) бир мусулманыды таарынтуу  Каабаны жетимиш жолу кыйратуудан да артык күнөө”  – деп билдирилген. Сөздөрү, иш-аракеттери менен же  кандайдыр бир нерсе менен бирөөнү таарынткан адам  дүнүйөдө бактысыз боло тургандай акыретте да ушул  күнөөсүнөн улам Тозокко түшөт. Дагы бир ыйык хадисте  айтылат: "Кыямат күнү үммөтүмдүн муфлиси  (банкроту) мына бул адам: өтө көп намаз, орозо жана  башка ибадаттары менен келет. Бирок, бирөөнү  сөккөн, бирөөгө жалаа жапкан, бирөөнүн мүлкүн жеген,  бирөөнүн канын төккөн. Кылган бул зулумдуктарынын  төлөмү катары сооптору ал акы ээлерине берилет.  Сооптору түгөнүп калса, акы ээлеринин күнөөлөрү  мунун моюнуна жүктөлөт, Тозокко ыргытылат”. 

Эмне менен болсо дагы бир адамды таарынтуудан өтө  сак болуу керек. Хазрети Имам Раббани мындай деген: "Көңүл (жүрөк) Аллаху тааланын кошунасы. Аллаху  таалага көңүлдүн жакындыгындай эч бир нерсе жакын  эмес. Момун болсун, ыймансыз болсун эч кимдин көңүлүн  калтырбоо керек. Башкача айтканда, эч кимди таарынтпоо  керек. Сак болгула, абайлагыла, таарынтуудан катуу  сактангыла! Аллаху тааланы эң көп таарынткан нерсе –  куфур. Куфурдан кийин көңүлдү таарынтуу сыяктуу чоң  күнөө жок. Анткени, Аллаху таалага жетүүчү нерселердин  эң жакыны көңүл”. 

Бардык адамдар менен жылуу жүз, таттуу тил менен  мамиледе болуу, эч кимди таарынтпоо, мал-мүлкүнө, ар намысына кол салбоо, мыйзамдарга каршы чыкпоо –  мусулмандын милдети.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш