Адамды текебердикке түртүүчү 7 себеп бар:
1. Билим: Бир нерсени билген адам өзүн үстөм, өзгөчө деп эсептейт, ал эми бул нерсени билбеген адамды өзүнөн төмөн, барксыз деп көрөт. Андай адамдардан ар дайым урмат жана кызмат күтөт.
2. Амал жана ибадат: Көп ибадат кылуучу адамдын текебердиктен кутулуусу кыйын. Адамдардын ага урмат көрсөтүүлөрүн, аны жакшылыктары менен эске алууларын күтөт. Мындай ибадат кылуучу адам баарынын куруй турганын, жалгыз өзүнүн гана кутула турганын ойлойт.
3. Тектүү болуу: Кээ бирөө тектүү үй-бүлөдөн чыккандыгы үчүн мактанат. Кабил Адам алейхиссаламдын баласы эле. Бирок, ыймансыз кетти.
4. Сулуулук: Сулуулугу менен мактануу эң көп аялдарда кездешет. Аллаху таала адамдын сырткы сулуулугуна эмес, жүрөгүнө карайт.
5. Бай болуу: Кээ бир байлар мал-мүлкүнүн көптүгүнөн өздөрүн кедейлерден үстөм көрөт. Карун өтө бай эле. Бирок, байлыгы менен бирге аны жер жутту.
6. Күчтүү болуу: Күчтүүлөр да алсыздарга каршы кибирленишет. Ал эми, адамдардан да алда канча күчтүү жаныбарлар бар.
7. Туугандарынын көп болуусу: Кээ бирөөлөр бала-бакырасынын, тууган-уруктарынын, тааныштарынын көптүгү менен өзүн башкалардан үстөм деп көрөт.
Текебердик канчалык жаман болсо, карапайымдык (кичипейилдүүлүк) ошончолук жакшы. Ыйык хадисте мындай деп айтылган:
"Аллах үчүн кечиргендин аброю артат, кичипейилдүүлүк көрсөткөндүн үстөмдүгү артат”. "Аллах кичипейил болгон мусулманды көтөрөт”.
"Аброй кичипейилдүүлүктө”.
"Адам кичипейилдүүлүк көрсөткөндө, Аллаху таала аны жети кабат асманга чейин көтөрөт”.