1 – Ушактан кутулуу үчүн ушактын зыяндарын ойлоо керек! Ушактоо менен сооптордун кете турганын, атүгүл, ушакталган адамдын күнөөлөрү да ушак айткан адамга жүктөлө турганын билүү керек! Бир ыйык хадисте мындай деп билдирилет: «Кыяматта сооп дептери ачылган адам: «Дүнүйөдө болгон кезимде мындай ибадаттарды жасаган элем, бул дептерде жазылбаптыр», - деп айтат. «Алар өчүрүлүп, сен ушак айткан адамдардын дептерине жазылды», - деп жоп берилет». (Исфахани)
2 – Ушак дүнүйөдө да атыңды булгайт. Ушакчы деген ат коюлат. Бир хадиси шарифте айтылат: «Ушак айткан адамды уккан адам дагы бул күнөөгө орток болот». (Табарани)
3 – Бир адам башка бир адамга таарынса аны жамандоого аракет кылат, аны ушактайт. Ал эми бирөөгө таарынганы үчүн өзүн Тозокко ыргытуунун акмактык экенин билген адам ушак айтпайт.
4 – Кээде адамдарды күлдүрүү үчүн дагы ушак айтылып жатат. Адамдарды күлдүрүү үчүн Аллахтын каарына учуроону каалоо акмактык.
5 – Ушакчы адам мактанууну, адамдардын озү тууралуу айтып жүрүүлөрүн каалайт. Ал үчүн ар түрлүү методдорду колдонот. Мисалы, «баланча адам өтө начар турат» деп айтат. Бул сөзү менен «мен жакшы турамын» деп айтмакчы. Өзүнүн жоомарт экенин билгизүү үчүн «баланча өтө сараң адам» деп айтат. Эгер угуучу акылдуу болсо өзүн ушинтип мактап жаткан адамга эч маани бербейт.
6 – Башкаларды ушактап, кемчилик издөөчү адам өзүнүн кемчиликтерин көрө албайт. Өзүнүн кемчиликтери менен алек болгон адам башкалардын кемчилигин көрө албайт. Ар кимден кемчилик издеп, жамандап жүргөн адамдын өзүнүн кемчилигин көрө албаган наадан, акмак адам экендиги белгилүү болот.
7 - Ичи тарлар (көрө албастык кылгандар) дөөлөттү, мансап ээлерин жамандайт. «Башчы болдум деп, эмне адам болуп калыптырбы?» - дейт. Минтип айтуу менен ушакталган адамдын байлыгы кемип калбайт, мансабынан да ажырап калбайт. Ушак айтамын деп бул күнөөсү аркылуу соопторун өзү жаман көргөн адамына берген.