Уурулук


Уурулук – башканын мүлкүн уурдоо, уруксатсыз  алуу, өзгөнүн менчигин акысыз (адилетсиз) түрдө өз  ээлигине өткөрүү дегенди билдирет. Уруксатсыз алынган  жана уурдалган нерселер аз болсо да өкүмдөрү бир жана  арам болуп саналат. Уурулук кылуу – чоң күнөөлөрдүн бири. Эркектерден да, аялдардан да бул күнөөгө чалынгандар өтө  көп. Уурулуктун тузагынан кутула алган адам өтө аз.  Ошондуктан, уурулуктун эмне экенин билип, андан  сактануу керек. Ниса сүрөсүнүн 29-аятында: «Эй ыйман  келтиргендер, бири-бириңердин менчигиңерди  араңарда туура эмес жолдор менен жебегиле. Тактап  айтканда, Ислам харам кылган пайыз, кумар, уурулук  жана күч менен тартып алуу сыяктуу туура эмес жол  менен жебегиле. Жалгыз гана бири-бириңерге ыраазы боло турган түрдө соода жолу менен болсун», - деп  айтылган. 

Калп айтуу, ушак айтуу, гыйбат (ушак) кылуу, жалаа  жабуу, уурулук, куулук, кыянат кылуу, адамдарды  таарынтуу, фитна (бүлүк) чыгаруу, башканын буюмдарын  уруксатсыз колдонуу, жумушчунун, жүк ташуучунун эмгек  акыларын бербөө күнөө болот. Буларды мусулман болбогон  адамга карата да, мусулман болбогон мамлекетте да кылуу  күнөө болот. Ибадаттардын кабыл болуусу үчүн уурулук,  куулук жана кыянат сыяктуу күнөөлөрдөн тыйылуу керек. 

Уурулук чоң күнөө болуу менен катар башка да чоң  күнөөлөргө жол ачышы мүмкүн. Мисалы, адам өлтүрүүгө,  мал-мүлкү уурдалган, чарасыз, кыйын жагдайга түшүп  калган адамдын дининин, дүнүйөсүнүн зыянга учуроосуна  жана башкаларга себеп болууда. Уурдалган ал мал-мүлктүн  кайырлуу иштерге жумшала турган болуусу, башкача  айтканда, уурдап ага кедерги болуу күнөөнү ого бетер  артырат. Мисалы, кайрымдуулук фонддорунун акчаларын  тоноо бул күнөөнү эки эсе артырат.  

Муктаж, чарасыз калган адам да уурулук, тоноочулук  кылууга аракет кылбоого тийиш. Жумуш таап, эмгектенип,  адал жол менен акча табууга тийиш. Муктаждыгын камсыз  кыла тургандай өлчөмдө карыз алуу керек. Кайтарып берүү  ниети менен карыз сураган адамга карызын кайтарууга  Аллаху таала көмөктөшөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш